ГЭФтин ПАЛМ долбоору аракетте

Дүйнө жүзүндөгү адам баласынын келечеги, кийинки муундун жашоо тиричилиги жөнүндө кам көргөн Глобалдык Экологиялык Фондунун ПАЛМ (РАLМ- Раmir Аlаi Lаnd Маnаsеmеnt) Памир Алай тоолуу жериндеги элдин турмуш-тиричилигин, экономикасын жерди туруктуу пайдалануу жолу менен которуу багытында ( проект)-долбоору Кыргызстанда 2009-жыл апрель айынан бери ишке ашып өз ишин баштаган. Бул долбоор трансграничный, башкача айтканда, чек ара алкагында долбоор деп аталат. Себеби, бул долбоорго Кыргызстандан 4 айыл округу, Тажик Республикасынан 6 айыл округдары тандалып алынган.

2005-жылдан 2009-жылга чейинки изилдөөлөрдүн, аныктоолордун жыйынтыгы менен биздин 4 айылдык округдарында жамааттар түзүлүп, өздөрүнүн аныктаган идеяларынын негизинде кичи долбоорлорду жазуу мүмкүнчүлүктөрүнө жетишишти.

Жазылган бардык долбоорлордун ичинен 30 долбоор Германия мамлекетинин Бонн шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Университеттин окмуштууларына сунушталып, сунушталган долбоорлор аталган университеттин окмуштуулар кеңешинде талкуулоолордон өткөрүлүп жактырылып, жамааттардын койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн каржы маселеси дүйнөлүк банк тарабынан каржыланары чечичлген. Каржы маселеси Ош коогалаңына байланыштуу кечигип башкача айтканда 2010-жылдын 2-июлунда каржыланганына карабай, жамааттар максат кылып койгон өз иштерин ишке ашыруунун үстүндө үзүрлүү эмгектенишип бир топ ишти аткарууга жетишишти.

Ишке ашкан долбоорлорду атай кетчү болсок: Алай районунан «Жошолу» айылдык округу боюнча 12 долбоор, Ленин атындагы айылдык округ боюнча 5 долбоор, Чоң-Алай районунун «Кашка-Суу» айылдык округу боюнча 8 долбоор жана Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылдык округунан 5 долбоор, бул ишке ашып жаткан кичи долбоорлордун негизги максаты: коргоого муктаж болуп бара жаткан, аянычтуу абалдагы жер байлагын жана жерди туруктуу пайдалануу жолу менен экологиялык проблемаларды чечүүдө чөйрөнү коргоп жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен, экологияга, күчтүү басым жасоону басаңдатып, экономиканы көтөрүүнүн (альтернативалык) башкача айтканда атаандаштык жолдорун табууну жана социалдык орчундуу маселелерди чечүүнү алдыларына максат кылып коюшкан.

Албетте иш бар жерде кемчилдик болбой мүмкүн эмес. Бирок, ошондой болсо да кичи долбоорлорду ишке ашырууда көптөгөн алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы регионалдык жана талаа офисинин өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг б.а. текшерүү учурунда далил боло алды.Эми «Кашка-Суу» айылдык округундагы кичи долбоорлордун аткарган иштерине токтоло кетчү болсок: Калбаева Бууузарбап жетектеп келе жаткан жамаат кол өнөрчүлүк боюнча кыргыздын боз үйүнө керектүү буюмдарды, жасалгаларды: таар, оймо, шырдак, килем жана ашкана сыяктуу эмеректерди даярдоого жетишишти.

Андан сырткары «Кашка-Суу ийгилик» жамаатынын уз чеберлери элге жүн тытуучу апараттын жардамы менен жүн тытып, пахтаны тазалоочу апараттын жардамы менен пахтаны атып тазалоо аркылуу элге кызмат көрсөтүшүүдө. Улуттук оймо-чийме салынган кооз кийим-кечектерди, сувенирлерди көптөгөн жерлерге чейин алып барышып сатуу менен каражат табуу мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Талаачылык боюнча үч долбоор ишке ашкан: Алар Ачы-Суу айылынан «Максат» жамааты, жетекчи Абдыхалилов Абыт, Кашка-Суу айылынан «Беш-Колот» жамааты жетекчиси Халбеков Майрамбай, Калык айылынан «Акшумкар» жамааты жетекчиси Машеров Ысман.

Бул жамааттар эспарцетти эгүү менен жер кыртышынын бузулууларын алдын алууну, кунарсызданган жерлерди азот жер семирткичи мене көп жылдык өсүмдүк эспарцет аркылуу байытууну, ошону менен катар келечекте жалпы эл ушундай иштерди аткарса өрөөнүбүз жапжашыл кооз өрөөнгө айланып кетерин көздөшкөн. Кунарсызданган жайыттарды, айдоо жерлерибизди коргоо, кайрадан калыбына келтирүү биз эле эмес дүйнө эли тынчсызданган курч маселе, бүгүнкү күндүн талабы. Эгилген эспарцеттин жана табигый көп жылдык тоют чөбүнүн өсүүсү, өнүмү талапка ылайык өстү.

Жамааттардын бул аракети экологиялык жактан, экономикалык жагынан чоң киреше жана пайда алып келет, буюрса бул жамааттар кийинки жылдарга калкты эспарцеттин үрөнү мене камсыз кылып кетет деген үмүттөбүз. Көп жылдык чөп өсүмдүгүнүн эгилүүсүнүн баса белгилеп кете турган өзгөчөлүгү элди 4-5-жылга үрөн, күйүүчү май жана техникага болгон муктаждыктардан көптөгөн машакаттуу убарагерчиликтерден арылтат. Жалпы элдин экономикасынын көтөрүлүүсү, социалдык абалынын жакшыруусу күтүлөт. Ошондой эле Кара-Кабак айылында «Эмгегибиз-эл үчүн» жамааты түзүлүп аны жаш жубайлар Жумабаева Жаңыл менен Төрөев Алтынбектер жетекчиликке алышкан.

Элим жыргап өссүн десең, чачылганды жыйнагын, жерим көрктүү болсун десең, токойду эч качан кыйбагын деген таасын сөз, чакырык менен өз иштерин башташкан жан үй-бүлө чычырканак токоюн коргоп өстүрүү, жер кыртышын калыбына келтирүү, чычырканак мөмөсүн тамак-аш, дары-дармек катары пайдаланууну чычырканак мөмөсүндө ден-соолукту чыңдоодо аскарбин кислотасынын же «С» витаминин пайдалуулугун, чычырканак мөмөсү, анын майы көптөгөн оорууларга айрыкча күйүккө, ички жараат оорууларына табылгыс шыпаалуу экендигин эске алышкан.

Келечекте чычырканак ашын кайра иштетүүчү жабдыктарды колдонсок деген ой-максаттар бар. Быйылкы жылда алгачкы аткарган иштери белгилеп кетүүгө арзырлык. Уюштурулган топоз чарбасынын иштери «ДОС» жамаатынын иштери да жаман эмес- жетекчи Айдаров Досмамат.Экотуризм боюнча «Чоң-Алай –Памир саякаты» жетекчиси Мурзаканова Пайзилда, жаматтын алгачкы кадамы дурус. Ош коогалаңына байланыштуу альпинистердин аз келгендигине карабай жакшы иштер аткарылды.

Ошондой эле жергиликтүү форель балыгын кооруп көбөйтүү тууралуу, алтернативалык чарба күтүү жолу менен «Таза болсоң-Суудай бол!» жамаатынын мүчөлөрү жамаат жетекчиси Акунбаев Жусуптун жетекчилиги менен «Балык Жууган» участкасында балык чарбасын уюштуруунун аракетин көрүшүүдө. ПАЛМ долбоорунун адамзаттын, биздин элдин эртеңки күнү жашоо-тиричилик үчүн көрсөткөн колдоосу, жергебизде алгачкы натыйжалуу жыйынтыктарды берүүдө.

Өлкөбүздүн байлыгы мол жерибиз, тоолорубуз, чет элдик элдерди тамшантып суктандырган абасы, таза суусу тунук, кооз жаратылыштуу экологиябызды коргоо менен экономикабызды көтөрүүгө ПАЛМ долбоору колдоо көрсөтүп иштеп жатышкан, жамааттык чарбаларыбызды, биз үлгү катары, бардыгыбыз ушундай үлгүдө чарбалык аракеттерди жүргүзүп ишке ашыруубуз бүгүнкү учурдун талабы болууга тийиш. Биздин жарандар, айрыкча жаштар, башка жакка барып, азап тартып кыйналгандан көрө өз элибизди, өз жерибизди сүйүп, коргоп жана өнүктүрүп «Кулча иштеп, байча жашообуз керек»
Ага кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?

Менимче эч кандай тоскоолдук жок.
Бир гана тоскоолдук бар, ал биздин ыкшоолугубуз, өзүбүздүн изденбөөчүлүк аракетсиздигибиз, жерибиздеги байлыгыбызга болгон кайдигерчилигибиз. Ошондуктан биз чымырканган ак эмгек жасасак, маңдай терибиз, таман акыбыз менен ойлогон-ой, каалаган максатыбызга жетерибиз ак. ПАЛМ долбоорунун каржылоосу менен эл үчүн айыл чарба багытында көптөгөн пайдалуу семинар тренингдер өткөрүлдү.

Кыргызстандын тандалып алынган 4 айылдык округдарында ПАЛМ долбоорлорунун Бишкек шаарында жайгашкан Улуттук офисинин кызматкери Төлөгөн Маматов башында турган Кыргызстандын Айыл Чарба министирлигинин өкүлү Дайыр Жанчаров, айыл чарба кызматы боюнча кеңеш берүүчү кызматкерлер Эрмамат Танаев, Байыш Жолдошевдер бардык айылдык округдарда болушуп, мал чарбачылыгын асылдандыруу, эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү жана майда жандыктарды селекциялык ыкмалар менен асылдуулугун жогорлатуу жөнүндө, аларды өтө коркунучтуу жугуштуу ылаңдардан алдын алып дарылоо багытында, өсүмдүктөрдөн дан өсүмдүктөрүн, картошка ж.б. маданий өсүмдүктөрдү эгүү, сугаруу, ар кандай илдеттердин алдын алып дары-дармектерди колдонуу ыкмаларын, жергиликтүү органикалык жер семирткичтерди колдонуу жана агротехникалык эрежелерди сактоо, алдыңкы иш тажрыйбалар боюнча кеңири маанидеги маңыздуу лекцияларды окушту.

Семинардын жүрүшүндө дыйкандар, чарба жүргүзүүүчлөр тарабынан өтө кызыктуу, пайдалуу суроолор берилип, кызуу талаш тартыштардын коштоосунда, кызуу талкуулардан тактоолорго жеткен өтө пайдалуу семинар өткөрүлүп, угуучулар ыраазычылык, жакшы тилектеги каалоолорун айтышты.

ГЭФтин ПАЛМ долбоору, дүйнө элинин тынчтыкта, бакубат жашоосуна кам көрөт. Чымырканып эмгектенгендерди, табият таттуу мамиледе болуп ага аяр мамиле жасагандарды жана жараткан тартуулаган жер эненин мол байлыгын коргоп, ысырап кылбай, сарамжалдуу пайдалана билген инсандарды, жамааттарды ПАЛМ колдойт жана аларга кол сунат.

Андаров Кутбидин.
ГЭФтин ПАЛМ долбоору боюнча фасилитатору,
Ош областтык, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистеманы өнүктүрүү башкармалыгынын Чоң-Алай району боюнча штаттан тышкаркы инспектору.

Вам может также понравиться...