Кан-Ачуу тоо кыркаларына “Илбирс” долбоорунун алкагында бир нече фото капкан орнотулду

Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун мергерчилери аңчылык кылган, малчылары жайында жайлоого чыккан Кан-Ачуу тоо кыркаларына “Илбирс” долбоорунун алкагында бир нече фото капкан орнотулду. Бул тууралуу  экологиялык — техникалык инспекциянын штаттан тышкаркы кызматкери Ашим Чатаев маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул фото капкан мергенчилер өтө турган жерлерге, жаныбарлар жашаган жерлерге орнотулду. Фото капкандын заряды 2 айга жетет. Бул аралык ичине бардык ал жерден ким, эмне өтпөсүн, кыймылдын баарын сүрөткө алат. Кечинде да кандай кыймыл болбосун, баары сүрөткө тартылат. Бул кичинекей гана ширекедей болгон алыстан көзгө көрүнбөгөн буюм. Бир айдан кийин аны барып, фото капканды көрүп келишет. Ушундай фото капкандарды Кыргызстанда көбөйтүү керек,- дейт А.Чатаев. Муну менен браконьерлерге каршы күрөшүп, ал жерде учурда кандай жаныбарлар жашап жаткандыгын билүүгө болот.

КР жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин штаттан тышкаркы инспектору Гамал Соронкулов жана облустук мергенчилер коомунун мүчөсү Сатымкул Сарыков, Ашим Чатаев үчөө 18-июлда Сузак районунун Кара-Алма ашуусу аркылуу Казарманга ашып өтүшүп, Токтогулга чейин ат менен тоолордун баарын кыдырып, 7 күндүк  рейдди жүргүзүп келишти. Бул кыдырууда жөө жүрүүгө да туура келгендигин Ашим Чатаев журналисттерге баяндап берди.

— Кан-Ачуунун жерлерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун малчылары, мергенчилери да барат экен. Миң-Теке деген жер бар экен. Миң-Текеде бир да теке жок. Биз аны дүрбү салып да көрө албадык.  Жети күн ичинде 2 кийик көрдүк дүрбү менен. Алар да жалгыздап жүрөт. Качып кетип, жан багып жалгыздап жүрсө керек да. Миң-Текеде 1 теке жок экенин ошол жердеги Токтогул районунун чабандары да далилдеди. Малчылар 4 жылдан бери кийик калбагандыгын айтышты. Кан-Ашууга күн сайын мергенчилер 7-8ден болуп ат менен барышат экен. Баарынын колунда бирден мылтык. Бири кетип баратса, бири келе жаткан болот. Күн кур эмес барышып, кээде согуш болуп кеткен учурлар да болот,- дешти малчылар. Анан ушундай кылып атса, кийик калбайт да.

Кан-Ачуунун Көк-Ирим деген суусу бар. Ал картага ушундай аталышта түшкөн. Ал сууга Жинди-Суу, же Кашка-Суу, Ак-Суу деп аталган суулардын баары келип кошулат. Илгертен эле Көк-Ирим суусунун боюнда “Гостиница” деп аталган үңкүр бар экен. Аны бир күн мурун дүрбү менен көрүп,  таңгамал барып бастык. Бир күн мурун 5 жолу атылган мылтыктын үнүн уктук.

Ошентип, 23-июль күнү Токтогул районуна караштуу Кичи-Кан-Ачуу тоо кыркаларынан мергенчилик кылган Базар-Коргон районунун 7 жараны 2 тоо текенин атып, этин куржунга салып үңкүрдөн чыгып, тоо тарапка аң уулоо үчүн кетип бара жаткан жеринен колго түшүштү. Мергенчилердин башчысы Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Пилан Иманкулов болуп чыкты. Анын жанында мурдагы Жогорку Кенештин депутаты М.Жураевдин жардамчысы деген күбөлүгү жана 10го жакын ар кандай кызматтардын күбөлүктөрү бар экен.

Кармалган мыйзам бузуучулардын минген аттары, мылтыктары, эки атылган тоо текенин баштары, териси, эттери (куржундагы, каптагы)  видео тасмага алынып,  облустук аңчылык департаментинин кызматкери Эрнист деген жигитке өткөрүлүп берилген. Алар ишти карап, Токтогул райондук прокуратурасына жөнөтүшүптүр. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат,- дейт А.Чатаев.

Анын айтымына караганда, “Гостиница” деген үңкүргө баргандар кийикти атып, мүйүздөрүн чаап эле ал жердеги ташты көздөй ыргыта беришкен. Корумдун айланасы мүйүзгө толуп, басарга жол калбай калыптыр. “Ушундай жол менен кийикти ата берсек, Кыргызстанда жаныбар калбайт. Кийик жок болгондон кийин, илбирс да жок болот да. Анын азыгы кийик да”, — дейт А.Чатаев.

Эки, үч жылдан бери аракет кылып жаратылышты коргоо багытында жамааттар түзүлүп жатат. Аксыда жана Кара-Кулжада жамааттар түзүлгөн. Алайда, Чүйдө бар мындай жамааттар. Токтогулда да демилге көтөрүлүп, аңчылыктын көзөмөлүн колго алабыз деп, жамаат түзгөнү жатышат. Эгерде Токтогул районунун чабандары, мекенчил жигиттери мергенчилерди көзөмөлдөсө, анда бул иштин жыйынтыгы чыгат.

“Биз Кан-Ачууга барганда малчылар менен баарлашып келдик. Дээрлик тоодо жапайы жаныбарлар калган эмес. Бизде бир нерсе бар экен. Аюу, кийикти көрсөк, кууп жүрүп атыш керек. Жаратылышка болгон өзүбүздүн аң-сезимди өзгөртмөйүнчө, бизде өзгөрүү болбойт. Ушул рейдден кийин, мыйзамдарды тез арада өзгөртүү керек деген ойдо калдым. Мисалы, чабандар ошол жерде 6-7ден ит багат экен. Иттер ал жердин айланасындагы кашкулак, суурлардын баарын жеп бүтөт. Ошол себептен, чабандар 1 же 2 ит алганга уруксат берген мыйзам кабыл алуу керек болуп турат. Иттерге чек коюу зарыл. Андан кийин кийиктердин көбүн ошол чабандар атып жатат. Эгерде ошол чабандар колго түшсө, ал чабанга 5 жыл ошол аймакка барууга тыюу салып,  кимдин коюу болсо, анын малы да жайлоого келбей турган кылып мыйзам кабыл алуу керек. Жамааттар иштеп, алар мергенчилерди көзөмөлгө албаса, аңчылык департаментинин буга алы жана каражаты жетпей жатат”, — дейт А.Чатаев.

Анархан Жаныбаева