Социалдык окутуучу көргөзмө «Нарын суулары: мектептердин жарандык изилдөөлөрү»

Кайда: БАУ (УЦА) Кесиптик жана Үзгүлтүксүз Билим берүү Мектеби
Нарын ш., Сейталы Жакыпов көч. 19
Качан: саат 10.00 — 16.00, 15 декабрь, 2016 ж
Расмий ачылышы: 11.00

Көргөзмө – «Кыргызстандын тоолуу аймактарында экологиялык окуулар жана жарандык изилдөөлөр» долбоорунун натыйжасы. Долбоор Ачык жана Бирдиктүү Илимди өнүктүрүү Тармагынын (Канада) колдоосу менен CAMP Алатоо коомдук фонду жана Борбор Азия Университети тарабынын ишке ашырылууда.  

Долбоорго Нарын областынын Акталаа, Атбашы, Нарын райондорунун 10 мектебинин биология, география, химия, физика мугалимдери жана окуучулар катышууда. Максат – мектептерде атайын жабдууларды камсыз кылуу менен изилдөө иштерин өркүндөтүү жана долбоор катышуучуларын суу сапатын мониториг жүргүзүүгө атайын көрсөтмө чыгаруу менен үйрөтүү.

Суу сапатын сыноону камтыган экологиялык окуунун прикладдык моделдери жергиликтүү эл менен бирге иштелип чыкты.   Окуучулар өздөрүнүн айыл аймагындагы суулардын физикалык, химиялык сапатын жана биотүрдүүлүгүн баалашты. Бул тажрыбаларга картага түшүрүү, конденсация, буулануу, чыпкалоо, жандыктарды изилдөө ж.б. кирет. Ошондой эле суунун агымынын ылдамдыгы, тереӊдиги, жыштыгы, даамы, түсү, температура, жыты, кычкылдуулугун билүү да камтылган.

Көргөзмөдө төмөнкүдөй ыкмалар колдонулду: транспирация макеттери, чыпкалоо моделдери, видео-тасмалар, интервью ж.б.

 

Ошондой эле башталгыч мектеп окуучулары үчүн ИНТЕРАКТИВДИК ЗОНА уюшулган. Анда бардык каалоочулар суунун малекулярдык структурасын түзүүгө катышып, эс ала алышат.

 

Көргөзмө балдарга, ата-энелерге кызыктуу болуп, «жарандык изилдөө» жаатында иш алып барган уюмдарга да багытталат.

 

CAMP Алатоо коомдук фонду, Нарын мектептеринин жана Борбор Азия Университетинин өкүлдөрү «Кыргызстандын тоолуу аймактарында экологиялык окуулар жана жарандык изилдөөлөр» долбоору жөнүндө айтып беришип, экспонаттар менен тааныштырышат.

 

Байланыш  телефондору:

Бактыгуль Капалова

моб.: 0 705 999 572
Алия Ибраимова (
CAMP Алатоо КФ адиси)

 моб.: 0553 809 777

Т.: 312 909703 (104)

Email: aliya@camp.elcat.kg

Вам может также понравиться...