Көлүбүздүн убалы кимде

Ысык — Көл кээде тыптынч, кээде толкун
Толкуса толкунуна тең ортокмун
Жашоодо канча досту күтсөм дагы
Бир сырдуу сендей досту күткөн жокмун

Деп Алыкул агабыздын ыр саптарында айтылгандай, кереметүү көлүбүзгө кандай гана залкар адамдар жүрөктөрүнөн чыккан ыр саптарын арнашкан. Көлүбүздүн кооздугуна кимдер гана суктанышпаган, канчалаган адамдар эс алышып ден –соолуктарын чыңап келишкен. Ысык – Көл аймагы бекеринен өзгөчө корголуучу Биосфералык аймактын катарына кирбесе керек!SDC10024
Көлүбүздүн керемети, анын айланасындагы климаттык шарт жеке эле адамдар үчүн эмес баардык жан – жаныбарлар, өсүмдүктөр үчүн дагы өтө чөң мааниге ээ. Канчалаган балыктардын, микроорганизимдердин ж. б., суу өсүмдүктөрүнүн негизи жашоо чөйрөсү экендигин биз унутбашыбыз керек да.
Жакынкы аралдыкта, тагыраак айтканда 31. 10. 2009 ж. Михайловка тараптагы эс алуучу пляждык зонада кереметүү көлүбүздүн бир күндүк тагдырына күбөө болдук. Адамдын иш аракетинен улам пайда болгон саркындынын көлдүн бетинде жайылып, уламдан – улам батыш тараптан суунун агымы менен келип жаткандыгы бизди өтө таң калдырып, жүрөктүн үшүн алды. Белгисиз заттардын көлдүн бетинде чөгүп кетпей жайылып жатышы, суу түбүндөгү агымдын багытты менен жээкти бойлоп бир багытты көздөй агып кетип жатканы табышмак болду. Мындай акмакчылыкты кайсыл адам, кайсы иш канаа жасады болду экен деген суроого жооп издеп келебиз.

we do not know what is it?

we do not know what is it?

Көлдүн бетиндеги мындай көрүнүш бизди тынчсыздандырбай койгон жок. 4 ноябрь күнү Мам. айлана чөйрөнү коргоо башкармасына кайрылуу кылып, алар менен кошо анализ алдык. Анализдин жыйнтыгы менен жоопту адамдар табылат го деген ойдобуз.
Кайран көл! Карап турсаң, оозу болсо, көзү болсо, үнү болсо нөшөрлөгөн көз жашын төгүп, баардык үнү менен дүйнөгө өкүрүп кайрылат беле???
Биз күбөө болгон укмуштуудай нерсени сөз менен сүрөттөбөй эле, көлдун баркын, маанисин түшүнгөн адам болсо, биз тартып алган сүтөттөргө күбөө болот го деген ойдомун.
Мындай шумдуктарга ким жооп берет???
Ысык –Көлүбүздүн келечектеги тагдыры кимдин колунда болду экен?????

SDC10092
К. Тыныстанов атындагы ЫМУ экология кафедрасынын ага окутуучусу Кудайбергенова А.К.

Вам может также понравиться...