Жалал-Абад облус губернатору республикалык ишембиликке катышты

Жалал-Абад облус губернатору Азизбек Турсунбаев баштаган бир топ облустук жетекчилер жана шаар мэри Бакытбек Адылов республикалык ишембиликке катышып, шаардагы эко-паркка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

Аталган эко-паркка шаардагы бардык мекеме-ишканалар, аймактык башкармалыктардын, жеке чарба жүргүзгөн ишканалар, соода түйүндөрдүн кызматкерлери жана жалпы шаар тургундары шаардын тазалыгын сактоо жана шаарды көрктөндүрүү максатында республикалык ишембиликке катышып, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

«Колдон келишинче ишемби күндөрү гана эмес, ар бир күнү тазалыкты сактап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү керек. Бүгүнкү отургузулган бак-дарак көчөттөрүн тигип гана тим болбостон, көчөттөрдүн өсүп жетилишин да кудай буйруса көзөмөлгө алабыз», — деди облус губернатору А.Турсунбаев.

Алынган маалыматка караганда, эко-паркка күн жылыгандан бери 700гө жакын бак-дарактардын көчөттөрү, ар бир ишембиликте мекеме-ишканалар тарабынан олтургузулган. +ткөн республикалык ишембиликте 100дөй көчөт отургузулган. Ал эми эко-парктагы бак-дарактарды карап, убагында сугарып туруу жана өстүрүү боюнча атайын жумушчулар алына тургандыгын шаар мэри Б.Адылов билдирди.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...