КУЛУНАТАДАГЫ ИЛИМИЙ ЖАНЫЛЫКТАР

Эки жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жаткан жаңы 2004-жылдын 11-августунда уюшулган «Кулун-Ата» мамлекеттик коругуна жасалган илимий экспедиция ушул жылдын 15 августунда 2007 жыл үчүн аягына чыкты. Бул экспедициянын максаты-коруктун аймагындагы фауна, флорага инвентаризация жүргүзүү жана ал аймакта кездешкен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн санынын жылдык динамикасын (өзгөрүп туруусун) аныктап, анализдөө болуп эсептелет.

Алгач 2006-жылдын июль, август айларында биринчи жолу бул аймакта илимий экспедиция уюштурулган. Экспедицияны — биология илимдеринин доктору, ОшМУнун Зоология жана биологиялык көптүрдүүлүк кафедрасынын профессору, «Табият-Түштүк» экологиялык коомдук фондунун президенти Болот Кулназаров илимий жактан жетектеп келет. Анын катышуучулары ОшМУнун Зоология жана биокөптүрдүүлүк кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы: Абжамилов С., Айдаралиев Э., Абдыкааров А., Стамалиев К., Манасов П., Атабеков Ү., Алтыбаев К., «ЭкоТв» телерадиокомпаниясынын өкүлдөрү жана аталган коруктун илимий кызматкерлери, егерлери катышышкан.

2006-жылдагы экспедициянын жыйынтыгы боюнча бир топ видеотасмалар тартылып даярдалып коомчулукка тартууланган. Ал эми экспедициянын илимий катышуучулары тарабынан омурткалуу жаныбарлардын систематикасы боюнча ар бир класстын өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй түрдүк курамдары аныкталган:

Балыктар классынын – 2 түрү;

Жерде-сууда жашоочулар классынын – 1 түрү;

Сойлоп жүрүүчүлөр классынын – 5 түрү;

Канаттуулар классынын – 81 түрү;

Сүт эмүүчүлөр классынын – 22 түрлөрү аныкталган.

2007-жылдын июль, август айларында жасалган илимий экспедицияда Кулун-Ата мамлекеттик коругунун аймагындагы өсүмдүктөргө биринчи жолу инвентаризация жүргүзүлүп, алынып келинген материалдар лабораториялык шартта анализденүүдө.

Ал эми жаныбарлар дүйнөсү боюнча өткөн жылдагы аныкталган түрлөргө бир топ жаңы түрлөр кошулуп, алардын баары лабораториялык шартта иштелүүдө.

Вам может также понравиться...