«Казакмыс Голд Кыргызстан» компаниясы алты жыл аралыгында 154 млн. долларлык капиталдык салым жасашкан

Ала-Бука районунун Бозумчак участогунда 2006-жылдан бери «Казакмыс Голд Кыргызстан» алтын кенин иштеткен компания иштеп жатат. Алар алты жыл аралыгында 154 млн. долларлык капиталдык салым кошушкан. Азырынча ал жерде кенди иштетип алуу баштала элек. Бул туурасында КР өкмөт башчысынын пресс-катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев Бозумчакта Көк-Таш жана Көк-Серек айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен жолугушуп, эл менен  «Казакмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын жетекчилерин ынтымакка чакырып, тоо кен тармагына инвестицияларды тартуу өкмөттүн негизги багыты экендигин билдирген. 2013-жылы декабрь айында гана аталган компания алтын, күмүш, жезди казып алууну баштайт. Ошондо ал жерде 800 жумуш орду түзүлөт. Ал жерде негизинен жергиликтүү калк иштейт. Ошондой эле, өкмөт башчы компанияда түзүлгөн шарттар боюнча «Кумтөр» алтын кенине дээрлик жакындашып калгандыгын баса белгилеген. Элден жолду тоспогула, бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө үндөгөн.

Мындан сырткары аталган райондун Иштамберди участогундагы Кытайлык «Фулд Голд Майнинг» компаниясынын иши менен да таанышып, ал жерде иштеген жергиликтүү калктын айлык маянасын көтөрүүнү, КР мыйзамдарынын чегинде гана иштөөнү КР өкмөт башчысы аталган компаниянын жетекчилерине айткан.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...