Свет жок, бирок кун бар

Баткен районунун Кара Булак айылынын тургуну Аваз Чотбаев Кытайдан айылга оочок алып келиптир деген имиш соз чыкты. Бирок очок отунсуз эле суунуда, тамактыда бышырат экен дешет жашоочулар. Отундун же электр тогунун ордуна ал очокко кундун нуру эле корсо жетет экен. Эми андай очокту жашоочуларда сатып алууга болот. Акыркы жылдары Аваз аке коптогон айылдаштарына жана облус жашоочуларга Кытайдан келген ушул сымал буюмдар менен жардам корсотуп келе жатат. Сырткы корунушу антенна же локаторго окшогону менен, бул ар бир уйго керектуу болгон жонокой нерсе болуп чыкты.

Аппараттар «китайский» болсода, аларга Аваз Чотбаев 3 жыл коркпой кепилдик берет. «Бизде «солнечная печь» деп койобузда. Кундун нурунан кундун печкеси. Муну негизги алдырганыбыздын максаты – которуп жургонгода, башка жерлерге алып барганга, жайытта, анан уйдода колдонсо болот. Эн жонокой жери – которуп журсода болот.
Мында жаз айында кастрюлдогу суу 10 минутада кайнайт. Мунун жакшы жери кундун нуру жагына бура бересин», — дейт Аваз Чотбаев

Кыргызстанда электр жылыткычтарга тыйуу салынган. Электр тогунуда бат – бат очуруп турушат. Ошондуктан Кытайдын кундун нуру менен иштей турган аппараттар кыргызстандандыктарга чон жардам корсотот десе болот. Бугунку кундо мындай инновациялык жанылыктар Баткен облусунда Аваз Чотбаевге окшогон ишмерлер аркылуу келуудо. Эгерде биринчи кундору Кытайга барып аз – аздан алып келип турган болсо, бугунку кундо ошол сымал аппараттар Баткенде бир топ жумуштарды аткарып атат.

«Бизде мисалы кундун нурунан ток чыгарып жатабыз, кундун нурунан тамак жасап атабыз, кундун нурунан сууду жылытып баня, кир жууганга иштетип атабыз, анан суудун озунун кучу менен суу чыкпаган жерлерге суу чыгарып атабыз. Азыр Баткенде бироосу эле калды, шамалдан ток чыгара элекпиз», — дейт Аваз аке.
Аваз Чотбаевдин кызы Айгулдун айтуусу боюнча айылдагы аялдар уй жумуштары кыйла женилдеп калган.

«Аялдар учун эн керектуу экен. Кир жууганда, эрте менен бет жууганда, анан шашылыш тамак жасаганда. Анан отун ташып уйду ыпыратпайсын, аялдар учун эн керектуу нерсе экен. Жакшы нерсеси, азыр электроэенргиядан орт чыгып атат, комурдон ууланып атат, а бул нрседен коркпойсунда, бардыгын кундун энергиясы менен алабыз», — дейт Айгул.
2008 жылы Кыргызстанда электриктердинда бир топ жумушу кобойду. Электроэнергия убагы менен пайдаланууга берилгенден алар ар дайым уйлорду кыдырып журушот. Жашоочулар электр менен иштеткен жылыткычтарды текшеруу жургузуп туру керек, анткени андай жылыткычтарды иштетууго тыйуу салынган. Электриктер жашоочуларга тушундуруу иштеринда жургузуп башташты.

Бирок жашооулдардын арасында кээ бирлер толобойда жургондор жок эмес. Андайлардын уйун очурууго мажбур болушат.
«Электроэнергияны пайдаланып бирок толобой жургонду очуруп журобуз. Мисалы азыр очургонубуз 12 жарым минден карызы ашып кеткен. Эми толосо куйгузуп беребиз», — дейт ал электриктердин бироосу.
Мындай абалды электр тармагынын кызматкерлри суу сактагычтардагы суунун аздыгы менен байланыштырат. Ошон учун убактынча токту пайдаланууга чектоо салынган.

Электр тогуну уномдоо учун бир эле жашоочулар эмес, мектептерда курошуудо. Алардын бири – Баткен районунун Чек айылынын орто мектеби. Сабакка келген окуучуларды эми терезелеринен трубаларын чыгарган класстар кутуп турушат. Мектеп директору Мусаев Нурали агай, физика сабагынын газ законун, окуучуларга печкага комур жагып тушундурот эми. Печке чогун сабак учурда да очуруп койбошту унутпайт. Класс канчалык жылуу болсо, окуучулар ошончолук сабактардан калышпайт.

Печкалар мектептин 30дан ашык классына орнотулган. Кыш келбей жатып чондор, ата – энелер болуп биригип мектепти жылытуу маселесин чечип беришкен. Директор Нуралы Мусаевдин айтымында мектеп жылуу, бирок комурдун сапаттуурагын жакса анданда жакшы болмок.
«Бирок комур ото алыстан келгендиктен сапаты кичине начар болуп атат, бирок жылуулукту ушундай эле берет», — дейт мектептин директору Мусаев.
Чек орто мктебинин окуучусу Умарбек кызы Гулмайрамдын айтуусунда
класстары жылуу эле, бары жайында. Сабактар узгултукко учураган жок.

Анны менен чогу окуган Ашым кызы Азада:
«Жоок, эч кандай узгултукко учураган жок, эн жакшы бардыгы. Электричество жакшы ысытпайтда классты, азыр мына печка эн жакшы ысытып жатат».
Окуучулар жана мектеп директорунун айтууларына караганда печка жаккандан бери класстар эн жакшы ысып калган. Бирок эмнегедир сабак учурунда директорда, бир окуучуда калын куртка же пальтосун чечип коюшпады.
Бирок бардык жактарга андай аппараттар келип калган жок. Электр жылыткычтардын ордуна кабат уйлордун квартираларындада комур печкалар пайда боло баштатды. Баткен шаарынын тургуну Адалат эжеда печка курууга мажбур болгон. Эми квартирада комур жагып баштаган.
«Мына минтип печка куруп алдык, мына мындайча кылып от жагабыз. Бир неберем бар, кыш быйыл ушинтип келди, ушунчалыгына кудаага шугур. Азыр свет жок, эми ошонун дардынан печканы жагып отурабыз, ылык уйдо», — дейт Баткен шаарынын тургуну Адалат эже.
«Кыштын башында кабат уйлордо жашагандарды электриктер келип эскертип кетишкен», — дейт Адалат эже.

Эгерде кундун нуру менен иштеген аппараттарды алгандар таза жана коп жумуштан кутулган болсо, кабат уйлордогу комур жаккандарда бир топ жумуш кобойду.
Адалат – Баткен шаарынын тургуну
«Кыйналабыз, кыйын, комурду эки этажга алып чыгабыз. Мунун кулуну алып чыгабыз, чан болот, газы чыгат экен, зыян болсо да отурабыз. Суукта отургандан коро ылыкта отурайык деп жагып отурабыз», — дейт Адалат эже..

Эмми кышты Адалат эжеге окшогондор комур менен женип чыгууга аракеттенишет. Кабат уйлордо Баткенде мурда бир гана электр жылыткычтар менен отуруп келишкен.
Шаардагы ишканалар свет жоктугунда генераторлорун иштетип жумушун аткарышат
Электроэнергияны Кыргызстнда уномдоп пайдаланууга откондугуно карабастан узгултуксуз аны пайдалана турган жерлердин бири болуп ооруканалар эсептелинет. Бул жерде ооруканага жаткандар учун дайыма свет берилип турушу зарыл. Кокус электр тогу очуп калган учурларда ошол замат генераторлорду иштетууго даяр. Эч кандай светтин жоктугунан оорукчандарга зыян бул жерде болууга мумкун эмес», — дейт Баткен Облусттук бириккен ооруканасынын директору Тажиниса Шорохова.

«Биз постоянно пофилактикалык ишти жургузуп турабыз андай учур болгон жок биздин ооруканада, себеби свет очушу менен атайын специалист бар кызматкер, дизельный генераторду сразу иштетет», — дейт Шорохова.
Жашоочулар учун электроэнергиянын жок учурда кыргызстандыктарга генератор же кундун нуру менен иштей ала турган аппаратар жардам беришет. Бирок жашоочулардын бардыгында андай аппаратарды сатып алууга мумкунчулугу жок. Адалат эжеге окшоп жашагандардын саныда аз эмес. Алардын умуту кыштан тезиреек чыгуу, анткени ошондо гана комур сатып алуудан кутулуп уйлорундо жашоого шарт кичине болсода озгорот.

Саатбек Эгембердиев

Вам может также понравиться...