Кыргыз тилинде балдарга арналган «Экология боюнча китеп» жарыкка чыкты

2019-жылдын 23-январында К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында балдарга арналган «Экология боюнча китеп» аттуу китептин бет ачары болуп өттү.

Бет ачарга Бишкек шаарындагы № 68, № 69-мектептердин 7-классынын окуучулары жана мугалимдери катышышты.

К.Баялинов атындагы китепкананын директору Роза Калыевна Султангазиева сөзүндө заман талабына ылайык экологияга байланышкан балдарга арналган китептер болбогондугун, китеп өз учурунда чыккан, актуалдуу, эң керектүү жана пайдалуу экендигин белгиледи. Андагы оюн, пазл, баш катырмалар жана экологиялык тажрыйбалары менен балдар окуганга кызыктуу, мазмундуу китеп.

Бет ачарда  китептин  ар бир бөлүмү менен тааныштырылып,  китептеги интерактивдүү оюндар менен коштолуп, ой жүгүртүүчү суроолор берилип, кызыктуу конкурстар өткөрүлдү. Окуучулар өз ойлорун тартынбай ортого салышып, эркин аңгемелешүү тартибинде жүргүзүлдү. Конкурска активдүү катышкан окуучуларга жана жеңүүчүлөргө аталган китеп белекке берилди. № 68 жана № 69-мектептердин китепканаларына 20дан китеп берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат катчысы Жакыбалиев Кутмырза китептин балдарга тарбиялык мааниси чоң экендигине жана окуучулардын күнүмдүк жашоосунда колдоно турган пайдалуу кеңештерге арбын экендигине токтолуп өттү. Буга чейин кыргыз тилинде чыккан мындай китептин жок экендигин жана көп жылдар бою актуалдуулугун жоготпой окуларын  баса белгиледи.

Китеп Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин котормолор программасынын алкагында англис тилинен кыргыз тилине «Таалим-Форум» коомдук фондусу тарабынан которулуп, 4000 нускада басылып чыкты. Китеп Кыргызстандагы 1061 балдар китепканаларына акысыз таратылат. Мындан тышкары, республикабыздагы экологиялык билим тармагында иш жүргүзгөн мектептердин китепканаларына да берилет.

«Узак жылдардан бери «Таалим-Форум» коомдук фондубуз экологиялык билим берүү тармагында көптөгөн иш-чараларды аткарып келет. Ошондуктан бул китепти которуу үчүн тандадык» – деди фонддун директору Алмагүл Осмонова. «Китептин мазмуну жөнөкөй жана балдарга түшүнүктүү сөздөр менен берилген, балдарды өзүнө тарткан оюндар, кызыктуу фактылар болгону менен балдарды кызыктырат. «Экология боюнча китептин»  автору – Шери Амсел. Китеп 9 бөлүмдөн турат. Анда жер планетабызды кантип узакка сактап кала алабыз, бул максатка жетүү үчүн ар бирибиз кандай арекеттерди жасашыбыз керектиги тууралуу балдар аудиториясына ылайыктап жазылган. Балдар көп нерсени, пайдалуу кеңештерди үйрөнө алышат деген ойдомун».

 

Алмагуль Осмонова
Генеральный директор
Taalim-Forum Public Foundation
taalimforum@gmail.com
www.taalimforum.kg
www.tabiyat.kg

Вам может также понравиться...