23-октябрь эл аралык «Илбирс күнүнө» карата Таш-Башат айылында «Илбирстин мекени» экологиялык фестивалы өткөрүлдү

«Жашыл Климат» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун базасында Таш-Башат айылында 23-октябрда «Илбирстин мекени» атту салттуу он биринчи экологиялык фестиваль болуп өттү. «Илбирстин мекени» экофестивалын жыл сайын өткөрүү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына чектеш айылдардын тургундарынын салты болуп калды. Экофестивалдардын максаты — региондун жана бүтүндөй өлкөнүн калкынын көңүлүн тоонун падышасы — илбирсти сактоого буруу жана кырыгыз элинин салттарын сактоо аркылуу жаратылыш ресурстарына болгон аяр мамилени калыптандыруу. Алгачкы «Илбирстин мекени» экофестивалы Акшыйрак айылында 2009-жылы  башталып, кийинки жылдары Эңилчек, Караколка, Барскоон, Таш-Башат айылыдарын камтып бугунку күнгө чейин уланып келет.

23-октябрь «Эл аралык илбирс күнүнө» карата экофестиваль он биринчи жолу Сарычат-Эрташ жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коруктары  менен Хан-Тенгри жаратылыш паркына чектеш айылдардын тургундарынын катышуусунда өткөрүлдү. Салт болуп калгандай фестивалдын конокторун концерт, театрлаштырылган номерлер, уламыш-жомоктор, көчмөн элдердин экологиялык, этикалык, маданий баалуулуктарына негизделген сценарийлери кубандырды. Экологиялык табышмактар, ыр-бийлер сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларга, толор менен мөнгүлөгө, дарыяларга, токойлого жана климаттын өзгөрүүсүндөгү көйгөйлөргө арналды.  Экологиялык театрда жаратылыштын жандуу казналары болгон илбирс, теке, аркар, аюу, марал, буркут жана башка жаныбарларды коргоо маселелерин козгоп, грим, кийимдери менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушуп, жаратылыш менен адамдын бир Жер шаарында жашаганын жандуу чагылдырып беришти. Бул демилгенин башкы максаты — жергиликтүү тургундарды биздин эң сонун тоолуу Мекенибиздин жаратылышы менен флора, фаунасын сактап калууга тартуу!

«Жашыл климат» долбоору Европа  Биримдиги (EU) жана и Жапайы жаратылыш дуйнөлук фонду (WWF) тарабынын каржыланып,  Норвегиянын айлана чөйрөну коргоо коому (NNV), «БИОМ» жана  «ГЛИП» уюмдарынын аткаруусунда ишке ашып жатат.

Кошумча маалымат алуу үчүн, долбоордун координатору Фарида Балбаковага кайрылыңыздар f_balbakova@mail.ru  Т: 0772 527277

Вам может также понравиться...