МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУУ МААНИЛҮҮ

Жер астындагы кен байлыктарыбызды иштетүү өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң өбөлгө. Албетте, аны туура иштетип, жаратылышыбызга элибизге тескери таасирин тийгизбеш үчүн тийиштүү жагдайларын туура пайдаланышса. Негизинен тоо-кен байытуучу комбинаттарда рудалардын концентраттарын алышып, ал эми кайра иштетилген калдыктарын сактоочу жайларга (хвостохранилище) жайгаштырышат. Мамлекеттик тоо-кен өнөр жайынын калдыктарынын кадастрына ылайык өлкөдө 92 калдык сактоочу объектерде 457 млн тонна радиоактивдүү жана уулуу заттар сакталып турат экен.

Мындай калдыктар сакталуучу жайлар биздин Орловкада жана Ак-Түздө бар. Окумуштуулардын аныктамасына караганда, биздеги калдыктарды сактоочу жайлардагы ууландыруучу заттардын туруктуулугунун жогору болушунан жана радиомуклинддердин жарым-жартылай ажыроо мезгилинин узактыгынан айлана-чөйрөнүн булгануу коркунучу көп жылдарга сакталып калат экен.

Ак-Түз айылында төрт калдык сактоочу жай (3,35 млн.м.куб), 2 тоо-кен төгүндүлөрү (0,617 млн.м.куб) болсо, Орловкада бир калдык сактоочу жай (5,1 млн.м.куб), бууландыруучу көлмө (8,7 млн.м.куб) бар. Бул эки аймактагы калдык сактоочу жайларда торий, кадмий, цинк, коргошун, молибден деген булгоочу заттар бар. Табигый кооптуу кубулуштардан-жер титирөө, шамал жана суу эрозиясы, сел агындылары андай жайларга терс таасирин тийгизбей койбойт.

Чет өлкөлүк уюмдар, айталы ПРООН тарабынан Борбордук Азияда уран калдыктарын сактоочу жайларга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыктар тарапты тартуу иштерин жасап жаткандыгы жагымдуу көрүнүш. Булар тарабынан бүгүнкү күндө көп долбоорлор иштетилүүдө. Алардын “Уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан тобокел жөнүндө калктын кабардандыруусун жогорулатуу” RFP PMU 17/085 долбоору районубузда Орловка шаарынын, Ак-Түз айылынын калкына калдык сакталган жердеги зыяндуулукка каршы күрөшүү чараларын, алардын зыяндуулугунан сактануу, коргонуу иштеринин жүрүшү боюнча түшүндүрүү максатында маалымдоо борборлорун жеринен түзүүнү, ал үчүн жергиликтүү эл менен жолугуп, тегерек үстөлдөрдү уюштурууну колго алышкан.

Жакында жогоруда аталган долбоордун маалымат боюнча адиси, “ЭКОИС-Бишкек” коомдук бирикмесинин мүчөсү Н.Кадыралиева, курчап турган чөйрөнү жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун радиациялык коопсуздугун коргоо бөлүмүнүн адиси Г.Бектурова баш болгон адистер, эксперттер келишип, Орловка шаарында тегерек үстөл өткөрүштү. Буга шаардын мэри Б.Чанчаров, шаардык кеңештин төрагасы Д.Сарыбаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы М.Кирилов, КХМЗ ишканасынын башкы инженери А.Умтулов, шаардын жаштар кеңешинин төрагасы Т.Тентиев, шаардын ЖКХ ишканасынын башчысы А.Кудайбергенов, Кашка айылынын квартал башчысы, фельдшер С.Огонбаева, райондогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.Абдраимов, райондук санитардык көзөмөлдөө мекемесинин дарыгери Т.Жумаев жана башкалар катышты.

Чындыгында, учурда Орловка шаарындагы “Борду” калдыктарды сактоочу жайдагы жана “Алтынкен” ишканасынан иштелип чыккан калдыктардын абалы Орловка шаарынын калкына белгисиз бойдон калууда. Андагы топтолуп жаткан уулуу заттардын абага чыгып жаратылышыбызды, экологиябызды булгап, адамдардын ден соолугуна зыян келтирип жатабы же жокпу, аны текшергендерден маалымат алуу кыйын. Ошондуктан ал тарапта жашагандар өздөрүнүн ден соолугуна, өмүрүнө кооптонбой коюшпайт. Тегерек  үстөлдө жаратылышыбызды, калкыбыздын саламаттыгын коргоо үчүн уран калдыктарын сактоочу жайлардын абалы боюнча жергиликтүү калк учурунда  тийиштүү маалыматтар менен кабардар болуп, аймактарда өздөрүн алып жүрүү эрежелерин билип туруу максатында шаарга атайын маалымат тактасын орнотуп, ал дайыма көзөмөлгө алынып турушу талкууланды. Маалымат тактасы Орловка шаарында, Ак-Түз айылында орнотулат, муну аталган долбоор  даярдап беришет. Маалымат тактасы Орловка шаарынын кеңсесинин алдына орнотулушу, шаардын жаштар  кеңешинин кеңсесине атайын маалымат борборун ачууну ылайык көрүштү. Маалымат тактага  эки тилде маалыматтар жарыяланып турат.

Тегерек үстөлдө Орловкадагы, Ак-Түздөгү калдыктарды сактоочу жайлардын абалын жергиликтүү калкка учурунда маалымдап туруу максатында тийиштүү мекемелердин, мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү бийликтин, кен иштеткен ишканалардын жетекчилери менен биргелешкен келишимдин да долбоорун талкуулашты. Аталган долбоордун алкагында Бишкекте  30-31-январда Ак-Түз айылынын, 1-2-февралда Орловка шаарынын активисттерине маалыматтарды учурунда калкка жарыялап туруунун жол-жобосун, коопсуз жайларда көрүлүүчү чараларды, алардын алдын алуу боюнча  маалыматтарды үйрөтүү боюнча атайын тренингдер өткөрүлмөй болду.

К.Аманжолов

Вам может также понравиться...