Жалал-Абадда органикалык тармакты өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү

6472_full23-сентябрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө КР Жогорку кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин эксперттери катышкан семинар органикалык пахтаны өндүрүрүү жана сатууну колдоо боюнча “Био Пахта” долбоорунун 10 жылдыгына арналып өткөрүлүп,  анда органикалык тармакты өнүктүрүүдө аткарылган иштер талкууга алынды.

“Био Сервис” коомдук фондунун  аткаруучу мүдүрү Сапарбек Алымкуловдун берген маалыматына караганда, аталган семинарга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Майрамкүл Тиленчиева, Кыргызстандагы органикалык кыймыл федерациясынын президенти, “БИО kg” кыймылынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев, КР айыл-чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Кыргызагробиоборбордун жетекчиси Жаңыбай Туманов, Хелветас Швейцариялык Эл аралык кызматташтык уюмунун, Голландиялык ICCO  Кооперейшндин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустагы органикалык чарба менен иштеген дыйкан фермерлер катышышты.

“Семинарда облуста органикалык чарба жүргүзүүнүн тарыхына токтолуп, экологиялык көйгөйлөр боюнча тасма көрсөтүлдү. Органикалык продуктыларды өлкө ичинде алга жылдыруу, кыйынчылыктар жана андан чыгуу жолдору талкууга алынды. Ийгиликтүү фермер тарыхы боюнча тасма көрсөтүлдү жана аны талкууга алышты. Жыйынтыгында органикалык өндүрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку кеңешке сунуштоо жагы жактырылды”, — дейт С.Алымкулов.

Анархан Жаңыбаева

Источник: http://jalal-abad.kyrgyzkabar.kg/news/view/id/6472

Вам может также понравиться...