Тренинг «Үйдү жылытуу жана энергияны сарамжалдуу пайдалануу технологиялары»

002Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) «Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жамааттарды катыштыруу аркылуу биоартүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоорунун жана «Кесиптик-теникалык билим берүү жана жумуштуулукка көмөктөшүү» Программасынын алкаганда 2015 ж. 16-31 март күндөрү полдорду жана дубалдарды жылытуу боюнча Жалал-Абадской облусунун жашоочуларына атайын курс өткөрдү.

Тренингдин негизги максаты – үйдү жылытуу жана энергия сарамжалдуу техноголияларды колдонуу боюнча керектүү билим берүү. Жангак-мөмө токойлорун рационалдуу түрдө башкаруу жана пайдалануу аркылуу токой ресурстарына болгон терс таасирди төмөндөтүү максатталууда. Отун үчүн токойду кесүүнү кыскартуу үчүн долбоор тарабынан альтернативдуу жылытуу ыкмалары сунушталууда.

Курс үчүн Базар-Коргон районунун долбоордук территориясынан 35-жаштан улуу усталар тандалды. Курстун катышуучулары шыбак салуу, полдорду жана дубалдарды эффективдүү жылытуу жана фасадды жасоо ыкмаларын үйрөнүштү. Долбооррдун адистери курс катышуучуларына керектүү билим жана маалыматты берип, заманбап жабдууларды жана инструменттерди беришти. Курстун аягында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары боюнча эң мыкты 3 катышуучуга керектүү жабдуулар жана инструменттер берилди. Ар бир шаймандын баасы 60 000 сом түздү.

Теориялык билимдин практика жүзүндө колдонулушу жана бул маалыматтардын башка адамдарга таркатыш үчүн, долбоор келечекте курстун бүтүрүүчүлөрү менен катташууну пландап жатат. Долбоордун негизи жыйынтыгы катары Кыргызстандын түштүгүндөгү токой ресурстарынын рационалдуу колдонулушу болуп күтүлүүдө.

Келечекте айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен окуу жана дискуссия менен иш жүргүзүүлөр максатталууда. Келечекте токойлордун биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча практика иштери жана топтолгон тажрыйба башка системаларда да таркатылат.

Справка: Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коому) Германиянын федералдык компаниясы болуп, дүйнө боюнча 130 өлкөдө иш-чараларды жүргүзөт. GIZ Германия Федеративдик Республикасынын өкмөтүнө эл аралык кызматташтыгы чөйрөсүндөгү туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары, GIZ активдүү түрдө эл аралык билим берүүчү-агартуучу иш чараларына катышып, коомчулукка өз перспективаларын жана жашоо жакшыртууга жардам беруудө.

Кыргызстанда GIZ 1990-жж. баштап иштеп жатат. Ɵлкөнүн улуттук өнүктүрүү стратегиясына GIZ төмөндөгүдөй негизги багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда: «Туруктуу экономикалык өнугүү» жана «Саламаттыкты сактоо». GIZ ишмердиги, мындан тышкары, билим берүү системасын, укуктук жана соттук реформаларды, Борбордук Азиядагы суу ресурстарды башкаруу боюнча трансчекаралык диалог түзүүнү жана ошондой эле табигый ресурстарды рационалдуу пайдаланууну өз ичине камтыйт.

www.giz.de

Вам может также понравиться...