Барскоон айыл Кенешинде «Барскоон капчыгайын атайын корголуучу аймака айландыруу» жөнундө токтом кабыл алышты


Кыргызстандагы Глобалдык Экологиялык Фондусунун(ГЭФ-ПРООН) каржылоосу менен, «Карек» коомдун уюму Барскоон айылында «Экологиялык, социалдык жана экономикалык өзгөчөлуктөрүн эске алып, Барскоон аймагында өзгөчө корголуучу жайды түзүү» семинарын өткөрүп, семинарда кабыл алынган резолюцияны Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевичке, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Чудинов Игорь Витальевичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.А. Давлеткелдиевке жиберишкен.

Семинардын катышуучулары, айрыкча жергиликтүү эл өкүлдөр, өлкөбүөздө политика жана акча гана роль ойноп, ал эми айлана – чөйрөөнү коргоо таптакыр унутулуп бара жатканын баса көрсөтүшүп, жана ошондой эле алар, эгерде экологиябызга азыртан көнул бурбасак, кийин аны калыбына келтирүү абдан оор болоорун далилдеп да беришкен.

Ал эми семинарда кабыл алынган Резолюцияны эске алып жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жаратылышты коргоо аймактары» жөнүндө законуна таянып, «Карек» коомдук уюмунун кайрылуусу менен, Барскоон айылында Барскоон айыл Кенешинин кезексиз сессия болуп өттү.

Сессияда айыл Кенешинин депутаттары Барскоон капчыгайындагы уникалдуу өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоп калуу максатында, Барскоон капчыгайын атайын корголуучу аймака айландыруу маселесин колдоп, Токтом кабыл алышты.
Депутатар Токтомдун негизинде «Барскоон капчыгайын токой жана гидрогеологиялык заказник» деп бекитип берүүнү, Жети-Огуз райондук администрациясынан, Ыссык-Кол обладминистрациясынан жана Өкмөтткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктигине жөнөттүштү.

Ар кандай суроолор боюнча «Карек» коомдук уюмуна кайрылыныздар.
Жети-Өгуз району, Барскоон айылы №130, тел: 03946-26-199 тел.факс, моб: 0772-54-00-92

Вам может также понравиться...