Ноокен районундагы “Лиматекс пахта корпорациясы” дыйкандардан 2 миң тонна пахта кабыл алды

101_fullОрганикалык пахтаны өндүрүрүү жана сатууну колдоо боюнча “Био Пахта” долбоорунун 10 жылдыгына карата келген коноктор Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагында жайгашкан “Лиматекс пахта корпорациясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун иши менен таанышып чыгышты. Аталган пахта заводдун директору Мамыржан Молдожановдун берген маалыматына караганда, завод 8 жылдан бери иштеп келе жатат. Заводдун кубаттуулугу 10 миң тонна пахта буласын кабыл алып, аны кайра иштетип берет. Учурда 2 миң тоннага жакын пахтаны райондун жана облустун аймагындагы дыйкандар менен чарбалардан кабыл алышты. Быйылкы сезондо 5 миң тоннага чейин пахта кабыл алуу ниеттери бар.

Анархан Жаңыбаева

Источник: http://jalal-abad.kyrgyzkabar.kg/gallery/view/id/101

Вам может также понравиться...