Россиянын суу, газ түтүктөрү Ошко келет

Россиянын Түтүк (Трубная) Металлургия компаниясынын «ТМК» КМШ өлкөлөрү боюнча директору Сергей Четвериков Ош шаарында болду. Мэр Жумадыл Исаков менен болгон жолугушууда аталган компаниянын жетекчиси ишкана туурасында кеңири маалымат берди.

«ТМК» Россиядагы түтүк өндүрүшүндөгү эң ири холдинг болуп эсептелет. Россиянын түтүк чыгаруу өндүрүшүнүн 45 пайыз продукциясын ушул компания камсыз кылат жана андан сырткары продукциясы дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнө экспорттолот. Шаар мэри Жумадыл Исаков Россия менен Ош шаарындагы суу чарба, газ чарба жана жылуулук ишканаларына бүгүнкү күндө сапаттуу түтүктөр зарыл экендигин белгиледи. Жолугушууда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Токтосун Латыпжанов, шаардык газ чарбачылыгы башкармасынын начальниги Минхождин Сираждинов жана башкалар сүйлөшүп, өз ара кызматташуу боюнча пикирлер айтылды.

Меймандар «АКИpress-Фергана» маалымат агентствосунда журналисттер менен жолугуп, Сулайман тоосундагы үңкүр жана тарыхый музей комплексинде болуп, ушул эле күнү Бишкекке учуп кетишти.

Жыпар Акунова, Ош

www.zaman.kg

Вам может также понравиться...