КӨҢҮЛ БУРГУЛА, СЫНАК!

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Жашыл климат» долбоору Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү жамааттары арасында долбоорго пилоттук жамааттар катары катышуу үчүн сынак жарыялайт.

Пилоттук жергиликтүү жамааттардын аймагында климаттын өзгөрүүсүнө алсыздыгын баалоо жүргүзүлөт, экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттардын, аялдардын жана жаштардын катышуу практикасы иштелип чыгат жана ишке ашырылат; климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого пилоттук долбоорлордун планы иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

Сынакка катышуу үчүн жергиликтүү бийликтин жана коомдук демилгелүү топтордун кызыкчылык катын жана жергиликтүү жамаат тууралуу маалыматты (адамдардын саны, жайгашкан жери, айылдын жакын жердеги корголуучу аймактардын же токой чарбасынын болушу ж. б.) жөнөтүш керек. Арыздын формасы Заявка (кырг.)

Жамааттарды тандап алуунун негизги критерийлери:

1.     Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жанында жайгашуу.

2.     Катаал климаттык шарттар, климаттын өзгөрүшү менен байланышкан табигый кырсыктар, жашоо камсыздоо жагынан жагымсыз климаттык шарттар.

3.     Экологиялык көйгөйлөр: жайыттардын деградациясы, браконьерлик жана мыйзамсыз токой кыюу.

4.     Аялдар менен жаштар арасындагы жумушсуздуктун жогорку деңгээли.

5.     Калктын жакырчылыгы.

6.     Ичүүчү жана сугат суу менен жеткиликтүлүк.

7.     Калктын жаратылыш ресурстарынан жогорку көз карандылыгы.

8.     Жаңы жумуш орундарын түзүүгө коомчулуктун даярдыгы.

9.     Жаштардын жана аялдардын активдүү топторунун болушу (16 жаштан 35 жашка чейин).

10.  Жамааттагы социалдык жана экологиялык долбоорлорду мобилизациялоо жана ишке ашыруу боюнча мурдагы тажрыйба.

11.  Жамааттардын айлана-чөйрөгө антропогендик күч келүүнү азайтууга даярдыгы.

12.  Жамааттардын өздөрүн уюштуруу жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү.

Документтерди ушул жылдын 1-ноябрына чейин кыргыз же орус тилдеринде электрондук почтага azat.alamanov@mail.ru жөнотүү зарыл.

Кызыккандар 0(700)700349 (WhatsApp) номери боюнча долбоордун экспертине Азат Аламановго кайрылып толук маалымат алса болот.

«Жашыл климат — Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоору Норвегиянын жаратылышты коргоо коомунун жалпы координациялоосу алдында, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «ГЛИП» бейөкмөт уюму менен биргеликте, Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

#EU4KG #Youth4Climate #жашылклимат

Вам может также понравиться...