Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу: Сидней шаарында өткөн Эл аралык Өзгөчө корголуучу аймактардын эл аралык конгресинде

Эл аралык Өзгөчө корголуучу аймактардын эл аралык конгреси – Бул жаратылышты коргоо жаатындагы өтө чон жана авторитеттүү эл аралык форум. Бул глобалдык масштабдагы форум 10 жылда бир жолу өткөрүлүп, Бул конгреске чон-чон эл аралык уюмдар, алдынкы окумуштуулар, жаратылыш коргоо фондору, жана алдынкы жаратылыш коргоочу уюмдар катышышат.

Бул эр аралык конгресс 40 жылдык тарыхы бар айт кетсек 1992-жылы Венесуэле (Каракас) шаарында 2003-жылы Дурбан шаарында (ЮАР). Өткорулгөн. Бешинчи Эл аралык конгресте Дурбан шаарында дүйнөлүк жаратылышты коргоо уюмдарынын негизги иши болуп бул конгреске дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн 2000 жаратылышты коргоочу кызматкерлер катышышкан.

Ушул жылдын , 12-19 ноябрында Австралиянын Сидней шаарында 6 эл аралык жаратылышты коргоо уюмунун (МСОП) Алтынчы Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынны конгресси болду. (IUCN WorldParksCongress).

Бул конгреске дуйнонун 160 өлкосүнөн 5000 делегат катышты. Бул иш чаранын уюштуруучулары болуп – Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын эл аралык комиссиясы жана Эл аралык жаратылышты коргоо уюму тарабынан жүргүзүлдү. Бул конгрестин негизги темасы болуп «Жаратылыш парктары, элдер, планета: тура чечим» деген лозунгдун алдында болду. Кыргызстандан булл иш чарага 2 делегат катышты Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун улуу илимий кызматкери Улан Нааматбеков жана БИОМ коомдук уюмунун жетекчиси Илия Домашов.

Бул эл аралык конгреске катышу менен биз коруктун аткарып жаткан ишти коргозүү менен булл конгрессти уюштуруучулар тарабын өткөрүлгөн сыйлыкка катыштык. Биз даярдаган долбоор алдынкы орунга татыктуу болуп биздин транспорт жана башка чыгымдарыбызды эл аралык Жашыл жол (GreenLine) уюму колдоого алды бирок башка өлкөлөрдөн да жакшы иштер жана долбоорлор даярдалып сыйлыкка жеткен жокпуз. Ошентсе да булл эл аралык абройлуу конгресске катышып Нарын мамлекеттик жаратылыш коругун жана Кыргызстанды тааныштырып келдик.

Конгресстин жүрүшундө эски жана жаны тааныштар болуп өзүбүздүн келекек иштерибизге жаны ой жана жакшы мүмкүнчүлүктөрдү топтоп келдик.

Улан Нааматбеков

narynulan@rambler.ru

Вам может также понравиться...