Академик А.М.Мамытов атындагы Кыргыз топурак таануучуларынын коому түзүлдү

knau2014-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономиялык факультетинде Кыргыз топурак таануучуларынын коомун түзүү боюнча жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка катышкан илимпоздор коомдун түзүлүшү учурдун талабы экенин баса белгилешти. Ал коомго СССРдин айыл чарба илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч топурак таануучусу Аман Мамытович Мамытовдун наамы берилди.

Мындай демилге академик Мамытовдун окуучулары, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Н.А.Карабаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор М.Ж.Чоров ж. б. тарабынан сунушталып, калган окумуштуулар тарабынан колдоого алынды.

Эскерте кетсек, Советтер Союзунун топурак таануучулар коомунун Кыргызстандагы филиалын учурунда академик А.М.Мамытов жетектеп келген.

Коомдун кайрадан калыбына келип түзүлүшү, кыргыздын илимпозунун атын кылымдарга өчпөс кылып калтыраары тууралуу академиктин жолун жолдогон кыздарынын улуусу айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Мамытова Бакыта Амановна өзгөчө белгилеп, мамлекетибиздин байлыгы болгон топурактарды сактоодо коомдун ролу маанилүү экендигине токтолду, коомго кең келечек, иштерине албан ийгиликтерди каалап жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Коомдун президенти болуп Нарын мамлекеттик университетинин доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты Байбагышов Эрмек Муратканович бир добуштан шайланды.

Коомдун негизги максаттары, Кыргызстандын топурак таануучуларын бириктирүү, өлкөбүздүн топурактарынын абалын жакшыртуу жана аны сактоо боюнча илимий иштерди жүргүзүүнү жайылтуу, жаш илимпоздордорго колдоо көрсөтүү жана академик А.М.Мамытов иштеп чыккан усулдарды жайылтуу жана өнүктүрүү болуп эсептелет,- дейт коомдун алгачкы президенти.

Эрмек Байбагышев

nsu0896@yahoo.de

Вам может также понравиться...