Нарынан арыз

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий Эркин-Тоо гезитине

Арыз
Биз Нарын облусундагы жаратылыш коргоо жана токой чарбасы мекемелеринини атынан Сиздерге арыз жөнөтүүбүздүн башкы максаты, жаратылыш коргоо мекемелеринин айлык акысына, жашоо шартына, социалдык абалына эч кандай Өкмөттөн, жогорку жактардан көңүл бурулбай келгендиги жөнүндө болмокчу.

Нарын облусу боюнча 9 жаратылыш коргоо мекемеси бар. Айлык акы абдан төмөн. Мисалга алсак, егердин айлыгы 1 532 сом, ветврачтыкы          856 сом, питомниктин жумушчусунуку 1 366 сом, илимий кызматкердики 1 704 сом ж. б. ушул сыяктуу болуп кетет. Акыркы жолу эстесек, 2007-жылы 20 % ке көтөрүлгөн, ошол бойдон бизди ойлогон эч ким жок сыяктуу.   Башка тармактардыкы бир эмес, бир нече жолу көтөрүлдү же сөссүз эле пикет уюштуруп иш таштоо кылуу керекпи. Бизде андай ойлор жок.       Өткөн күздө жаратылыш коргоо башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлдү Мамлекеттик кызматка киргендиги боюнча. Агенттикке караган мергенчилик департаменти жана токой чарбасы департаментинин кызматкерлеринин айлык акылары жаратылыш коргоо башкармалыгы менен чогуу айлыктары көтөрүлгөн, ошол учурда алардын алдында түзүмгө кирген коруктар, жаратылыш парктары жана токой чарбаларынын кызматкерлеринин айлык акысы эмне себептен көтөрүлгөн эмес. Мисалга алсак коруктардын аталышы төмөндөгүдөй: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Нарын мамлекеттик коругу же Каратал-Жапырык мамлекетик коругу ж. б. деп аталат. Анан эмне үчүн биз мамлекеттик кызматка кирбешибиз керек. Жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузгандарды, корукка уруксатсыз киргендиги жана башкаларга егерь-токойчулар да протокол түзүп,штраф салуу укугуна ээ мамлекеттик инспектор болуп эсептелинет. Анда эмне үчүн биз мамлекеттик кызматкерге кирбей калды.

Нарындын шарты бардыгыңыздар билесиздер 5-6 ай кыш болот, жашоо кыйындап, күндөн-күнгө кымбатчылык болуп баратат. Мисалы: Биздин айлыкты эптеп 20 % көтөргөн кезде, б. а. 2007-ж. ундун баасы 750 сомдун тегерегинде болчу, башкаларын айтпай эле коёлу. Ар бир жумушчу-кызматкердин 3 төн – 10 го чейин бала-чакасы, карыган эне-аталары бар. Аларды ким ойлойт, 2 жылдан бери улам-улам жылдырып убада берип келатат Өкмөт, бирок жыйынтык жок. Нарындын эли чыдамдуу эл экен.    Көп чыр-чатакка жакын эмес, бирок чыдоого мүмкүн болбой калды. Буга чейин Жогорку Кеңешке эки жолу кат жөнөткөнбүз, 2-жолкуда 2014-ж. июнь айынан баштап көтөрүлөт деген жоопту бериптир Өкмөт, бирок ишенүү кыйын дале. Айлыкты 3 эсеге көтөрсө да араң 4 500 сомго жетет экен. Тоолуу шартты кошуп эсептесе эптеп 7-8 миңге араң жетет. Андан көрө буга чейин жок дегенде 1-2 жолу көтөрүп койгондо башкача болот эле да. Кээ бир түшүнбөгөн жогорку жактар, алардын кошумча тапканы бар да ошол үчүн ал системадан кетпей жүрүшөт деген пикирде болуп жаткандыгы эле, биздин ишти түшүнбөгөндүк болуп жатпайбы. Мисалга алсак коруктун аты эле айтып тургандай, корук багат, өстүрөт, сактайт. Ал жерден талкалап жоготуу мүмкүн эмес, бардыгы эсептелүү, жапайы жаныбарларга болжолдуу эсептөө жүргүзүлүп турат. Союз учурунда абдан көңүл бөлүнүп жапайы жаныбарларларга вертолёт менен санак жүргүзүшүп, туз чачкан учурлар болгон. Азыр алар эмес биздин курсакты тойгузаар эмгек акы төлөнгөн жок. Жогорку Нарындын жээгине өзүңүздөргө белгилүү болгондой ГЭС тердин курулушу башталды. Ошол жерде жашаган кызматкерлер Нарын мамлекеттик коругунун жана Нарын Салкын-Төр жаратылыш паркынын жамаатынын 70 пайыздан ашыгын түзөт. Бардыгы иштен бошоп ГЭС ке кетүү коркунучунда турат. Алар кетсе, бул айлыкка башкалар келип иштебейт. Каратал-Жапырык коругуна тиешелүүСоң-Көл, Чатыр-Көл участкаларына барып келип туруунун өзү эле эмнени айтып турат. 3 000 – 3 500 миңге чейинки бийиктиктеги жерде иштеген жумушчу-кызмакерлердин ден-соолугун ким ойлойт.

Кыскасын айтканда, биздин көйгөйлөрүбүздү айта берсе түгөнгүс. Бюджет тартыш, түшүнүп турабыз. Бирок бардыгын Өкмөт чечкиси келсе, эчак чечмек. Биз жөн гана буга чейин унчукпай иштеп келдик, «бала ыйлабаса эмчек кайда» деген чын экен. Биринчи жаратылышты сактоо керек, коргоо керек, жаратылышыбыз таза болсо, элдин ден-соолугу таза болот. Элдин ден-соолугун караган врачтардыкын көтөрүп, жаратылыштын        ден-соолугун карагандар унутта калганы абдан өкүнүчтүү.

Эми сиздерге кайрылуубуздун себеби, биздин айлыгыбыз эмне себептен көтөрүлбөй жүрөт жана качан жогорулайт, ушул маселе боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын гезит бетине жарыялап берүүңүздөрдү көптөн көп өтүнөбүз жана чоң ишеним артабыз.

 

 

Терең урматтоо менен:

Баштапкы кесип бирликтеринин (профком) атынан

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу
Нарын токой чарбасы
Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу
Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы
Нарын облустук мергенчилик инспекциясынын өкүлчүлүгү
Ат-Башы токой чарбасы
Жумгал токой чарбасы.
Кочкор токой чарбасы
Ак-Талаа токой чарбасы

Вам может также понравиться...