Күнөскана ишмердүүлүгүнө арналган уникалдуу окуу курсуна катышуучуларды тандоо конкурсу

«Атуул» коомдук бирикмеси Жашыл Чарба Агрохолдинги менен биргеликте күнөскана ишмердүүлүгүнө арналган уникалдуу окуу курсуна катышуучуларды тандоо конкурсун жарыялайт. Окутуу  Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен “Чакан иштен зор ишке” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

 

Окутуу курсуна күнөскана ачууга өз каалоосу жана даярдыгы бар активдүү жана демилгелүү лидерлер катыша алышат. Бул курс,  күнөскана иштетүү боюнча теориялык жана практикалык билимдерди, бизнести  пландоонун  негиздерин, ошондой эле финансылык жана уюштуруу пландарын, сатуу жана маркетингдин негиздерин камтыйт. Окуу курсу,  Жашыл Чарба Агрохолдингинин төрт жылдык тажрыйбасынын негизинде даярдалган.

 

Курс толук 2 күн өтөт. Курска катышуу үчүн жол кире жана турак жай маселеси катышуучулар тарабынан төлөнөт.

 

Окуу курсун аяктаган катышуучулар өзүлөрүнүн күнөсканаларын иштете баштайт.

Курстун өтүү этаптары:

  1. 10 июлдан 25 не чейин билдирмелер кабыл алынат
  2. 25 нен 28 июлга чейин билдирмелерди кабыл алуу жана тандалып алынган талапкерлерди маалымдоо
  3. 31 июлдан 31 августка чейин Кыргыз Республикасынын 7 областында күнөскана ишмердиги боюнча курсу өтөт
  4. Курсту аяктагандан кийин катышуучулар өзүлөрүнүн бизнес идеяларын ишке ашырат
  5. 1 октябрдан 31 на чейин катышуучулардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт
  6. Ийгиликтүү катышуучулар жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүн алышат

 

Окуу курсун аяктаган катышуучулар өзүлөрүнүн  күнөсканаларын иштете баштайт.

Окуу акысыз негизде жүргүзүлөт.  Сиз катышкан убактыңыз жана ишмердүүлүгүңүздү ишке ашыруу далалатыңыз менен жооп кайтарууңуз шарт.

 

Тандоо критерийлери:

  • Жаш курагына чек жок;
  • Бизнес\социалдык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы;
  • өздүк ишмердүүлүктү өнүктүрүү умтулуусу,жоопкерчилик, лидерлик сапаттар;
  • Жаны демилгелерге жана билимдерге болгон ачык мамилеси;
  •  Аймактагы жакын шаарлардын биринде өтө турган окууга сөзсүз катышуусу (окутуу 7 шаарда өткөрүлөт);
  • Максат коюу жана аларды ишке ашыра билүүсү.

 

Күнөскана ишмердүүлүгү боюнча окутууга конкурстук негизде катышуу үчүн, Сиз кыргыз же орус тилинде толтурулган  билдирмеңизди ушул жылдын 25 июлунда  саат 17:00 кеч эмес тапшырууңуз зарыл.

Орус тилинде  билдирме:

 Курс тепличного дела

Кыргыз тилиндеги билдирме:

 Күнөскана иши боюнча окутуу курсуна билдирме

Сынактан  ийгиликтүү өткөн гана талапкерлер телефон же электрондук почта аркылуу маалымдалат.

Эгер сизде кошумча суроолор пайда болсо  atuul.kkol@gmail.com электрондук дарегине же +996 551 255 012 байланыш телефонуна кайрылыңыздар болот.

 

Күнөскана ишмердүүлүгү боюнча окутуу курсуна кызыккандыгыныз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Бул билдирмени толтураардан мурун, Сизден окууга катышуу шарттары менен  кылдат таанышып чыгууңузду өтүнөбүз.  Сиз берген толук жооптор бизге мотивациянызды түшүнүүгө жардам берет жана сиздин билдирмеңиздин ийгиликтүү болушун камсыздайт. Толук же так эмес берилген билдирмелер кабыл алынбайт!

 

Жылдызча (*) менен белгиленген суроолор милдетүү түрдө жооп берүүнү талап кылат.  Билдирмени толтурууга болжол менен 10-15 мүнөт сарпталат.

 

Билдирме орус же кыргыз тилинде толтурулат.

Акыркы тапшыруу мөөнөтү: 25 июль 2017 жыл,  саат 17:00

 

 

Назира Шералы

Mобильный номер:    0552 808 930

skype: nazira.sheraly

Вам может также понравиться...