АНДРЕЙДИН КYНӨСТYY YЙY жана КЕРЕМЕТ ЧАРБАСЫ

Бишкек шаарынын тургуну Андрей Кияшко адаттын тыш чечим кабыл алды. Эл негизинен борбор шаар Бишкекке агылса, Андрей, тескерисинче, айылга, тагыраагы, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылына көчүп кетти. Бишкектеги ийгиликтүү бизнесин толук жаап таштады.
Эгер Андрей Григорьевкада элден башкача үй салбаганда, анан да элден башкача чарба жүргүзбөгөндө, балким анын Бишкектен Көлгө көчүп кеткени унутулуп деле калмак. Анда кеп оболу Андрейдин күнөстүү үйү тууралуу болмокчу.
Сөз башында Андрей азыркы жашап жаткан чарбасын толук 2 жыл таштандылардан тазалагандыгын айта кетели.
Андрей Григорьевкадан колхоз убагында силикаттан салынган барак тибиндеги үйдү сатып алды. Башка адам болгондо, эски үйдүн кемчиликтерине кейип-кепчип жашай бермек. Бирок, Андрей кадимки барак үйдү азыр көпчүлүктү таң калтырган, кышта от жагылбаган жылуу үйгө айландырды.
Мында ал элде жок курулуш материал деле колдонгон жок: кадимки эле жыгач тактайларды, көбүнесе өрттөлүп кетчү саманды, ар жерде калып кетчү жүндү, топуракты иштеткен. Сатылып алынган рубероид, пенопласт, айнек, алюминий профиль жана ОСБ такталары болсо өтө кылдат эсеп менен иштетилген.

Андрейдин керемет үйү кандайча кайра жасалды?
1. Фундамент
Фундаментти жерден башталган жерине чейин казып ачты. Сырткы бетине рубероид каптап, 15- 20 сантиметр калыңдыктагы пенопластты айландыра тизди. Кайра сыртынан рубероид менен каптады, анан топурак менен кайра толтуруп чыкты.
Мындан кийин фундаментке кайсы суук кирет?
2. Тамдын күн нуру тийбеген тγндγк, батыш, чыгыш тарабын жылуулап чыгуу.
Адегенде тамдын дубалына аралыгын 50*50 сантиметрден кылып көзөнөктөрдγ жасады. Жыгачтан шынаа жасап көзөнөктөргө уруп бекитти. Дубалдан чыгып турган шынаанын узундугу 20 сантиметр. Анан шынааларды пресстин жиби менен тарттырып бириктирип байлады. Шынаа менен жиптер, тамды жылуулап жатканда ылай саманды тамдан ажыратпай кармап турат. Там шынааланып, жиптелип бγткөн соң опалубка коюп, ортосун ылай саман менен толтурду. Сыртынан кум, ылай, акиташ, майда кыкты сеткадан өткөрүп, аралаштырып, акиташ шыбак кылды.
20 сантимерлик ылай саман кармаган жылуулукту элестете бергиле! Андрейдин негизги “меши” да ошол!
3. Тамдын түштүк тарабы.
Кγндγн энергиясын тамга сиңириш γчγн ак кирпичтерди кара тγскө боёп чыкты. Бул ыкма илимде стенотромбо деп аталат. Бул ыкманын жардамы менен үйдγн дубалы кγндγн жылуулугун күндүзү жутуп, кечинде кайра бөлмөгө чыгарып, үйдγн ичин жылуулук таратып турат.
Көзүн тапса, энергия табияттын өзүндө!
4. Кошумча айнектγγ бөлмө-оранжереянын курулушу.
Жогоруда көрсөтγлгөн фундаментке тамдын тγштγк жак бетинен ылдый 45◦ (кырк беш градус) менен шырык устундарын фундаментке орнотуп, үстүнө кош айнек пакети менен жаап чыккан. Эки капталын ОСБ тактасы менен бекитип, арасын 30см калыңдыктагы саман менен толтурган. Кышында кар тазалаш γчγн резинадан швабрага окшогон узун аспап жасап алыптыр.
Андрей пермокультура деген теория менен жашайт, ошондуктан оранжереяны жөн калтырбай, ичине помидор ж.б.
жашылчаларды өстγрөт. Бул үйдүн чатырына жана дубалдарына күн тийгенде үйдү жылытат, түнкүсүн жылуулукту таркатат.
Күндүз теплица жактагы терезелерди ачып койгондо жылуулук кирет, өтө суук болсо түнү жаап коюшат, бирок кышында үйүнө от жакпайт экен. Болгону өсүмдүктөрдөн чыккан нымдуулукту кетириш үчүн эки жолу от жагыптыр.
5. Yйдγн чатырындагы бөлмө
Yйдγн мурунку чатырын алып таштап, жашоого ыңгайлуу кенен бөлмө куруп койгон. Чатырдын тγштγк бетин кош айнектγγ пакет менен тоскон. Ал эми чатырдын каптал беттерин, γстγн жана тγндγк жак беттеринин
асты-үстүн 30см аралыкта ОСБ менен каптап ортосун саман менен нык толтуруп салган. Эмне γчγн ОСБ, анткени ДСПга караганда арзан жана нымдуулуктан коркпойт, кесип кагып жасаганга жакшы материал. Чатырдагы бөлмөнγн полу кγндγн энергиясын сиңирип алып, жылуулукту кγн баткандан кийин кайра бөлмөгө чыгарып турат экен (пол тромба). Бурчтарында форточкалары бар, ысып кетсе ачып коюшат.
6. Айнек бөлмөнγн сырткы эшиги.
Эшиктин калыңдыгын 30 см кылып жасап ортосун койдун жүнү менен жылуулаган. Ошол эле айылдан койдун жүнүн килограммын беш сомдон сатып алып, эшиктерине жакшылап тыкыс тыктырып, жылуулаткан.
Кошумча маалымат:
От жакпай энергияны үнөмдөп турган жылуу γйлөр γч өзгөчөлγк менен курулат;
1. Yйдγн ичин кγндγн нуру менен жылытуу. Yйдγн кγндγ караган бетиндеги чатыры бγт айнектелет. Кγндγн нуру болсо айнек аркылуу γйдγн ичин жылытат. Андрейдин γйγнγн чатырындагы комнаталар ушул принципте жылыйт.
2. Yйдγ «стена тромба» аркылуу жылытуу. Биз кеп кылган Андрейдин γйγ ушул өзгөчөлγктγн негизинде кайра жасалып чыккан. Бул ыкма көптөн бери чет өлкөлөрдө колдонулуп келет. Айрыкча Канада, Америкада кыш бою от жакпаган үйлөр көп. Бул принципти «Стена Тромба» деп коюшат. Андрейдин тамы силикат кирпич кγндγн нурунан жылуулукту соруп алып кайра кγн баткандан кийин бөлγп атпайбы, негизи бетондон жасайт, анткени бетон жылуулукту жакшы өткөрөт.
3. Гелиотеплица. Андрейдин айнектγγ оранжереясы ушул γлгγдө жасалгаланган. Бул кичине бөлмө теплицанын ролун аткарып, помидор, бадыраң,гγлдөр кыштын ызгаарында тγшγм берγγдө. Андрейдин ою боюнча, мындай термоүйлөр жергиликтүү материалдар менен жасаса арзан жана жылуу болот.

Жалпак тил менен айтканда, дубалды бүтүндөй 20 сантиметрлик саман шыбак менен шыбаган. Ал эми бекитчү жактардын бардыгын ОСМ менен тосуп туруп, ортосуна баягы эле саманды шыкаган. Күн тийчү түштүк жакка болсо айнек коюп, ошол айнектин кирген күн энергиясы кайра түнү үйдү жылыткыдай система жасалган.

Андрейдин табият менен коюндаш чарбасы

Андрей жылуу үйдү куруп алып эле чалкалап жата бербейт. Ал Көлдө чалкалап жатуу үчүн Бишкекти таштап келген эмес.
Анын жүргүзгөн чарбасы өзүнчө чоң тема.

Андрей пермамаданият менен алектенет? Бул деген эмне? Англис тилинен которгондо, бул сөз айыл чарбасын үзгүлтүксүз жүргүзүү дегенди билдирет.
Бардык чарба иштери бири-бирине байланып, ал иштер табият мыйзамдарын бузбай, ашыкча энергия, суу жана башка ресурстарды коротпой жүргүзүлөт.
Андрейдин фермасында эч ким жана эч нерсе бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Алмалардын көлөкөсүндө дары чөптөр, алтүгүл козу карындар өстүрүлөт. Отоо чөптөр бул жерде проблема эмес, анткени аны бакта кең-кесири жүргөн тооктор тазалап коюшат.

Картошканы отургузуу үчүн Андрей бизчелеп терең казбайт. Топурактын үстүңкү кабатына эле картошка урукту көмүп койот. Анан үстүнө самандан калың таштайт. Картошка эненин курсагында чоңойгон сымал табигый чөйрөдө сакталып, күн жылыганда күлүп-жайнап өсүп чыгат. Кийинки жылкыга ошол эле саман дапдаяр жер семирткич болуп калат.

Аялы Ольга үчүн эч от жагылбай жылыган оранжерея куруп берген. Ал жерде Ольга дары чөптөрдү өстүрөт.

Андрейдин табият менен таттуу мамиледе ашыкча энергия коротпой өстүргөн суулу уну, тегирмен уну, кактары, жер-жемиштери, чеснок, бал ж.б. азыктары Бишкек тургундарынын өтө күтүп жеген тамагы.
Ошентип бир кезде Бишкектен көчүп кеткен Андрей табияттын энергиясын өтө чебер пайдалануу менен жашоо өткөрүп, кайрадан Бишкектин көп күттүргөн коногуна айландырды. Чынында анда азыр Бишкекке келип кетүүгө да убакыт чектелүү. Анткени айылда өтө кызыктуу, табият менен жуурулушкан экологиялык таза жашоо өзүнөн алыс чыгарбайт.

Тукум калтыруу маселесинде да Андрей колуктусу Ольга экөө табият мыйзамдарына ашыкча кийлигишкен эмес. Учурда алардын 6 баласы бар.

Макаланы даярдаган: Нургазы Мусаев

Фотолор: Григорий Беденконуку

Источник: https://www.facebook.com/hashtag/kyrseff?source=feed_text

Вам может также понравиться...