Жалалабат областы ташбака менен сары жыланды сактап калуунун аракетинде

Акыркы жылдары Жалалабат облусуна караштуу Ноокен районун аймагында сейрек кездешуучу жаныбарлар болгон ташбака, сары жылан жана чаар жыландын жоголуп баратканы байкалууда. Буларды сактап калуунун максатында экологдор атайын проектти ишке ашырышууда.

Токой жана жангакчылык институтунун кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Бактыгул Карашеванын айтымында, акыркы торт-беш жыл ичинде жер кыртышынын бузулушунун акыбетинде региондо ташбака, сары жылан, чаар жылан сыяктуу жаныбарлардын саны азаюуда. «Осумдуктордун турлорунун азайышына чоптордун бышылып жетиле электе орулушу, бадам менен мисте дарактарынын кочотторун малдардын жеп кетиши себеп болууда», — дейт ал.

Экологдордун айтымында, бул жаныбарларды сактап калууда бадам, мисте сыяктуу дарактарды кобойтуп остуруу ото маанилуу.

«Ошондуктан биз ишти негизинен адыр жерлерге мисте, бадам эгуудон баштадык, — деди Бактыгул Карашева. – Мисалга, быйыл 50 гектар аянтка бадамдын уругун эгип, кочотторун отургуздук. Ал эми мистенин кочотун гана отургуздук. Тилекке каршы, булардын 50 пайызын гана сактап кала алдык. Бул бугунку кундо аздык кылат.

Проект Ноокен райнундагы «Байгожо» коомдук бирикмеси жана «Айчурок» жамааты тарабынан жузого ашырылууда. Проектти жузого ашырууда «Токой» коомдук фонду, №25 «Кызылтуу» орто мектебинин окуучулары жана айыл тургундары жакындан жардам беришуудо.

Гулзада Абакирова.
Жалалабат.

Вам может также понравиться...