Ысыккөл облусу менен Венгриянын Зала округу кызматташмакчы

Ысыккөл облусу менен Венгриянын Зала округунун ортосунда иштиктүү келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агентствосунда өткөн басма сөз жыйынында Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев билдирди.

Э.Өмүралиев белгилегендей, облустун жетекчилиги венгриялык ишкерлер менен жарым жылдан бери айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү технологияларды, жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Сокту, джемди, консервалоо жана ар кандай товарларды кайра иштетүүгө ылайык жабдуулар, Венгрия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө киргенден бери евростандартка туура келбей чыгарылып калды.

Бирок бул жабдуулар абдан жогорку деңгээлдеги технологиялар, андыктан биз ал жабдууларды алып, айыл чарба товарларын кайра иштетүү жаатында иштеген өз ишкерлерибизге беребиз,- деп билдирди Ысыккөл облусунун губернатору. Мындай жабдууларды алуу үчүн алгач, кыргыз ишкерлери сунуштарын билдирген. Ага ылайык ушул тапта Караколго 29-июндан бери Венгриянын Зала округунун ишкерлери келип, бул маселенин үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Венгер ишкерлери 4 күндөн бери келген максаттары боюнча биздин ишкерлер менен сүйлөшүп, мындан аркы иштешүү багыттарын тактап алышты. «Бул багыттагы маселенин баары такталган болсо, биз буюрса ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында Зала округуна барып аталган келишимге кол коёбуз, ошол келишим менен бирге контракка да кол коёбуз»,- деп белгиледи губернатор.

Б.Шүкүров — «Кабар»

www.zaman.kg

Вам может также понравиться...