«Датка» 500 киловольт көмөк чордону ушул жылдын аягында ишке киришет

Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан «Датка» 500 киловольт көмөк чордону ушул жылдын 22-декабрында Кыргызстандын түштүк облустарына электр жарыгын берет. Бул туурасында КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Кыргыз өкмөт башчысы «Датка» көмөк чордоунун курулушу менен таанышып чыгып, тез ылдамдык менен иштеп жаткан Кытайлык “TBEA” компаниясынын кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Адистердин айтымында, 2006-2007-жылдары АКШ өкмөтүнүн грантынын эсебинен “T&D  Engineers and Consultants,Inc” (АКШ) фирмасы менен «Кыргызстандын түштүгүнүн электр камсыздоосун жакшыртуу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) даярдалган.

ТЭНдин жыйынтыктоочу отчету боюнча курулуштун жалпы баасы 229 млн. АКШ долларын түзгөн. Келишимдик сүйлөшүүлөрдүн процессинде жумуштардын көлөмү көбөйтүлгөн. Бул натыйжада «Кыргызстан УЭТ» ААК менен “TBEA” компаниясынын (КЭР) ортосунда Пекин шаарында түзүлгөн 2009-жылдын октябрындагы Келишимдик макулдашмада курулуштун наркы 256 млн. АКШ долларын түзгөн.

Акырында сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында булл долбоордун наркы 256,48 млн. АКШ долларынан 208 млн. АКШ долларына чейин азайтылган. Мындай азайтууга булл долбоор боюнча жумуштардын көлөмүн тактоо жана оптималдоо менен жетишилген.

Аталган долбоордун чегинде 501 мегавольтампер кубаттуулуктагы автотрансформатору менен «Датка» 500 кВ жаңы көмөк чордону, ошондой эле 256,5 чакырым узундугу менен 200 кВ чубалгылар курулат.

  • 75 чакырым узундугу менен эки чынжырлуу «Кристалл – Датка»,
  • 123 чакырым узундугу менен эки чынжырлуу «Датка – Узловая»,
  • 10 чакырым узундугу менен «Датка – Октябрьская»,
  • 47 чакырым узундугу менен «Узловая – Алай».

Учурдагы кош зымы менен «Күрп-Сай – Октябрьская» 220 кВ жана «Токтогул – Лочин» 500 кВ аба электр чубалгылары «Датка» көмөк чордонуна кошулат. Жалал-Абад облусундагы учурда болгон «Кристалл» жана «Октябрьская» 220 кВ көмөк чордондорунда, Ош облусундагы «Узловая», Баткен облусундагы «Алай» көмөк чордондорунда, ошондой эле Күрп-Сай ГЭСиндеги релелик коргоо жана автоматика системасында заманбап жабдууну орнотуу менен кайра келбеттөө иши жүргүзүлөт.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...