Майлуу-Сууда канализациянын суулары түз эле дарыяга кошулган учурлар бар

Майлуу-Суу шаарынын ортосунда жайгашкан №5,39, Кул-Азык канализациялык насос станциялары (КНС) ар кандай себептер менен иштебей калып, саркынды суулары түз эле Майлуу-Суу дарясына кошулган учурлары да шаарда ич-келте оорусунун көбөйүп кетүүсүнө себеп болууда.

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын берген маалыматына караганда, учурдагы текшерүү мезгилинде да айрым кемчилдиктер толугу менен кайталанууда. Майлуу-Суу шаарынын  калкын таза  ичүүчү  суу менен шааардык суу  чарба  башкармачылыгынын  балансында  турган суу түтүкчөсү камсыз  кылат.

«Бүгүнкү күндө Майлуу-Суу шаарынын  калкы  22 ми 911 киши жана  алардын 90 пайызы  суу түтүкчө аркылуу  таза ичүүчү суу менен  камсыз  болгон. Ал эми  шаарга караштуу  Көк-Таш айылында суу түтүкчөнүн  жоктугунан  суу элге транспорт  аркылуу ташалып берилет. Шаардык Суу  чарба  башкармачылыгына  караштуу   суу  түтүкчө  1947 жылдары  курулган  жана   суу берүү кубаттуулугу бир  күндө 20 м. м3-ди түзөт, ал эми  суу булагы  ачык жер үстүнөн  же башкача  айтканда  суу  булагы болуп  Майлуу-Суу  сайы болуп эсептелинет. Бардыгы  болуп  суу  тутукчонун  узундугу шаар боюнча 50, 4 км.  түзөт,  таза  ичүүчү суу химиялык жол менен суюк хлор менен  залалсыздандырылат», — дейт Г.Аширова.

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...