USAIDдин жер реформасы жана жер базарын онуктуруу II долбоору Баткен облусундагы Марказ айыл округундагы АКФнын жерлерине ижара укуктарын беруу боюнча пилоттук инвестициялык конкурска чакырат.

Конкурс: Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине (АКФ) ижара укуктарын берүү боюнча Марказ айыл окуругунда пилоттук инвестициялык конкурс бекиген АКФнын жерлерин колдонуусунун Келечек планына жана «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» Типтүү жобосуна ылайык өткөрүлүп жатат.

Инвестициялык конкурс АКФнын жерлерине ижара укуктарын берүү боюнча тооруктардын формасы болуп саналат, «сары» зона деп аталган, инвестицияларды талап кылган жерлерге өткүрүлөт. Жер участогун жакшыртканга эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп таанылат.

Төмөнкү инвестициялык конкурска жер кыртышынын сапатын жакшыртууну жана сугат системаларын реабилитациялоону талап кылган АКФнын 34,0 га жерлери коюлат. Конкурс Марказ айыл округунун жашоочулары физикалык жана юридикалык жактардын жана дагы кошуналаш айыл округдарынын жашоочуларынын арасында USAIDдин төмөндөгүдөй Долбоорлору Суу колдонуучулардын Ассоциацияларына Жардам берүү Программасы (WUASP), агробизнести өнүктүрүү жана камсыз кылуу Кыргыз Долбоору (KAED IFDC), Борбордук Азиялык Микрофинансылык Альянсы (CAMFA Долбоору) менен биргелешип өткөрүлөт.

USAIDдин Жер реформасы жана жер базарын өнүктүрүү II Долбоору жер базарын өнүктүрүүнүн зарыл факторлору катары жер мыйзамдарын өркүндөтүүгө жана аларды пайдалануу тажрыйбасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлөт. Ушул себептен, Долбоор аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү менен ачык айкын механизмдерди колдонуу аркылуу АКФнын жерлерин ижарага берүүсүн жылдырып жатат. 2009 жылдын сентябрь айынын аягына чейин, Долбоор республика боюнча баардыгы болуп 5 инвестициялык конкурсту жана 30 аукцион өткөргөнгө көмөк көрсөтөт.

Устубуздогу жылдын 27-февралында откорулуучу бул конкурска Баткен облусунун администрациясынын, Кыргызстандагы USAID/CARдын жана Марказ айылдык округунун,

областтын айыл округтарынын башчылары катышат

Вам может также понравиться...