Токтогулда теке атып кармалган Тогуз-Торо районунун жараны азыркы учурда Такен деген егерди коркутуп жатат

Токтогул районунда чет элдик жарандар келип мыйзам чегинде аңчылык кылууга уруксат берилген аймак бар. Ал жерди “Жоон-Терек” жоопкерчилиги чектелген коому карап, алар кийиктерди көбөйтүү менен иш кылышат. Өткөн айда ал жердин инвестору Отто Криз бир теке аткан Тогуз-Торо районунун бир жаранын кармаган. Бул тууралуу экологиялык — техникалык инспекциянын штаттан тышкаркы кызматкери Ашим Чатаев маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тоо текени аткан тогуз-торолук жаран эти менен колго түшкөн. Учурда ал барконьер Токтогул районунун егери Такенге телефон чалып, коркутуп жатыптыр. “Керек болсо, атышабыз. Автоматтар менен келебиз” – деп айтыптыр. “Эми мен бул коркутуу боюнча облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазып, “коркутуу болуп жатат” — деп билдирип коюшум керек. Болбосо, мунун арты эмне менен бүтөөрүн билбейм”, — дейт А.Чатаев.

Ал эми Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаиловдун айтымына караганда, аңчылык сезон август айынан акырында башталат. Аңчылык департаментинин уруксаты менен биринчи көгүчкөн, пактек ушундай канаттууларга уруксат берилет. Кийик, теке, уларларга 24-25-августтан акыркысы 25-ноябрь, декабрга чейин берилет.

“Бул жерде 1 теке атканга мүмкүн, бул жерде атууга болбойт деп, бизден келип 4-5 адам бир путевка алышат. Жалгыз адамга путевка берилбейт. Өткөн жылы 1 путевка 3 миң 600 сом болду эле, эми аны 10 миң сомго көтөрүп коюптур. Ылайым эле, ошондой болсун. Бул азыр тактала элек. Бизди Токтогулдун эли карышкырды ата албайбыз, келип атып бергиле дешет. А өздөрү ошол жердеги элиги менен кийигин атып жок кылып жатышат”, — дейт А.Исмаилов.

 

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...