ПРОФЕССОР ЧОНТОЕВ ДОГДУРБЕК: Борбор Азияда суу маселеси – бүгүнкү күнгө чейин акысыз болуп келүүдө

Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнө түрткү болгон тобокелчиликтер күч алып жаткан учуру. Париж келишимине катышкан өлкөлөр тарабынан чараларды көрүү маанилүүлүгү өсүүдө.

Кыргызстан да климатттык кризистерге кабылуучу өлкөлөрдүн бири болгондуктан, климаттык өзгөрүүлөрдү  адаптациялоо  жана жумшартуу өтө маанилүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Чонтоев Догдурбек Токтосартович өлкөбүздө суу ресурстары менен байланышкан оорчундуу көйгөйлүү маселелер боюнча биздин бир нече суроолорго жооп берди.

— Догдурбек Токтосартович, Кыргызстан суунун башатынын эң башатында тургандыктан сууну башкаруудагы негизги маселелерге кыскча токтолуп кетсеңиз?

— Учурда, суу ресурстары менен байланышкан ар бир мамлекеттик мекеме өз алдынча саясатын жүргүзүү менен жасалып жаткан аракеттерде эч кандай биргеликтеги түшүнүк менен иш алып баруусу жокко эсе болуп жатат. Жада калса, мониторинг жана эсеп жүргүзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты жана саны тууралу маалыматтардын бирдиктүү базасы жок, бар болгон чакта да, аларга акча төлөнөт (Кыргызгидромет маалыматтарды акча төлөнгөндө гана берет). Биз суунун башатынын эң башында турганда, өлкөнүн ичиндеги бир терезедеги толук картина акысыз колубузда болушу шарт. Анткени, мындай зарылчылык сууну бөлүштүрүү, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу үчүн, эң негизгиси, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда өтө маанилүү.

Чечим: аймактык (регионалдык) жана өлкө ичинде суу ресурстарын үнөмдүү (рационалдуу) колдонуу жана керектөөнү көз карандысыз баалоону жүргүзүү керек (башкы суу артерияларынын башатындагы өлкө катары чечүүчү маалыматтардын баары Кыргыз Республикасында болушу шарт). Булар үчүн байкоочу гидропостторду жана мониторинг жүргүзүүчү станцияларды калыбына келтирүү жана көбөйтүү зарыл, ошол эле учурда суу боюнча маалыматтык базанын үстүндө иштер күчөтүлө турган болсо, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн башкы дарыяларыбыздын мүнөздөмөлөрүн анализдөө, гидрологиялык байкоолор, изилдөөлөр жана эсептөөлөрдү күчөтөт. Бул бөлүктү координациялоону КР УИА Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун жүргүзүшү өзгөчө мааниге ээ.

— Кыргыз Республикасындагы учурдагы суу көйгөйлөрү боюнча кандай маалыматтарды сунуштайсыз?

— Кыргыз Республикасынын чек арасынын гидрографикалык тышкы түрүнүн негизин бири-биринен өзгөчөлөнүп, өз алдынча аккан, аскалуу тоолордон агып түшкөн дарыя системалары, алардан чыккан куйма суулар түзөт. Алар 10 километр узундуктагы 2040 дарыя, өзөн жана куймаларды түзүп, жалпы узундугу 35000 километрге жетет.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы суулардын балансынын багытынын мүнөзү боюнча суу куймалары  топтолуу жана таркалуу тармактарына бөлүнүшөт. Куймалардын топтолуп түзүлүү тармагынын аянты 171800 км2 бааланат (өлкөнүн чек арасынын 86,5пайыз) тоо аскаларын жана тик көтөрүлгөн бийик тоолуу чокуларды камтып, атмосфералык жаан-чачындын көпчүлүк бөлүгү үстүңкү, кыртыштуу жана агын куймаларына таркалат.  Куймалардын таркалуу тармагы тоолордон төмөндө жайгашкан жантайма, өйдөлүш жерлери жана түздүктөрү орун алган. Негизинен сугат жерлерине багытталган. Кыргызстанда анын аянты анчалык чоң эмес, 26700 км² түзөт (аймактын 13,5пайыз ы).

Аймактык гидрографиянын масштабында Кыргыз Республикасынын дарыялар системасы Арал деңизинин бассейнине карайт (өлкөнүн чек арасынын 76,5пайыз), Тарим дарыясынын бассейнине (12,4пайыз), Ысык-Көлдүн ички бассейнине (10,8пайыз) жана Балхаш көлүнүн бассейнине (0,3пайыз) карайт.   Мына ушуларга таянуу менен жетишерлик деңгээлде 9 системага бөлүнөт: Нарын дарыясынын бассейни; Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймактарын камтыган дарыялардын суу топтолгон жерлери; Чаткал дарыясынын бассейни; Ысык-Көл бассейни; Балхаш дарыясынын бассейни; Чүй дарыясынын бассейни; Талас дарыясынын бассейни; Кызыл-Суу дарыясынын бассейни (Алай тузагы); Тарим дарыясынын бассейни. Кыргызстандын дарыяларынын сууларынын эсептелип чыккан  орточо көп жылдык суммардык агып чыгышы 1543 м3/с, а агымдын модулу 8,0 л/ (с∙км2) түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун баалоосу боюнча өлкөдөгү суу куймаларынын суммардык көлөмү 48,6 км3 барабар, ал эми «карасуу» тибиндеги кайтарылган булак куймалары менен бирге алганда жер үстүндө жайгашкан суу ресурстары жылына суулар боюнча орточо 52 км3 жакындайт. Дарыя куймаларынын ресурстары өлкөнүн чегинде өтө туура эмес, ылайыкталбастан  бөлүштүрүлгөн, бул негизинен, экономикалык жактан жакшы өнүкпөгөн райондордо байкалат. Жылына өлкөдөгү  1 км2 аянтка орточо 258 миң.м3 суу туура келет. Дарыя куймаларынын облустар боюнча бөлүштүрүүдө көрүнгөндөй, сугат суу менен көп камсыз болгон Жалал-Абад облусу эсептелет. Мында 1 км2 жер,  орточо 386 миң.м3 суу куймаларынын сугат суусу менен камсыздалган, Нарын жана Талас облустары – тиешелүү түрдө 272 жана 246 миң.м3.  Ысык-Көл облусу боюнча 1 км2 жерге 244 тыс.м3 сугат суу туура келет. Өлкөнүн 62 пайыз калкы топтолгон Чүй өрөөнү менен Ош облусуна дарыя куймаларынын ресурстарынын суммардык көлөмү болгону 25,9 пайызды түзөт.

Догдурбек Токтосартович, суу көйгөйлөрү боюнча да токтолуп кетсеңиз?
— Суу–энергетикалык коопсуздук. Кыргызстандын суу ресурстарын колдонууда келечектүү багыттардан болуп, ири жана чакан дарыялардын агымдарынын чоң энергия кампасы — 142,5 млрд. кВт.с. бааланган потенциал эсептелет. Азыркы учурга колдонуу үчүн экономикалык жактан туура келген  гидроэнергетикалык ресурстар жылына 55 млрд. кВт.с. бааланат. Бүгүнкү күндө өлкөдө иштелип чыккан энергиянын 90 пайызын түзгөн энергиянын болгону  8-9,5 пайыз колдонулат. Ошондо да, бүгүнкү күнгө кичи дарыялардын гидроэнергетикалык ресурстарынын болгону үч пайыз өздөштүрүлгөн.  Учурда курулуп жана иштеп жаткан Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу — 1200 МВт, Күрпсай ГЭСинин кубаттуулугу — 800 миң. кВт, Таш-Көмүр ГЭСи – 450 миң. кВт, Шамалды-Сай — 240 миң. кВт, Үч-Коргон — 180 миң. кВт, Камбар-Ата 2 — 120 миң. кВт жана Атбашы — 40 миң. кВт.

Чек арадагы суу ресурстарын интеграциялоо менен колдонуу. Кыргызстанда ички Ысык-Көл бассейнинен башка бардык дарыялар чек арадагы дарыялар категориясына кирет. Кыргызстандын  аймагынан өлкөбүздү жана кошуна өлкөлөрдү:  Казахстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркмөнстан жана  Кытайды суу менен камсыздаган Борборазия аймагынын (БАА) өзгөчө чоң чек ара дарыялары — Амударыя, Сырдарыя, Чу, Талас, Тарим, Каркыра дарыялары башат алат. Советтик мезгилде (1991-жылга чейин) республикалар арасында чек арадагы суу ресурстарын колдонууда талаштуу маселелер жокко эсе болгон. Себеби, суу ресурстары жалпы мамлекеттик менчик болуп эсептелген.  Ал мезгилде тоолуу республикаларга (Кыргызстан, Тажикстан) суу сактагычтарды курганга, иштеткенге байланыштуу жоготууларга байланышкан компенсациялык чаралардын системасы иштеген.  Мындай чараларга энергия алып жүргөн  (мунайзат, газ, көмүр) жана айыл-чарба азыктарын суу каптаган аймактардагы айыл-чарбасындагы жерлерди суунун капташы жана ГЭСтер кышында иштеп чыккан энергиянын жетишпеген жоготууларына барабар  катары эсептеп берип турушкан.  1991-жылдан баштап көптөгөн табигый ресурстар өз алдынча бөлүнгөн суверендүү республикалардын аймактарында калып, ага байланыштуу суу ресурстарын бирдиктүү колдонуунун чарбалык механзминин байланыштары жана структурасы бузулган. Күн тартибине сууну эффективдүү жана рационалдуу колдонуунун жаңы эрежелерин жана нормаларын иштеп чыгуу, ошондой эле чек арада жайгашкан суу ресурстарынын тармагында укук-ченемдик документтерди жана схемаларды кайра баалоо боюнча маселелер коюлган.

Чек арада жайгашкан суу ресурстарын бөлүштүрүүдө жана колдонууда өзгөчө талаштуу көйгөй Арал деңизинин бассейнинде жаралып, жыйынтыгында ал деңиздин кургап калышына алып келди. Ал бассейндин жер үстүндөгү суу ресурстары жылына 116,5 км3 бааланат, Амударыясына 79,3 км3 (68 пайыз),  Сырдарыяга – 37,2 км3 (32 пайыз) туура келет. Суу ресурстарын түзүүдө Борбор Азия мамлекеттеринин үлүштүк катышуусу төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт: Казахстан – 2,1 пайыз, Кыргызстан – 25,1 пайыз, Тажикстан – 43,4 пайыз, Түркмөнстан – 1,2 пайыз, Өзбекстан – 9,6 пайыз, Афганистан жана Иран – 18,6 пайыз. Кыргызстандын чек арасындагы Тарым бассейниндеги дарыялардын куймаларынын жылдык орточо көлөмү 6,99 км3 түзөт жана толук көлөмдө Кытайга кетет. Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн чек арада жайгашкан суу ресурстарынын түзүү жана колдонууда катышуу үлүшүнүн натыйжасын төмөндөгү тартипте көрөбүз: Сырдарыя бассейни боюнча 74 жана 10,5 пайыз, Амударыя боюнча – 2,0 жана 0,3 пайыз, Талас дарыясы боюнча– 94 жана 50 пайыз, Чу дарыясы боюнча  – 97 жана 52 пайыз салыштырмалуу.

Тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн суу ресурстарын бөлүштүрүү жана колдонууда түзүмдүк ар түрдүүлүк, же туура эместик орун алган.

— Чек арада жайгашкан суу ресурстарын мамлекеттер аралык колдонуунун көйгөйлөрүнө токтолуп кетсеңиз?

— Борбордук Азиянын кошуна өлкөлөрү менен Кыргызстандын суу ресурстарын колдонуудагы көйгөйлүү маселелери мурдагыдай эле  чечилбей келет жана көпчүлүк учурда эгемендүү мамлекеттердин өз ара мамилелеринде түшүнбөстүктүн себептери болуп сууну колдонуудагы укуктук негиздердин жеткиликтүү эместиги саналат. Суу куймаларынын төмөн жагында жайгашкан өлкөлөр Кыргызстандын аймагында курулган жана ал өлкөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн иштеген гидротехникалык, суу-чарбалык курулуштардын абалын техникалык жактан тыкан кармоо, иштетүү  жана колдоодо эч кандай катышпай келет. Эгемендүүлүккө ээ болгондон жана суу ресурстарына эгемендүү өз укуктарын жарыялагандан кийин, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында төмөндө келтирилген карама-каршылыктар  келип чыкты:

• Учурдагы лимиттештирилген суу бөлүштүрүү системасы, ж.б. советтик мезгилдеги квоталар. Суу топтоштуруу, сугаруу нормалары жана сугаруу аянттарынын көлөмдөрүнө коюлган квоталар ар бир өлкөгө берилген жана регламентке ылайык чек арада жайгашкан дарыялардын бассейндери боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү жана колдонууда аталган системанын схемалары жана жоболору укуктук документтер болуп эсептелет. Абал азыркы күнгө чейин сакталып келет жана өлкөлөр арасында пайда болгон түшүнбөстүктүн дагы бир себеби катары саналат.

• Өлкөлөр арасындагы суу колдонууда Экономикалык механзмдин жоктугу. Кыргызстандын аймагында коңшулаш мамлекеттерге суу берүү ишке ашырыла турган мамлекеттер аралык маанидеги бир катар гидротехникалык курулуштар курулган. Аны пайдаланууну Кыргызстан жеке өзүнүн бюджеттеги каражаттары менен иштетет. Базар экономикасынын шарттарында – бул туура эмес. Оор чечиле турган абал пайда болду, ал Борбор Азияда өтө маанилүү стратегиялык ресурстардын бири болуп эсептелген суу маселеси – бүгүнкү күнгө чейин акысыз болуп келүүдө. Так ушул жерде аймактагы өлкөлөр арасындагы мамилелердин негизги көйгөйлөрүнүн тамыры болуп эсептелет. Мына ошолор өлкө ичиндеги жана аймактык деңгээлдеги чыңалуу потенциалынын өсүшүн жаратат.

— Токтогул суу сактагычынын иштөө режимине токтолуп кетсеңиз?

—  Вегетациялык мезгилде сугаруу үчүн (Өзбекстан менен Казахстандын кызыкчылыктары) жана суук мезгилде электр энергиясын иштеп чыгаруу (Кыргызстандын кызыкчылыгы) Токтогул суу сактагычындагы суу запастарын иштетүүнүн режимин координация кылынбагандыктан пайда болгон көйгөйлөрдүн себеби катары эсептелет. Иштин ирригациялык режими советтик мезгилде эле суу сактагычтын курулушунда долбоордук тапшырма катары аныкталган жана кыйшаюусуз аткарылып келген. Дотациялык каражаттардын токтошу менен жана Кыргызстандагы энергетикалык кризистин пайда болушунан электроэнергияны иштеп чыгуу үчүн кышкы мезгилде Ылдыйкы Нарын ГЭСинин каскадынын өздүк гидроэнергетикалык кубаттуулугун дагы эффективдүү колдонуу зарылчылыгы келип чыкты.  Эгерде, Токтогул суу сактагычынын жылдык көлөмүнөн 50 пайызын кышкы энергетикалык режим боюнча иштеп чыгарса,  анда 2,2 млрд. кВт/с.  энергияга чейин көбөйтүүгө болорун, аны менен электроэнергиянын дефицитин болтурбай коюу мүмкүн экени эсептелген. Бирок, Кыргыз Республикасында мындай эффективдүү вариантты колдонуп иштегенге болбойт эле, себеби, кол коюлган Келишимдерге ылайык, жайкы мезгилде ылдыйда жайгашкан өлкөлөргө суу берүү боюнча милдеттенмелерди аткарууга милдетүү болчу. Кыргызстан өзүнүн  кышкы электроэнергияны сарптоосун Жылуулук электр борбору аркылуу камсыздайт.  Бирок, кээ бир жылдары Жылуулук электр борборунан иштелип чыккан электроэнергиянын таңсыктыгынан кошумча электроэнергия алуу үчүн өлкө сууну кышында коюп жиберүүнү көбөйткөн. Бул аракеттер Сырдарыянын ылдыйында жайгашкан айыл-чарба жерлери менен калктуу пункттарды суу каптап кетишине алып келген, себеби, дарыя интенсивдүү өздөштүрүлүп, кышкы көп көлөмдө чыккан сууларды өткөрө албай калган учурларда кошуна өлкөлөрдүн (Өзбекстан жана Казахстан) өкмөттөрүнүн тескери реакциясын ипайда кылган.  Курч карама каршылыктар жогору жакта жайгашкан өлкөлөр менен Өзбекстандын ортосунда чыр чатакты ырбатты. Геосаясий абал Өзбекстандын жаңы бийлигинин келиши менен жакшы жагына өзгөрдү, алар кошуналары менен мамилелерин оңдоп, аймактагы чыр-чатактуу потенциалды төмөндөтүүгө багыт алышты.

— Бүгүнкү күндө өлкөлөр арасындагы өз ара эсептешүү жана төлөмдөр маселеси кандай чечилип жатат?

— Бүгүнкү күндө өлкөлөр арасындагы өз ара эсептешүү жана төлөмдөр чечилбеген маселе бойдон калууда. Ошол эле учурда азыркыга чейин мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүүнүн катуу эрежелери менен принциптери иштелип чыкпай келет. Суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча эл аралык келишимге кол коюла элек, ошол эле учурда бардык өлкөлөр өздөрүнүн аймактарында жайгашып, башаты орун алган сууларды жана суу обьектерин жеке менчиги катары жарыялашты.  1992-жылы түзүлгөн Мамлекеттер аралык суу чарбалык комиссия (МАСЧК) өзүнүн биринчи жыйынында (Алмата, 02.1992-ж) «Мамлекеттер аралык суу булактарынан суу ресурстарын биргеликте башкаруу тармагында кызматташтык тууралу Келишимди» кабыл алып, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү кол коюшкан. МАСЧКнын катышуусу менен суу ресурстарын башкарууну уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча аймактык кызматташуунун механизмдери түзүлгөн. Аймактагы өлкөлөр бир катар укук-ченемдик документтерди иштеп чыгышты жана кабыл алышты. Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү аракеттердин программасы иштелип чыкты.

Бардык өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдары мамлекеттик чек араларындагы суу ресурстары менен суу булактарына эгемендигин бекитишти. Мына ушул жерде алар союздук социалистик мыйзамдарды кайталашты, же мурдагы союздук менчик укугун жаңы түзүлгөн өлкөлөргө таратып беришти. Суу ресурстары боюнча өлкөлөр тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды анализ жасаганда, суу ресурстарына менчик укугунун бир типтүү түзүлүп калганы байкалды. Бир дагы өлкө өз мыйзамдарында кайсы суу ресурстарына менчик укугу бар экендигин тактаган эмес – аталган өлкөнүн ичиндеги куралган суу ресурстарынабы же сырттан кирген суу ресурстарынабы? Кабыл алынган актылар тоолуу өлкөлөр үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат (Кыргызстан жана Тажикстан), негизинен бул өлкөлөрдө суу ресурстары топтолот. Бирок, Конституцияда жана суу мыйзамдарында бекитилген суу ресурстарына менчик укугу бул мамлекеттер үчүн таза декларативдик болуп саналат, же болбосо, «де-юре»  — алар менчик ээлери, а «де-факто» — советтик мезгилде иштелип чыгып, ушул күнгө чейин сакталып келе жаткан суу бөлүштүрүү системасындагы сууну колдонууда укуктары чектелген. Кыргызстан сууга болгон менчик укугун ишке ашырууда эки эң маанилүү документ кабыл алган:

• «Кыргызстанда топтолгон жана коңшулаш өлкөлөргө агып чыккан  суу ресурстарын дарыяларды колдонуу тармагында Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, 1997-жыл.

• «Кыргыз Республикасындагы суу обьектилерин суу ресурстарын жана суу-чарбалык курулуштарды мамлекеттер аралык колдонуу тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, 2001-жыл.

Буларда Кыргызстанда топтолгон жана анын чегинен агып чыккан суу ресурстарын дарыяларды колдонуу тармагында мамлекеттик саясаттын принциптери менен жоболору чагылдырылган, алардын ичинен негизгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) суу ресурстарын дарыяларды колдонуу маселелери боюнча макулдашуулар акыйкат жана түшүнүшүү негиздеринде өз ара пайда көрүүгө жетишүү максатын көздөшү керек;

2) Кыргыз Республикасы ар бир өлкө өз аймагындагы суу ресурстарынан дарыялардан максималдуу пайда көрүү максатында колдонууга укуктуу деген позицияны сактайт. Суу берүү, дарыялардын башатындагы жөнгө салуулар жана сууну колдонууда акы төлөмдөрү же суу ресурстарын колдонуудан түшкөн пайданы бөлүштүрүү мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болушу керек.

3) Кыргыз  Республикасы, дарыялардын төмөнкү жагында жайгашкан өлкөлөргө суу берүү жана анын башатын жөнгө салууну ишке ашырган өлкө катары, мамлекеттер аралык мааниге ээ болгон суу сактагычтар жана гидротехникалык обьекттердин курулуштарына, аларды реконструкциялоого жана иштетүүгө кеткен чыгымдарды ордуна келтирүүгө укуктуу.

Мыйзамда суу ресурстарын колдонуу тармагында мамлекеттик саясаттын принциптери менен жоболору келтирилген. Анын өзгөчөлөнгөн жагы катары сууну табигый ресурстардын түрү жана товар катары өз экономикалык баасы бар экендигин таануу, ошондой эле мамлекеттер аралык суу мамилелеринде төлөмдөрдү коюу керектиги эсептелет.

Суу стратегиясын улуттук жана аймактык деңгээлге чыгаруунун негиздүү жана туруктуу чечимдерин иштеп чыгууга убакыт келип жетти. Эске салсак, 1994-жылдын январында Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндөгү» мыйзамы күчкө кирген. Бул суу ресурстарын колдонууга байланышкан укуктук көйгөйлөрдү жөнгө салууга багытталган алгачкы мыйзам болуп калды. Кийинчерээк, Кыргыз Республикасынын Суу кодекси кабыл алынды, бул суу ресурстарын колдонууну оптимизациялоого жол ачкан прогрессивдүү укуктук документ болду. Ушул эки документ учурда иштеп жатат, бирок, аларды колдонууда карама-каршылыктар ортого чыгып, көптөгөн жөнгө салуу нормалары дал келбегендиктен, бирин бири кайталоодон кыйынчылыктарга туш келип жатабыз.  Мына ошондуктан, суу мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуу жана милдеттерди чечүү үчүн анализдөө, юридикалык байланыш жана макулдашуулар керек. Азыркыга чейин Суу кодексинин көптөгөн жоболору (практикада) ишке ашпай келет, институционалдык аспекттен алып караганда, мамлекеттик суу администрациясы түзүлгөн эмес, бассейн кеңештери жана аймактык башкы бассейндердин чек аралары бекитилген жок. Суу боюнча курамында суу ресурстарын башкарууга, анын ичинде финансылык аспектилер жана мамлекеттик коопсуздукка жооптуу министрликтердин, административдик мекемелердин жана башка мамлекеттик органдардын  жетекчилери бар Улуттук кеңештин жыйыны бир жылда аз дегенде бир жолу өтүшү керек болсо,  ал да өткөрүлбөй келет. Тыянагы, өлкө ичиндеги жана анын чегинен тышкары суу стратегиясы жана жалпы көз караштар тууралу сөз да болушу мүмкүн эмес.

Чечим: Улуттук суу ресурстарын башкаруу боюнча стратегия аягына чейин иштелип чыгышы зарыл. Суу ресурстарын башкаруу боюнча жакшы менеджментти жолго коюшкан башка өлкөлөрдүн мисалында, мамлекеттер аралык жана улуттук жогорку деңгээлде негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн илимий негиздердин сыпатында илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан көрсөткөн колдоолор жана күчтөндүрүү практикасын алуу керек.

Бүгүнкү күндө, Министрлер кабинетинин төрагасы башында турган Суу боюнча Улуттук Кеңешти өткөрүү керек, жана тармактык мекемелер арасында туруктуу координациялоону жолго салуу зарылчылыгы бар, аны менен улуттук кызыкчылыктарды/приоритеттерди талкуулоону жүргүзүү керек. Ошондой эле ушул эле координациялоодо улуттук суу ресурстарын жөнгө салуу, анын ичинде суу ресурстарын колдонгондугу үчүн төлөмдөрдү киргизүүгө байланышкан  укук-ченемдик актыларды гарманизациялоо зарылчылыгы бар.

— Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык деңгээлдеги суу маселелери жана климаттын өзгөрүшү боюнча да токтолуп кетсеңиз?

— Кыргыз Республикасынын Фонд жана анын органдарынын ишмердүүлүгүндө өз ишин токтоткондугу тууралу чечиминен кийин, 2016-жылдан баштап эч кандай маалымат алган эмес. Албетте, бул позицияны билдирүү катары түшүнүшүбүз керек. Бирок, кечээ жакында эле болуп өткөн КР ТИМ катышкан эксперттик деңгээлдеги жумушчу топтун жыйынында биз Аралдын бүгүнкү күндөгү абалы, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, гидрологиялык божомолдор ж.б.у.с., ошондой эле ал боюнча кабыл алынган чечимдер тууралу кабардар болдук жана өзүбүздүн көз караштар тууралу конкреттүү сунуштарды бердик.  Сүйлөшүүлөрдө маалыматтарга ээ болуу жана аракеттерди жасоо менен биз эң аз жоготуулар менен суу ресурстарын башкарууну колго алабыз. Андан сырткары, кээ бир өзүнчө суу башаттары боюнча суу бөлүштүрүү жана кызматташтык процесстери жүрүүдө, белгилеп кетүү керек советтик мезгилде кабыл алынган Жоболор жана Протоколдор боюнча, ал мезгилде кургакчылык мезгили болгондугу баарыбызга маалым, бул кошуна өлкөлөргө сууну убагында берүү гана эмес, Кыргызстандын өзүнүн да экономикасынын бардык секторлорун коркунучка кептейт.

Суу маселелери жана климаттын өзгөрүшү боюнча активдүү биргеликте кызматташууну аймактык интеграциялоо керек экендиги көрүнүп турат. Практикалык жактан алып караганда, бардык өлкөлөрдүн активдүү катышуусу менен өткөн талкууларда ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз кызыкчылыктарыбызды коргоо жана өз позицияларыбызды жылдыруу менен чечүү актуалдуу, себеби, Борбордук Азиянын бардык суу артериялары бири-бирине тыгыз байланышкан.  Бул саясий чечимдерге гана көз каранды эмес, өзгөчө маанилүү тарабы, Борбордук Азиядагы илимий институттар арасында байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөө зарыл. Биз, илимий коомчулук катары,  суунун учурда таңсык болуп жаткандыгын белгилөө менен, чечим кабыл ала турган жактарга суу бөлүштүрүү жоболорун жаңы деңгээлге көтөрүп, рационалдуу суу колдонуу жана сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алышы керектигин сунуштайбыз. Башкача айтканда, учурдагы абалды эске алуу менен мамлекеттер аралык келишимдер кайра каралып чыгышы керек, жана электрэнергиясы жана суу менен камсыздоо боюнча өз ара пайдалуу шарттарда жаңы келишимдерди түзүү керек. Андан дагы, жалпы экономикалык пайдаларды табуу аркылуу транс чек аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган  улуттук жана аймактык демилгелерди күчтөндүрүү зарылчылыгын көрүп турабыз.

Коңшулаш өлкөлөр сууну жана энергияны үнөмдөө технологияларга өтө башташты, бул секторго илимий борборлордун статусун жогорулатуу жана долбоолор аркылуу инвесторлорду, гранттарды тартуу активдүү жүрүп жатат. Өз аймагында дагы да рационалдуу суу колдонуу үчүн, суу үнөмдөөнүн заманбап технологияларын (усулдарын) киргизүү принциптерин колдонушубуз керек, бассейндерди жөнгө салуу боюнча кеңеш түзүлүшү зарыл.   Бассейнди жөнгө салуу азыркы эл аралык практикада суу ресурстарын экологиялык туруктуу башкаруудагы жана суу кызматтарын көрсөтүүдө экономикалык жактан өтө пайдалуу, акыйкаттуу камсыздоонун эффективдүү каражаты катары каралат. Бул орган суу ресурстарын, жер ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо,  ичүүчү суунунун сапатын камсыздоо, суу обьектериндеги сапат маселелери менен алектенген суу колдонуучулардын түрдүү категорияларын, коомдук уюмдардын аракеттерин координациялоо үчүн институционалдык негиздерди камсыздайт. Жана ошондой эле бул жерде калктын маалымат алуусунда жана мамлекеттик деңгээлдеги программаларга коштурганда жана келечекте бассейндик пландарда маанилүү роль ойнойт.

— Жыйынтыктап айтканда кандай көрсөтмөлөрдү, сунуштарды берип кетесиз?

—  Транс чек аралык суу ресурстарынын бардык көйгөйөрүн изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту аларды эффективдүү пайдалануу боюнча төмөндөгү сунуштарды киргизет:

• иштелип чыккан методика жана тарифтерге ылайык, бардык суу колдонуучулар менен табигый ресурс катары жана өз баасы бар суунун төлөмдөрү тууралу Мыйзамды жетекчиликке алуу менен карап чыгуу жана кабыл алуу;

• Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүн канаатандырган суу бөлүштүрүүнүн эл аралык принциптеринин стратегиясын кайра карап чыгуу жана бекитүү, квоталарды кайра карап чыгуу жана мамлекеттик деңгээлдеги келишимдерди кабыл алуу;

• Борбордук Азиянын өлкөлөрүндө транс чек аралык суу ресурстарын колдонууда квоталардан көз каранды суу колдонуучулардан кеткен чыгымдарды жана  жоготууларды төлөп берүү боюнча экономикалык механизмди киргизүү.

Борбордук Азиядагы мамлекеттердин суу ресурстарын колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу программасы суу ресурстарын башкаруу боюнча төмөндөгү милдеттерди чечүүнү камтышы керек:

• Суу ресурстарын башкарууга бардык суу колдонуучуларды тартуу менен башкаруунун бассейндик принциптерине толук өтүп, бассейндик органдарды түзүү.

• Башкаруунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана КПД системасын жогорулатуу максаты менен чарбалар аралык жана ички чарбалык деңгээлде сугат жана дренаждык системаларды реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана модернизациялоо.

• Суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөмдөрдүн дифференцирленген тарифин киргизүү, суу ресурстарынын башкаруунун экономикалык механизмдерин илгерилетүү.

• Сугат суу менен барабар азыктануучу элементтерди кошуп сугаруу менен айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатканга мүмкүндүк берген сугаруунун сууну үнөмдөө технологияларын киргизүү жана өндүрүштү уюштуруу үчүн керек болгон шарттарды түзүү.

• Гидротехниктердин квалификациясын жогорулатуу системасын калыбына келтирүү жана сугатчыларды окутуу.

• Суу ресурстарынын башкаруу иерархиясынын бардык денгээлдеринде сууну үнөмдөгөндүгү үчүн материалдык жана моралдык стимул берүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү.

Жогорудагы коюлган милдеттерди аткаруу менен азык-түлүк, энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо жана суунун азыктуулугун жогорулатуунун мыйзамдык, экономикалык жана институционалдык негиздери түзүлөт. Борбордук Азиянын транс чек ара бассейндериндеги суу ресурстарын интегралдык башкаруу (СРИБ), өзгөчө обьективдүү жана максаттуу, ал бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарында тең салмактуулук эсебинде өз ордун табышы керек, бул үчүн бардык чечилбей калган көйгөйлөрдү чечүүгө жана талкуулоого өлкөлөрдүн саясий эрктерин бириктирүү зарылчылыгы келип чыгат.

— Догдурбек Токтосартович, өтө мазмундуу, терең анализ жасаган маегиңиз үчүн сизге чоң ырахмат! Ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА,

Источник: http://kogart.kg/?view=news&id_news=8342

Вам может также понравиться...