Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча отчету: «Акыркы 170 жылдан бери ар бир жыл мурдагыга караганда жылуурак болууда. Климат бардык аймактарда өзгөрүп жатат. Глобалдык жылуулуктун негизги себеби – бул адамдардын иш-аракети. Ошондой эле акыркы беш жыл метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык жылдардан болгондугу, ал эми дүйнөлүк океандын деңгээли XX кылымдын башындагыга караганда үч эсе тез көтөрүлүп жаткандыгы тастыкталган». Климаттын өзгөрүшү деген эмне, ал канчалык кооптуу жана аны чечүүнүн жолдору барбы? Бул тууралуу «Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоорунун жана «Биом» экологиялык кыймылынын эксперттери Анна Кириленко менен Зоя Кретова айтып беришти.

Зоя Кретова, климат боюнча эксперт
– Климаттын өзгөрүшү деген эмне?

– Аба ырайы – бул жер шарынын белгилүү бир чекитиндеги атмосферанын же Жердин климаттык системасынын белгилүү убакыттагы физикалык абалы. Климат 30-40 жылдык «орточо аба ырайынын режими», б.а. метеорологиялык параметрлердин айкалышы (температура, жаан-чачындар, шамалдын ылдамдыгы жана багыты). Жөнөкөй сөз менен айтканда, аба ырайына биз байкоо жүргүзүп турабыз ал эми климатты эсептейбиз.

Климаттын өзгөрүшү, адатта, аба ырайынын орточо шарттарынын олуттуу өзгөрүшү катары аныкталат, мисалы, биз бир нече ондогон жылдар же андан көп жылдар бою жылуураак, нымдуураак же кургак болот деп айтканда бул климаттын өзгөрүшүн табигый аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгүнөн айырмалаган узак мөөнөттүү тенденция.

– Климат эмне үчүн өзгөрүп жатат?

– Климат Жердин бүткүл тарыхында материктердин кыймылы, вулкандардын, күндүн активдүүлүгү, жер орбитасынын өзгөрүшү сыяктуу табигый себептерден улам өзгөрүп турган. Ал эми азыркы учурдагы климаттын өзгөрүшү адам заттын кыйратуучу иш-аракеттеринен келип чыккан глобалдык температуранын көтөрүлүшү менен мүнөздөлөт.

– Климаттын өзгөрүшүндөгү адамдын ролу кандай?

Дүйнөлүк илимий коомчулуктун көпчүлүгү климаттын өзгөрүшүнө атмосферадагы парник газдарынын көлөмү таасир этет деген теорияга  кошулат. Индустриалдык мезгилге (1850-1900) салыштырмалуу дүйнөлүк температура болжол менен 1,1 градус Цельсийге жогорулаган. Бул деңгээл жакынкы 20 жылда орточо 1,5 градуска жетиши же андан ашуусу күтүлүүдө. Табигый токойлордун кыйылышы нымдуулуктун агымынын жана аймактын температуралык режиминин өзгөрүшүнө алып келет. Бүгүнкү күндө планетадагы бардык чөлдөрдүн пайда болушу-адамдардын экологияга жасаган туура эмес мамилесинин жыйынтыгы экени көрүнүп турат. Тактап айтканда океандын жээгинен 600 км алыстыктагы ​​токойлордун кыйылуусунан, суу континенттин ички бөлүгүнө өтпөй бара-бара бул аймактар ​​чөлгө айланат.

– Климаттын өзгөрүшү  ден соолукка кандай таасир этет?

– Эгерде Кыргызстан жөнүндө айта турган болсок, калктын саламаттыгы үчүн эң чоң коркунуч – бул жылуу мезгилде ысык толкундардын узактыгынын жана жыштыгынын көбөйүшүнөн улам пайда болгон стресстик абал. Узакка созулган аномалдуу ысык аба ырайы биринчи кезекте калктын корголбогон катмарына (пенсионерлер, кош бойлуу аялдар, балдар, ачык жерде иштегендер), ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдарга таасирин тийгизет. Аномалдуу ысык адамдын иммунитетин түшүрүп, агрессияны күчөтөт. Кышындагы кардын тез эле ээрип кетиши сасык тумоонун көбөйүшүнө алып келет. Аномалдуу ысык аба ырайынын кыйыр таасири сууну керектөөчүлөрдүн көбөйүшүнө, ичүүчү суунун сапатынын жана жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.

– Климаттын өзгөрүшү экономикага таасирин тийгизеби?

– Албетте, экономиканын негизги тармагы болгон айыл чарбага климаттын өзгөрүшү түз таасир этет. Жай мезгилиндеги температуранын жогорулашы өсүмдүктөрдүн эрте күйүп кетишине, суунун көп керектелишине алып келет.

Кыш мезгилинин кыскарышы, температуранын жогорулашы кардын катмарынын, жер кыртышынын нымдуулугунун өзгөрүшүнө жол ачып, бул күздүк эгиндердин абалына терс таасирин тийгизет. Жылуу жана эрте келген жаз өсүмдүктөрдүн, бакчадагы жемиштердин  вегетативдик фазага эрте киришин шарттап, түшүмдүн кеч жаздагы үшүк алдында калуу коркунучун күчөтөт. Ошондуктан климаттын өзгөрүүсү азык-түлүк коопсуздугу менен түздөн-түз байланышы болот.

Гидроэнергетика дагы климаттык тобокелдиктерге кабылышы ыктымал делген тармак: суу жогорулаган мезгил эрте келип, суу азайган учур көбөйөт.  Кышында температуранын жогорулашынын натыйжасында тоолуу зонада кардын топтолуу режими дагы өзгөрөт.

Кар көчкү, жер көчкү, сел сыяктуу табигый кырсыктар көп катталууда. Бирок өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү климаттын өзгөрүшү менен эле эмес, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга дагы байланыштуу. Суу баскан токойлорду, бадалдарды, тоо этектериндеги токойлорду кыюу, малды ашыкча жаюу жер кыртышынын эрозиясына алып келип, анын туруктуулугун төмөндөтөт.

– Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этти?

Кыргызстандын аймагы боюнча орточо эсеп менен (1976-2019-жж) абанын температурасынын орточо жылдык жогорулашы ар бир 10 жылда 0,23°С, эң жогорку өсүү темпи жазында (0,45°С/10 жыл). Ай сайын абанын температурасынын эң жогорку жогорулашы март (0,85 ºC/10 жыл) жана февраль айында (0,42 ºC/10 жыл) байкалат. Жылдын бардык айларында температуранын эң жогорку көрсөткүчү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Киров суу сактагычынын аймагында орун алат. Жайында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында интенсивдүү ысыктын стресси күчөйт.

Жаан-чачындын режими жергиликтүү деңгээлде, ошондой эле айрым айларда олуттуу өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт. Акыркы 10 жылдан бери жаан-чачындын жетишсиздиги менен кургакчылык басымдуулук кылууда, бул экономиканын көптөгөн тармактарына терс таасирин тийгизүүдө.

– Муну чечүүнүн жолдору барбы?

– Негизги жол – бул планетанын климаттык системасын калыбына келтирип, тең салмактуулукту камсыз кыла ала турган табигый экосистемаларды мүмкүн болушунча сактоо жана калыбына келтирүү. Калыбына келтирүүнү  мүмкүн болушунча эртерээк жасоо зарыл. Мындан тышкары, өнүгүүдө колдонулуп жаткан экономикалык моделдерди кайра карап чыгуу, ашыкча керектөөдөн баш тартуу, планетанын ресурстарын адилет бөлүштүрүүгө басым жасоо абзел.

Коомдун бардык секторлорундагы чечимдерди кабыл алууда жаштар менен аялдарды катыштыруу механизмдерин түзүү шарт. Ар түрдүү маданияттарды сактап калуу маанилүү, анткени анда айлана-чөйрө менен туруктуу өз ара аракеттенүүнүн ачкычтары сакталган.

– Глобалдык жылуулуктан сактанууга ар бирибиз кандай салым кошо алабыз?

– Ар бир адам учурдагы тобокелдиктер жана адаптациялоо чаралары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө салым кошо алат. Ошондой эле, жарандар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган белгилүү экологиялык чараларды күнүмдүк жашоосунда колдонуу аркылуу пайда келтирсе болот.

Биз таштандыларды азайтып, сууга, энергияга, жерге, жайыттарга аяр мамиле кылышыбыз керек.

Жергиликтүү жамааттар өз аймагында кичи коруктарды түзүп, экосистемаларды сактаганга аракеттениши маанилүү болуп турат. Жайылма токойлорду коргоп, калктуу конуштарды жашылдандырып, таштандыларды кайра иштетүүгө басым жасоосу зарыл.

Мектептер климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди окуу планына киргизип, акцияларды өткөрүп, айланасын жашылдандырып, ар кандай өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн чогултуп, мектептин тегерегиндеги пайдаланылбаган жерлерине себүүнү колго алганы жакшы. Мугалимдерге бул боюнча көптөгөн кызыктуу окуяларды камтыган «Климат кутучасы”  менен таанышууну сунуштайт элем. сфере http://www.biom.kg/informatory/publications/5b3a18cce7179a1ccf3ae725

“Жаштардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу” долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен жаштар, жергиликтүү жамааттар жана бардык кызыкдар топтор үчүн алардын жашоосун турукташтыруу үчүн натыйжалуу инструментти камсыз кылууга умтулат.

Биз жигердүү жаштар, ЖМКлар, блоггерлер жана Кыргызстандагы климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу үчүн биргелешип иштөөгө кызыктар бардык тараптар менен кызматташууга даярбыз.

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: Влад Ушаков

Источник: https://kuramastory.com/2021/10/29/kyrgyzstanga-klimattyn-%d3%a9zg%d3%a9r%d2%afsh%d2%af-kandaj-taasir-etet/