ЧАКАН ГРАНТТАРДЫН ПРОГРАММАСЫ «ЖАШТАР ДЕМИЛГЕЛЕРИ» ДОЛБООРЛУК ИДЕЯЛАРДЫН СЫНАГЫ 2017 – 2018-жж.

“Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институту” коомдук фонду (“ТӨСИ” КФ) Түндүк жана Ички Тянь-Шандагы биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү алдыга жылдыруу боюнча жергиликтүү жаштардын демилгелерин колдоонун “Жаштар демилгелери” программасынын 2-циклин (2017-2018-жж.) жарыялайт. Программанын алкагында долбоорлук идеяларга сынак жүргүзүлөт жана тандалган долбоорлордун өкүлдөрү “Биомаданий ар түрдүүлүк  боюнча лидерлик академиясынын” катышуучусу болот.

ИДЕЯНЫ КИМДЕР БЕРЕ АЛАТ?

Кыргызстанда катталып, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юридикалык жактар– бирикмелер, клубдар, ассоциациалар, фонддор, коомдук уюмдар, жамааттар,  ден соолук жана жайыт комитеттери, аксакалдар, аялдар кеңеши, жергиликтүү лидерлер ж.б. тарабынан сунушталган долбоорлук идеялар, демилгелер болушу мүмкүн. Өзгөчө, жергиликтүү /аймактык/ улуттук деңгээлде ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан жаштар уюмдарына, ошондой эле, салттуу билимдерди сактоочулар, алып жүрүүчүлөр, маданий практиктер, эксперттер, изилдөөчүлөр ж.б. менен тыгыз байланышкан, балдарга жана жаштарга багытталган демилгелердин долбоорлоруна көӊүл бурулат.

 

“БИОМАДАНИЙ АР ТҮРДҮҮЛҮК БОЮНЧА ЛИДЕРЛИК АКАДЕМИЯСЫ” ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Биомаданий ар түрдүүлүк боюнча лидерлик академиясы” – бул биомаданий ар түрдүүлүк концепциясын максаттуу уюштурууда лидерлерди окутууга багытталган, теориялык жана практикалык сессияларды бириктирүүчү “Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институту” коомдук фондусунун программасы. Окутуу программасы биомаданий ар түрдүүлүк концепциясынын теориялык негизин ачып берүүчү белгилүү окумуштуулардын, улуттук эксперттердин лекцияларын, о.э.,  салттуу билимди сактоочулар жана практиктер менен жоолугушууларды ичине камтыйт.  Жергиликтүү коомчулукту жакшы жагына өзгөртүү үчүн жаштардын потенциалын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Лидерлик академиясы биздин узак мөөнөттүү “Жергиликтүү салтка жана муундар аралык үзгүлтүксүз алмашууга негизделген, экологиялык, социалдык, маданий, экономикалык пландагы туруктуу, Кыргызстандын күчтүү жергиликтүү жамааты” –  максаттарыбызга жетүүгө түрткү берет.

 

ДОЛБООРЛОР КАНДАЙ КРИТЕРИЙЛЕР БОЮНЧА ТАНДАЛАТ?

Программанын негизги багыттарынын бири жайыттарды натыйжалуу башкаруу боюнча пасторалдык билимдерди  жандандыруу болуп саналат. Өзгөчө артыкчылык, салттуу ыкмаларды жандандыруу, сактоо жана  алыскы жайыттарды пайдалануудагы, деградацияга учураган жайыттарды, топуракты калыбына келтирүү, малды жаюу көйгөйлөрүн чечүү, суу ресурстарын башкаруу ж.б. практикаларга багытталган демилгелерге же долбоорлорго берилет.

Долбоорлук сунуштарды тандоонун критерийи болуп төмөнкүлөр эсептелет:

ü  Программалык максаттарга шайкештиги;

ü  Долбоордун максат жана милдеттеринин ачык-тактыгы;

ü  Жаштардын тартылышы жана салттуу билимди сактоочулар менен карым-катнашы;

ü  Долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугу;

ü  Долбоорду ишке ашыруунун тажрыйбалары

ü  Багытталган аймактар Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтары.

ДОЛБООРЛУК ИДЕЯЛАР ҮЧҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ТЕМАТИКАЛЫК БАГЫТТАР:

o   Жаратылыш ресурстарын туруктуу колдонуу (салттуу билимдер жана аларды сактоо боюнча практикалар, топурактын азыктуулугун жогорулатуу, сууну пайдалануу ж.б.);

o   Пасторалдык билим/жайыттарды салттуу башкаруу (салттуу экологиялык билимдерин жана алыскы жайыттарга көчүү тажрыйбаларын ж.б. жайылтуу);

o   Салттуу билимдердин жана практикалардын негизинде климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу жана кесепеттерин жеңилдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү;

o   Адамдын айлана-чөйрөгө, жаратылыштын адамга тийгизген таасирин, жаратылышты адамдын кабыл алуусун ж.б. бул кабылуу менен байланышкан анын кадамын көрсөтүүчү тарыхый, маданий мурастар;

o   Биоартүрдүүлүктү сактоонун маданий жана руханий мурастар менен болгон байланышы.

ДОЛБООРДУН КОНЦЕПЦИЯСЫ (3 барактан көп эмес):

  1. Долбоордун аталышы;
  2. Багытталган аймак;
  3. Болжолдонуп жаткан долбоордун мөөнөтү;
  4. Уюм жөнүндө кыскача маалымат(байланыш маалыматтары – электрондук, юридикалык дареги);
  5. Көйгөйдү аныктоо (Кыргызстандын багытталган аймагында Биомаданий ар түрдүүлүктү колдоо/ илгерилетүүдө сиздин долбоор кандай түрткү берерин кыскача мүнөздөп бериңиз);
  6. Болжолдонгон ишмердүүлүк кыскача баяндалган, долбоордун күтүлүүчү жыйынтыгы жана максаты;
  7. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон болжолдуу бюджет.

БИОМАДАНИЙ АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТООНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ ЭМНЕДЕ?

Жердин бардык бурчундагы жергиликтүү жаратылыш өзүнүн жашоочуларына колдоо көрсөтөт, ага жооп кылып адамдар өздөрүнүн тили жана маданиятына сиңирилген салттуу акылмандыгы, тажрыйбасы аркылуу жергиликтүү чөйрөсүн колдоого алат. Мындай өз ара мамиле жашаган чөйрөсү менен материалдык жана руханий байланышы бар түпкүлүктүү жана жергиликтүү жамаат үчүн дагы деле мүнөздүү. Өздөрү жашаган экосистеманы аздектеп сактоодо уникалдуу көндүмгө ээ, бир канча муундардан топтолуп келе жаткан салттуу экологиялык билимдер жана практикалар жергиликтүү жамаатка жана түпкүлүктүү калкка мүнөздүү.  Түпкү жана жергиликтүү тил – бул билимдерди коомго мүнөздүү жүруш-турушту, тажрыйбаны, инновацияны өткөрүп берет жана сактайт.

 

Биомаданий ар түрдүүлүктүн жоголушу эмне үчүн бизди тынчсыздандыруусунун бир канча себептери бар.  Биринчиден,  биз уникалдуу  жашоо образыбызды, тилибизди жана адамдардын ар түрдүүлүгүнүн дүйнөлүк иденттүүлүгүн жоготуудабыз.  Бул суроо адам укугуна да тиешелүү. Өзүнүн өткөндөгүсүнүн жолун улоону колдоо жана өнүктүрүүнү тандоо ар бир элдин укугу. Экинчиден,  биз биомаданий ар түрдүүлүктү колдоого көмөк көрсөтүүчү салттуу билимдердин  байлыгын, адамзатты колдоого алган жана башка биоартүрдүүлүктү жоготуудабыз. Бул жашоо кечирүү маселеси. Кризистин маалында саламаттыгы чың экосистемага эле муктаж болбойбуз. Биз, ошондой эле,  Жерде кантип туруктуу жашоо керек экендигин үйрөтүүчү ата-бабаларыбыздын акылмандыгына жана жалпы планетанын добушуна абдан муктажбыз.

 

Планетадагы сакталып калган биомаданий ар түрдүүлүкттүн көпчүлүк бөлүгү, дүйнөдөгү түпкүлүктүү элдердин коомчулугуна  жана жерде топтоштурулган. Кристенсен фонду өздөрүнүн уникалдуу  жолу аркылуу өнүгүүгө,  салттуу мурасын аздектөөгө негизделген жана заманбаптуулукка чакырык таштаган, жаңы мүмкүнчүлүктөргө ыңгайлашууга күч жумшаган мындай жамаатарга колдоо көрсөтөт. Фонд маданияттар ортосундагы өзгөчөлүктүн жок болуп кетүү кырдаалын  бузууга жөндөмдүү, маданий кыймылдарды күчөтүүгө жана салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн бекемдөөгө гранттык жана практикалык колдоо көрсөтөт.

 

КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМИНИН БААЛУУЛУГУ ЭМНЕДЕ?

Кыргыз эли өзүнүн миңдеген жылдык өнүгүү тарыхында,  өздөрүнүн  көчмөн жашоо тажрыйбасынан алынган Жер жана маданият жөнүндөгү уникалдуу экологиялык билимдерди топтогон экосистеманын “ичиндеги” жана анын бир бөлүгү болгон, адамдын  салттуу жашоо кечирүүсүнүн табигый жана руханий дүйнөсүнүн, маданиятынын, тилинин негизи болуп эсептелет.  Булардын көпчүлүгү акыркы жылдарда көңүл сыртында  калып, же жок болуп кетти. Кыргыз элинин экологиялык маданияты жана аларга шайкеш келген тарбиялоо системасы баалуулук, норма, салт жана тыюу түрүндөгү принципте жашаган жаратылыш бүтүндүгү болгон негизги принциптин негизинде, айлана-чөйрөгө ыңгайлашуу жолу менен түзүлгөн.

 

Кыргыздын топтолгон экологиялык билимдери климаттын өзгөрүү процессин изилдөөдө жана бул өзгөрүүлөрдүн жергиликтүү жамаат үчүн терс кесепеттерин минималдаштыруу стратегиясын иштеп чыгууда, маанилүү маалымат булагы болуп эсептелет. Бул билимдерди толук кандуу жеткирүү ар кандай муундардын өкүлдөрүнүн узак мөөнөттүк жана тикеден-тике карым-катнашында гана мүмкүн болот. Билимдерди муундан-муунга өткөрүп берүүдө окутуу жана тарбиялоо чоң роль ойнойт. Жаштар майрамдарга катышуу менен өз элинин жашоосуна байланышкан каада-салттарды билет, көрөт, угат жана салттуу ырларды, бийлерди, айтымдарды, макалдарды ж.б. эстеп калат. Бул тажрыйба адамдын келечек  жашоосундагы коомдо жана анын айлана-чөйрөгө мамилесиндеги жүрүм-турумун аныктоочу салттуу билимдин так ошол кенчин түзөт.

 

ЭМНЕ ҮЧҮН НЕГИЗГИ КӨҢҮЛ ЖАШТАРГА БУРУЛАТ?

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаштар өлкө калкынын 37% түзөт, ал эми айыл жергесинин жашоочуларынын 2/3 жаштар[1].  Өлкөнүн келечегин жаштар менен  байланыштырат, жаштар республикабыздын коомдук жашоосунун бардык тармагында өзүнүн активдүү салымын кошуп келген калктын бир бөлүгү. Ошол эле мезгилде, алар этникалык баалуулуктун өзгөчөлүгү, аны менен кошо салттуу билимдер жоголуп жаткан бир түрдүү жана унификацияланып бараткан дүйнөдөгү  глобализация өңдүү заманбап дүйнөнүн көптөгөн коркунучтарына, чакырыктарына кабылып жатат. Бүгүнкү күндө жаштар күндөн-күнгө өзүнүн тамыранан жана салтынан алыстоодо, муундар аралык байланыш, салттуу билимди өнүктүрүп берүү механизими жоголуп баратат.

 

Өзгөрмөлүү процесстин (глобалдашуу, климаттык өзгөрүү, экологиялык көйгөй, биоартүрдүүлүктү жоготуу) таасирине карабай, бийик тоолуу Түндүк жана ички Тянь-Шань аймагында генетикалык ресурстарды түзүүчү жайыттарды пайдалануу, маданий ландшафтарды, эндемикалык түрлөрдү, өсүмдүктөрдүн сортторун, жемиш бактарын сактоонун салттуу ыкмаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар.

 

“Жаштар демилгеси” программасы өзгөчө көңүл жаштарга бурулган жана салттуу билимди сактоочу уникалдуу мураскерлер менен жаштардын муундар аралык байланышын бекемдөөгө түрткү берүүчү биздин иштин уландысы болуп эсептелет.  Жаштар демилгелери коомдо Биомаданий ар түрдүүлүк багытындагы жагымдуу өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн жаштардын потенциалын бекемдейт жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

 

Эксперименталдык билим берүү (Биомаданий ар түрдүүлүк боюнча лидерлик академиясы) жана гранттык колдоо программасы аркылуу Жаштар Демилгелери Биомаданий ар түрдүүлүк боюнча салттуу билимдерди сактоочулардын тажрыйбаларынын көмөгү менен жана жергиликтүү жамаатта айлана-чөйрөнү коргоочу катары жаштардын катышуусун күчтөндүрөт.

 

“ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ СТРАТЕГИЯЛАР ИНСТИТУТУ” КООМДУК  ФОНДУ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Туруктуу өнүктүрүү стратегиялар институту (ИСУР КФ) коомдук фонду 2012-жылдан бери түндүк жана ички Тянь-Шань аймагында Биомаданий ар түрдүүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоо программаларын ишке ашыруу аркылуу, жергиликтүү жамаатка колдоо көрсөтүп келет. 2012-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта жалпы Кыргызстандын бүткүл аймагында Биомаданий ар түрдүүлүктү колдоо боюнча 75ке жакын жергиликтүү демилгелерди колдоого алган. Биздин уюм боюнча кененирээк маалыматты https://www.facebook.com/ISDSFund/ фейсбук баракчабыздан же www.isds.kg дарегинен алсаңыздар болот.

 

КОЛДООГО АЛЫНГАН ДОЛБООРЛОР (2012-2017-жж.)

Алардын ичинде – кыргыз элинин маданиятын башкача түшүнгөн Бишкек шаарынын жаштары тартылган “Тирилген петроглифтер” чыгармачылык 705 тобунун долбоору; Салттуу практикага негизделген климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу боюнча жамааттык борбор түзүүдөгү  Чолпон жайыт комитетинин долбоору; “Сухой хребет” аймагындагы окуучуларды салттуу пасторалдык билимдерге, этноэкологияга, этномаданиятка жана чакан коруктарды түзүүгө үйрөтүү аркылуу, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо үчүн жергиликтүү жамааттын, жайыт комитеттеринин, жергиликтүү мектептердин күчү менен биригүү боюнча “Гармония Плюс” АКнын долбоору; “Кегети” ашуусунда жайыт пайдаланучуларды окутуу жана колдоо көрсөтүү мобилдик борборун түзүү боюнча Сын-Таш жайыт комитетинин долбоору; Органикалык малчарбачылыгын калыбына келтирүү  жана өнүктүрүү боюнча №43-кесиптик лицей жана “Кожо” КФнун биргелешкен демилгеси; Туура-Суу айылындагы мектептин базасындагы музейде тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана популяризациялоо боюнча “Руханият-Мурас” КФнун долбоору; көркөм чыгармачылык искусствонун синтези: музыка, музей, театр, кино, медиа, фото-искусство менен  тааныштыруу аркылуу жаңы муунду эстетикалык тарбиялоо методикасын  кеңейтүү боюнча “Устат-Шакирт” АКнын долбоору;  жапайы кара тоо карагаты “чыны карагатын” көбөйтүү жана сактоо боюнча “Көөнөрбөс мурас” АКнын долбоору; Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы дары өсүмдүктөрдү пайдалануу жана чогултуунун  сырларын муундан-муунга  өткөрүү боюнча демилге; Ысык-Көл жана Чүй областтарында жергиликтүү жемиш бактарынын сортторун сактоого окуучуларды окутуу жана мектеп питомниктерин түзүү; Чүй областынын Сокулук районундагы Күн-Туу айылынын мектебиндеги этноботаникалык бакчаны түзүүнүн уникалдуу практикасы; Нарын мамлекеттик коругунун тегерегинде жайгашкан айылдарда бугунун түрүн сактоо боюнча кыргыз элинин салттуу экологиялык билимин жандандыруу жана башка демилгелер.

Концепция 2017-жылдын 15-ноябрынан кечиктирилбей call2012.isd@gmail.comэлектрондук дарегине жиберилиши керек.

Кененирээк маалыматты 2017-жылдын 8-ноябрында өтө турган маалымат сессиясынан алууга болот.

Маалымат сессиясын өткөрүүнүн орду жана убактысы call2012.isd@gmail.com электрондук дареги боюнчап кийинчерээк маалымат жиберилет

 

“Жаштар демилгеси” долбоору 1957-жылы Кристенсендин үй бүлөсү негиздеген биомаданий дүйнөгө ишенген,  жашоо тиричиликтин жана ландшафтардын, алардын сулуулугун, жашоого туруктуулугун, берекелүүлүгүн сактоо багытында иштеген адамдардын, уюмдардын аракетин колдогон Кристенсен фондунун колдоосунун аркасында ишке ашып отурат. Фонд  жергиликтүү салттуу билимди сактоочулардын жана алар менен окумуштуулардын, искусство өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин ж.б. кызыккан тараптардын биргелешкен ишмердүүлүк демилгелерине өзгөчө басым жасайт (https://www.christensenfund.org).

 

1]http://www.stat.kg/ru/statistics/naselenie/

 

Анара Момунова

Грантовый и административный специалист

Общественный фонд

«Институт стратегии устойчивого развития»

г. Бишкек, ул. Калык Акиева 99/3а

рабочий (0312) 891321

моб. (0772) 875927

Вам может также понравиться...