Маанилуу жанылык

Устубуздогу 2006 жыл маанилуу жанылыктарга бай болду деп айтсак жанылыштык эмес. Анткени, Кыргызстандагы «Башат ФОБ» Коомдук Фондусунун демилгесин колдоо менен «Collaboration-Содружество» Ассоциациясы жана «Тендеш» коомдук бирикмеси бирдикте «Нарын башаты» Ассоциациялар Конгрессин («Нарын башаты» Конгресси), окмоттук эмес уюмун уюштурушту. Конгресстин атайын Уставы и жана башка тийиштуу иш кагаздары даярдалып, Нарын облустук адилет башкармачылыгында мамлекеттик каттоодон отту жана каттоо куболугу алынды.

«Нарын башаты» Конгрессинин негизги максаты – Кыргыз Республикасында окмоттук эмес уюмдардын осуусуно комок корсотуу, аларды жана жергиликтуу жамаатарды координациялоо болуп саналат. «Нарын башаты» Конгресси мучолук уюм, ага мучолукко «Фауна жана Флора» Интернешнл (Великобритания) уюумунун «Башат (ФОБ)» Коомдук Фондусу аркылуу каржылаган долбоорлоруна катышкан Нарын облусунун бардык райондорунун коомдук окмоттук эмес уюмдары Жана башка коомдук уюмдар, жеке адамдар оз каалоолору менен кабыл алынат.

«Нарын башаты» Конгрессинин башкы башкаруу органы болуп мучолордун жалпы чогулушу эсептелет. Ал зарыл болгон учурларда чакырылат, бирок жылына бир чогулуш созсуз болушу керек.
Конгрессте Координациялык Кенеш тузулгон, анын курамы мучолордон шайланган 7 адамдан турат. Кенештин жыйындары жылына 2 жолу отушу керек.

Конгресстин Жалпы чогулушунун жана Координациялык кенештин жыйынынын ортолорунда башкарууну жургузуучу орган — бул Конгресстин торагасы эсептелет. Торага 5 жылдык моонот менен шайланат. Тораганын милдеттери жана укуктары Уставда кенири корсотулуп жазылган.

Жакында, 2006 жылдын 25 июль куну «Нарын башаты» Конгрессинин жалпы жыйыны болуп отту. Ал чогулушта Конгресстин уюштуруучулары менен катар ФФИ каржылаган ж.б. коомдук уюмдардын жетекчилери катыша алышты. «Башат (ФОБ) коомдук Фондунун жетекчиси Дыйканова Чолпон Карбозовна чогулушта кенири соз суйлоп, фонддун ишмердуулугуно кенири токтолуп, келечектеги милдеттерди баяндап берди.
Ошону менен бирге Конгресстин торагасын шайлап алууну сунуштады. Конгресстин торага кызматына карата конкурс жарыяланып, ага 7 адам арыздарын беришкен. Ал талапкерлер атайын тузулгон комиссиянын сыноосунан отушкон. Натыйжада сыноо конкурсуна катышкандардын ичинен Усупбаев Азамат жогорку тепкичтеги баллга ээ болгон. Жалпы чогулушта Азамат Усупбаевдин талапкерлиги добушка коюлуп, ага катышкан 22 мучолордун баардыгынын макулдугу менен ал Конгресстин торагасы болуп шайланды. Ушул мумкунчулуктон пайдаланып Азамат Усупбаевди жаны жооптуу кызмат орду менен Ассоциациянын атынан куттуктайбыз жана ийгиликтерди каалайбыз.

Конгресс оз ишин 2006 жылдын 20 августунда баштайт. Азыркы учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ишмердуулугуно козомол жасоо, алар боюнча отчетторду кабыл алуу, жаны долборлордун устундо иш алып баруу, иш кагаздарын жонго салуу жана облустагы коомдук, мамлекеттик уюмдар, мекемелер менен байланышты тузуу жана башка координациялык иштер Конгресстин негизги милдеттери болмокчу.

«Нарын башаты»

Вам может также понравиться...