КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМЧУЛУГУНУН ӨЛКӨБҮЗДҮН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНДА УРАН КЕНДЕРИН ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ ТУУРАЛУУ ЧАКЫРЫГЫ

24-апрель 2019-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы Д.А. Жумабековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич!
Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Кыргызстандын Коомчулугу өлкөбүздүн аймагында уран кендерин иштетүүнүн башталганына тынчсызданууда.
Ысык-Көл аймагындагы Ак-Өлөң айылына жакын жерде уран кенин иштетүү мерчемделип жатканы учурда чоң талкууга түшүүдө. Ал кенди эмне үчүн иштетүүгө болбой тургандыгын төмөнкү себептер менен белгилеп беребиз:

  • Ысык-Көл табигый өзгөчөлүү шарты менен дүйнөлүк ѳлчѳмдѳ уникалдуу биосфералык аймак болуп саналат. Ошондуктан, уранды иштетүү өлкөбүздө кабыл алынган мыйзамдарды одоно бузууга жол ачкан болот.
  • КРнын 1999-жылдын 9-июнунда кабыл алынган № 48 «Кыргыз Республикасынын биосфералык аймактары тууралуу» мыйзамына ылайык  «Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди казууга» тыюу салынат.
  • КРнын  «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү боюнча» 2009-жылдын 11-июлунда кабыл алынган мыйзамына ылайык ЭЭС аймагында «Радиоактивдүү калдыктардын чыгышы» менен байланышкан чарбалык ишкерликти жүргүзүүгө тыюу салынат.
  • Эгер бул мыйзамдардан айланып өтүү менен  уран кендерин иштетүүгө акыры уруксат берилсе, бул – бийликке болгон ишенимди толугу менен жоготууга алып келет. Өкмөттүн атайын комиссия түзүү жөнүндөгү чечими мыйзамды айланып өтүүгө жасаган аракет катары бааланат жана саясий коркунуч катары эсептелерин баса белгилейбиз.
  • Кен иштетүүчүлөр азыркы тобокелдиктин коркунучун жокко чыгарып жатышы –   абийирсиздиктин белгиси. Уранды бөлүп алууга болгон аракет үстүндө, алынган кенди өлкө аймагынан ташуу эч кандай коркунуч жаратпайт дегенге жүз пайыз ишеним да жок, кепилдик дагы жок. Себеби:
  • Ташуу учурунда ар кандай авто кырсыктардын болушу ыктымал.
  • Ташылып жаткан кен бардык радиоактивдүү заттарды өзүнө камтыбайт. Андан ары иштетүү үчүн урандын жетишерлик тутуму бар руда ташылат. Ал эми талап кылынгандан төмөн деңгээлдеги уран породасы калдыктар сакталган жайда калып калат.
  • Калдыктарды сактоочу мындай жайлар радиоактивдүү чаңдар менен агындылардын булагы болуп кала берет. Уран абадан оор, андыктан, абанын радиоактивдүү чаңдоосу мүмкүн эмес деген аргумент – бетсиздик. Дегеле, ар бир чаңдын салмагы абадан оор болот, андыктан, атмосферада алардын топтолушуна эч тоскоолдук жок. Жамгыр суусу да калдыктарды сактоочу жайдан уранды жууп агызып кетет. Кендин алдындагы сууларды төмөндөтүү үчүн казуу башталганда, жер кыртышындагы сууларга уран кошулуп кетиши толук ыктымал.
  • Эртеби же кечпи, калдыктарды сактоочу жайды коргоону токтотушат да, ал бузула баштайт, мына ошондо ал жайдагы бардык нерселер айлана-чөйрөгө таркайт. Ал эми айлана-чөйрөнүн радиоактивдик булгануусунан улам жергиликтүү калктын онкологиялык жана башка ооруларга чалдыгышы тездеп көбөйүп кетет.
  • Радиоктивдик булгануу жандуу жаратылыш үчүн да өтө коркунучтуу. Адамзаты үчүн жагымдуу чөйрөнүн негизи болгон табигый экосистеманы кыйратууга учуратуудан улам, бул нерсе дагы бир өтө олуттуу коркунуч экени анык.

Ушул жана дагы башка факторлор, уран кендерин иштетүү эң эле кооптуу жана урпактарыбыздын келечегине жасалган кылмыш, ошондой эле улуттук кызыкчылыкка дээрлик жооп бербей тургандыгын айтып турат.

Сиздерге кайрылып, Кыргызстан үчүн эң ишенимдүү чечим  кабыл алууңуздарды суранабыз – өлкөбүздүн бардык аймагында уран кендерин иштетүүгө мораторий жарыялооӊуздарды талап кылабыз. Мындай чечим менен Сиздер элди өтө олуттуу коркунучтан сактап каласыздар жана бардык мамилелерде келечектүү, экономикалык жактан пайдалуу, экологиялык жактан таза, бүгүнкү күндүн талабы болгон «жашыл» экономиканын андан ары гүлдөп өнүгүүсүн камсыздайсыздар.

Бул чечим менен Сиздер кыргызстандыктардын келечек муундарынын эң сонун мамлекетте жашоосуна жана өнүгүүсүнө, ошону менен катар алар да биздин керемет жерди камкордукка алуу, тазалыгын сактоо менен бул жолду улап кетүүсүнө өбөлгө болуп бересиздер.

Бул күндөрдө бүткүл дүйнө Жер планетасынын  күнүн белгилеп жатат. Кыргыздар Жер Эне деп ардактап айтышат. Биздин ата-бабалар жер астында жаткандарга тийген эмес, алар жайыт шалбааларын, дарыя суулары менен көлдөрдүн, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар түркүмдөрүн, биздин тоолор менен токойлорубуздун табигый кооздугун баалап-баркташкан. Алар бизге бул жерди сактоого жана андагы ресурстарды акыл-эстүүлүк менен пайдаланууга насыяттап кетишкен. А биз балдарыбыз менен неберелерибизге эмнелерди калтырганы жатабыз? Чыны менен эле биз ата-бабаларыбыздын насыяттарын унуткан маңкурт болуп калар күн келдиби?

Биз, Кыргызстандын коомдук уюмдары, экономикадагы экологиялык таза өнүгүү багытын колдогон жана өркүндөткөн, элибиздин маданий жана руханий баалуулуктарын өнүктүрүп калыбына келтирген, билим берүү демилгелерин жана туруктуу өнүгүүгө жасалган кадамдарды колдоочулар, биздин чакырыкты колдооңуздарды талап кылабыз.

Сиздер, өз чечимиңиздер менен Жер Энебиздин табигый жашоосуна кооптуу болгон өлүм коркунучун токтотуп, эркин жана келечектүү жашообузга жол ачып бермекчисиздер. Андыктан бул маселени болуп көрбөгөндөй олуттуулук менен карап, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеген туура, тарыхый чечим кабыл аласыздар деп ишенбиз!

 

 

«Алейне» экологиялык кыймылдын жетекчиси Шүкүров Э.Дж.

Коомдук Уюмдар:

  1. БИО-КГ Органикалык Кыймыл Федерациясы
  2. «Кыргыз жайыты» Кыргызстандагы Жайыт пайдалануучулардын Улуттук Ассоциациясы
  3. «Борбордук Азиядагы Тоолуу коомчулуктар Альянсы» (АГОЦА)
  4. «Туруктуу Өнүгүү Альянсы» Юридикалык жактардын Ассоциациясы
  5. Жамааттык ММКлар Ассоциациясы
  6. «Салбуурун Федерациясы» Коомдук бирикмеси
  7. «Кѳѳнѳрбѳс мурас» Коомдук бирикмеси (Ат-Башы району)
  8. «Коррупцияга каршы ӨЭУ журналисттер коалициясы» Коомдук бирикмеси
  9. «Борбордук Азия Маданият жана искусство түйүнү» Коомдук бирикмеси
  10. «Ак шумкар КУТ» Коомдук бирикмеси
  11. «Музейлер демилгеси Борбору» Коомдук бирикмеси (Бишкек ш.)
  12. «МувГрин» Коомдук бирикмеси
  13. «Лесик-Юг» Коомдук экологиялык бирикмеси
  14. «Руханий Мурас» Коомдук бирикмеси (Тоң району)
  15. «Арыш» Коомдук козголушу
  16. М. Назаралиев атындагы «Ордо-Сахна» Маданий –билим берүү коомдук фонду
  17. «Туруктуу Өнүгүү Стратегия Институту» Коомдук фонду» (Бишкек ш.)
  18. «Айгине» Маданий-изилдѳѳ борбору (Бишкек ш.)
  19. «Роза Отунбаеванын Демилгеси” Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  20. «Таалим-Форум» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  21. «Рурал девелопмент фанд» («Айыл өнүктүрүү фонду») Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  22. «Устатшакирт плюс» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  23. «Кийиз Дүйнө» Коомдук фонду (Тоң району)
  24. «Алтын Оймок» Коомдук фонду (Тоң району)
  25. Салттуу музыка Борбору «Устатшакирт» (Бишкек ш.)
  26. «Мурас Башаты» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  27. «Ала-Тоо шаңы» Коомдук фонду
  28. «Чек арасыз Музыка» Коомдук фонду
  29. «Бирдиктүү Өнүгүү» Коомдук фонду
  30. «САМР Алатоо» Коомдук фонду
  31. «Био-Мурас» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  32. «Борбордук Азиядагы арт менеджмент» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  33. «Демилгелерди ѳнүктүрүү Агентствосу» Коомдук фонду
  34. «Насыят» «Биомаданий түркүмдүүлүк тутуму» Коомдук фонду
  35. «КОЖО» Коомдук фонду (Сокулук району)
  36. Салттуу билимдерди сактоо тутуму «Кыргыз эл акыл казына»
  37. «Чексиз Кут» Кемин районунун энелер жана жаштар бирикмелери
  38. «Санджарбек Данияров фонду» Коомдук Фонду
  39. «Юнисон» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  40. «Театр Сахна» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  41. «Насыйкат ордо» Коомдук фонду (Ысык-Көл району)
  42. «Мирбек Нур» Коомдук фонду(Кочкор району)
  43. «Аманат Өмүр» Коомдук фонду (Сокулук району)
  44. «Уз Даткалар» Коомдук фонду (Чоң-Алай району)
  45. «Өнѳр Булак» Коомдук фонду (Нарын ш.)
  46. Чолпон айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси (Кочкор району)
  47. Сын-Таш айыл аймак Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (Ысык-Ата району)
  48. «Улуу Дара»Коомдук фонду
  49. «Айла» Коомдук фонду
  50. «Жаштарды өнүктүрүү кору» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  51. «Берекелүү Дѳбѳлүү» Коомдук фонду (Нарын району)
  52. «Гармония плюс» Коомдук фонду (Каракол ш.)
  53. «Иссык-Кульские прудовики» Коомдук бирикмеси (Жети-Өгүз району)
  54. «Фонд глобальных перемен» Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  55. «Айкѳл» жарандык демилгелерди колдоо борбору (Талас району)
  56. «Умай Эне жарыгы» Коомдук фонду (Чолпон-Ата ш.)
  57. «Өнөр булагы» коомдук фонду (Кемин району)
  58. Кыргызстандын кол ѳнѳрчүлѳрдүн Ассоциациясы
  59. «Чебер колдор» коомдук бирикме (Нарын облусу)
  60. «Элиме салым» коомдук фонду (Бишкек ш.)
  61. «Оскар» коомдук фонду (Ысык-Ата району)
  62. «Айкөл куту Умай нуру» коомдук бирикме (Бишкек ш.)
  63. «Демѳѳр» Коомдук бирикмеси (Жайыл району)
  64. «NGO Book Stall – китептер ѳнүгүү үчүн»
  65. Кыргызстандагы илбирсти коргоо Коомдук фонду (Бишкек ш.)
  66. «Аплифт» Коомдук фонду (Бишкек ш.)

Вам может также понравиться...