Экотуризмди онуктуруу кечиктирилгис иш

Кыргызстан откон кылымдын жарымына чейин дуйнодо илбирс коп мекендеген олко катары таанымал болуп келген. Жырткычтын коптугуно таянып биз анны коптогон олколорго зоопарктарга экспорт кылчубуз. Олкодо илбирс кармаган дасыккан анчылар бар эле, андан сырткары каалаган чабан тируулой кармап, зоопарктарга откоруп сыйлык алуучу. Откон кылымдын 80-жылдарында башталган бийик тоолорду оздоштуруу, олкодо малдын санын, аны менен бирге бийик тоолуу аймактардын калкынын кескин кобойушуно алып келген. Бийик тоолордо ашуулар, жолдор, жуздогон уйлор жана кашарлар салынган. Геологиялык жана чумага каршы экспедициялар, чек арачылар, жол салуучулар жана башка аракеттердин артында тоолуу экосистемалар болгон антропологиялык басым чектен ашып кеткен. Жаратылыштын тен салмактуулук бузулуп, уй жаныбарлардын биомассасы жапайы жаныбарлардыкынан коптук кыла баштаган. Анын натыйжасында эн аяр болгон экосистемалар озунун функциясын толук аткара албай, озунун жаратылыш бирдиктерин жогото баштаган.

Ч.Дыйканова, «Башат» ОЭУнун директору А.Кудайбергенова, «Ысыккол башаты» ассоцияциясынын жетекчиси.

90-жылдарда экономикалык кризистен кийин олкодо малдын саны кескин азагандыгы белгилуу. Экономикалык системанын бузулушу жергиликтуу тоо калкына дагы терс таасирин тийгизип, жашоо абалы томондогон. Элге кошумча булактары керек болгон катал учурда жергиликтуу тоо калкы, озгочо чабандар анны жергиликтуу тоо калкы, озгочо чабандар аны жергиликтуу биоресурстардан таба алган. Бири суур, карышкыр, кийик атса, экинчиси илбирске капкан салган. Ошол учурда газета беттеринде илбирс, ителги сатып алма деген сыяктуу жарнамалар ачык эле жарыяланып калган. Натыйжада акыркы отуз жыл ичинде олкодогу илбирстин саны кескин азайып азайган. Буга анын тамак-аш базасынын кыскарышы дагы себеп болгон. 80-жылдары олкодогу эт продукциясынын корсоткучун кобойтуу учун жапайы эчки, текеге официалдуу массалык анчылык практикаланган. Уй жаныбарларынын кобойушу жапайы туяктуулар арасында оору сыркоонун кенири тарашына алып келген. Жайлоолордун тарышы жана сапатынын бузулушу, браконьерчилик жана башка себептер кийиктердин санынын кыскарышына алып келген. Учура Кыргызстандын аймагында илбирстин саны кээ бир окумуштуу эксперттердин божомолдуу эсеби боюнча 300 го чукул. Мамлекет ичиндеги илбирс популяциясынын майда бири-бири менен байланышы узулгон. Локалдык популяцияларга айланышы аны сактап калууга болгон мумкунчулукту кескин томондотот. Илбирстин олкодогу абалын аныктоо комплекстуу жургузууну талап кылууда. Бийик тоолуу аймактарды камтуучу бул иш чон финансылык колдоосуз ишке ашышы мумкун эмес. Жогоркудай демилге менен «Башат» ОЭУ Глобалдык Экологиялык Фонддун кичи гранттар программасынын колдоосуна ээ болду. Кыргызстанда тузулгон коруктар олкодогу илбирс таралган аймактын 1% эле тузот. Бирок, бул эн маанилуу аймактар экени талашсыз. Коруктарга чектеш жаткан аймактардын биологиялык корсоткучтору кобунчо корук ичиндеги корсоткучторго жакын келерин дуйнолук практика коргозуп келет. А бирок коркукка чектеш жайгашкан айыл элдери ал жерлерге зор басым коргозуп келишет. Сары-Чат-Ээрташ жана Нарын коруктары дагы ушул ондуу абалга туш болуп келуудо. Коншу жайгашкан элдер албетте корук чек арасына жакын жерлерде анчылык кылып биоресурстарга терс таасирин тийгизишет. Жергиликтуу эл менен иш жургузуу, же аларга альтернативдик булактарды сунуштоо бул проблеманы чечуунун бир жолу. Аткарылып жаткан долбоор ушул максатта экотуризмди онуктуруу жолун тандап алган. Жергиликтуу эл сейрек болгон илбирстин издерин, жашоо-чойросун жана жеми болгон аркар-кулжа, эчки текени четен келген туристтерге коргозуу менен бирге, ал жонундо жетишпей келген илимий маалыматты топтоого, санак иштерин жургузууго катыша алат. Андан тышкары экологиялык туризмдин онугушу бул аймактагы имер топтордун жасаган продукцияларына жана алардын жасалгалашына (сервис) болгон талапты жогорулатмак. Жогорку талапты эске алып «Башат» ОЭУ жергиликтуу калк менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. Илбирс учун Кыргызстандагы эн маанилуу аймактардын бири бул Борбордук жана Ички Тянь-Шань тоо кыркалары эсептелинет. Мына ушул аймактарда орун алган Сарычат-Ээрташ жана Нарын коркутарына жакын жайгашкан тоолуу айылдар, булар Аксуу районунун Энильчек, Жетиогуз районунун Акшыйрак, Нарын районунун Оорук-Там, Таш-Башат жана Эки-Нарын айылдары. Долбоордун негизинде жогорку айылдардын элинен экотуризмди онуктуруу учун топтор же жамааттар тузулгон. Экологиялык талапты эске алган ат жана жоо журуучу маршруттар тузулуп, иштелип чыккан. Андан тышкары жергиликтуу коомчулуктарга экотуризмди онуктуруугоэн керектуу болгон каражаттар сатып алынган. Туристтерге тура кызмат корсотуу болгон каражаттар откорулгон6 семинарга 48 адам катыша алат. Тузулгон маршруттар Интернет аркылуу дуйно элдерине сунушталат. Натыйжада 2007-жылы жергиликтуу элдер биринчи туристтерди кабыл алып, кызмат корсото алышат. Долбоордун алкагында Таш-Башат, Эки-Нарын, Ак-Шыйрак, Энильчек айылдарында 2 кишиден турган коомдук патрулдар тузулду. Тузулгон патрулдарга 2006-жылдын ноябрь айында Балыкчы шаарында «Ысыккол» биосфералык аймагынын кызматкерлери, келишимдин негизинде патрул жургуузунун негиздери тууралуу семинар откорушту. 2006 жылдын октябрь айынын «Башат»ОЭУ белгилуу дизайнер Гулмира Кутуева менен биримдикте Эки-Нарын айылында элдик кол онорчулук жана кийизден сапаттуу сувенир продукцияларын жасоо боюнча окутуу семинарын откорушту. Октябрь айында жасалган продукцияны сатуу учун Америка зоопарктарынын дукондоруно жонотулгон. Кезектеги продукция жазда экспортко жонотулмок
чу.илимий экспедициялардын баалоосу менен, эгер коншу айылдардын эли аймактагы жапайы жандыктарга браконьерчилик кылбааса сатылган продукциянын 30% коломундо кошумча сыйлык каражат берилет. Натыйжада Энильчек аймагында факт катталбай, 22500 сом сыйлык ала алышат. Жергиликтуу топторго туристтерди тосууга эн керек болгон буюмдар сатылып берилди. Натыйжада жергиликтуу топтор туристтерди кабыл алууга май айынан баштап даяр болушат. Энильчек, Оорук-Там, Акшыйрак, Эки-Нарын айылдарынын аймагында корук кызматкерлери жана жергиликтуу топтордун катышуусунда туристтик маршруттар иштелип чыкты. Жогорудагы демилгенин ойдогудай ишке ашышы озунун эффективдуулугун коргозо алмакчы. Жергиликтуу коомчулуктар мене ниш алып барууда мындай иш-аракеттерди улгу кылсак жакшы болоор эле. Ч.Дыйканова, «Башат» ОЭУнун директору А.Кудайбергенова, «Ысыккол башаты» ассоцияциясынын жетекчиси.

Вам может также понравиться...