«Фауна жана Флора» уюму Нарында

2006-жылдын 27 август куну «Фауна жана Флора Интернациональ» (Великобритания) уюму Нарын шаарында семинар откорду. Семинарга Акталаа, Атбашы, Кочкор жана Нарын райондорунун, Нарын шаарынын аталган уюм менен айлана-чойрону, биотурдуулукту коргоо, сактоо жана туруктуу онуктуруу, кол онорчулук жана башка жакырчылыкты четтетуу боюнча бирге иш алып барышкан граждандык коомдун мучолору катышты.

Семинарды «Фауна жана Флора» уюмунун кызматкери Сюзана ачып, семинардын максаты жана милдеттери тууралуу кенири токтолду. Андан кийин семинардын катышуучулары- коомдук уюмдар озулору иштеп чыккан жана ишке ашырып жаткан долбоорлору жонундо баяндама беришти.Алсак, Нарын районун Жамбулак, Учкун жана Куланак аыйлдарындагы «Пир-Соломон», «Базген» жана «Аймери» коомдук уюмдары «Токойду сактап калалы» долбоору, Жергетал жана Кызыл жылдыз айылдарындагы «Бир калпак», «Чагалдак» жана «Коомду коргоо борбору» коомдук уюмдары «Табиятты таануу жана сактоо» долбоору, Акталаа районунун Баетов жана Угут айылдарында «Жакшы жашоо», «Угутстан» жана «Эл багар» коомдук уюмдары «Жемиш бактары» долбоору боюнча ар кандай бак дарактардын кочотторун остурушуп, айыл калкына бекер таратып берип жатышат.

Нарын районунун Учкун, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айылдарында «Насип бак», «Айтегин» жана «Жаныл Мырза» коомдук уюмдары «Кийиз менен иштоо» долбоору боюнча калк арасында унутулуп бара жаткан койдун жунунон чон кишилердин жана балдардын чокойлорун иштеп чыгаруу колго алынган. Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы «Алтын кунгой» жана «Активус» коомдук уюмдар «Айыл жеринде кол онорчулукту онуктуруу» долбоору боюнча улуттук ар кандай кооз сувенирлерди жасоо менен, атайын дукон ачышкан.

Атбашы районунун Атбашы айылында «Гигея», «Эльдарханкут» жана «Продесса» коомдук уюмдары биригишип, «Жакырчылыкты четтетуунун дагы бир кадамы» долбоорунун эсебинен уйларды сатып алышып, балдарга бекер сут азыктарын таратууну колго алышкан.

Ал эми Акталаа райондук «Аялзат» коомдук уюму райондо ресурстук борборду ачып, калктын компьютерге, ксерокска жана башка оргтехникага болгон муктаждыктарын чечкен. Нарын шаарынын «Эко-Жоомарт» коомдук уюму «Айлана-чойрону коргоо жана сактоо» долбоорунун алкагында бийик тоолуу жерде жайгашкан «Сон-Кол» колунон браконьерлердин калтырып кеткен торлорун алып чыгышып тазалашкан.

Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын чечими менен жаштардын ичинен жаратылышты коргоо боюнча инспекторлорду дайындашкан. Нарын районунун Уч нура жана Аккыя айылдарында «Карпык Ата» жана «Кыргыек» коомдук уюмдары «Топоздорду кобойтуу» долбоорунун негизинде топоздорду сатып алышып, алардын толун жакыр адамдарга берууго аракеттенип жатышат.

Атбашы районунун Казыбек айылында «Сый-Нат» коомдук бирикмеси «Нуска» долбоорунун алкагында айылдагы турмуш денгээли начар кары-картан адамдарга бир маал тамак уюштурууну колго алган. Ошондой эле кыргыздардын унутулуп бара жаткан улуттук тамактарын кайра жаратуу максатында, кошкон майдын эки турун, кайнатылган курутту сатууга ылайыктап даярдоого мумкунчулук тапкан. Кочкор районунун «Кочкор куту», «ДЖиф» жана «Аяр» коомдук бирикмелери «Маданияттын, тарыхтын, экологиянын жана билимдин борбору» долбоору аркылуу улуттук каада салттарды, буюм-тайымдарды кайра жаратууга жана калкка жайылтууга карата ресурстук борбор ачышкан , билдируулорду дайыма уюштуруп турууга жетишишкен.

Акталаа районундагы эн алыскы элдуу пункт Кош добо айылында «Элдик» коомдук уюму «Торот уйун кайра калыбына келтируу» долбоору менен торот уйун капиталдык ремонттон откоруп жатат. Нарын шаарындагы «Сollaboration-Содружество» Ассоциациясы «Ассоциациянын уюштуруу ресурстарын жогорулатуу» долбоорунун чегинде облустагы граждандык коомдук уюмдар учун 8 жолу МЭУлардын иштоо ыкмалары тууралуу ар кандай темаларда тренингдерди уюштурган.

«Нарын башаты» Ассоциациялар Конгрессин мамлекеттик каттоодон откоргон, Ассоциациянын мучолоруно жана башка коомдук уюмдарга кызмат корсотууну арттыруу максатында оргтехникаларды, мебелдерди алууга жетишкен. Чыгып суйлошкон коомдук уюмдардын жетекчилери долбоорлор боюнча жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер жана кыйынчылыктар, алдыдагы максаттар жана милдеттер жонундо ортого салышып, кенештерди жана сунуштарды алышты.

Семинардын дагы бир маселеси-коомдук уюмдардын келээрки жылга карата багыттары аныкталды жана максаттары белгиленди. «Фауна жана Флора» уюмунун Нарын облусу боюнча координатору Саякбаева Света озунун билдируусундо, облустагы коомдук уюмдардын ишмердуулугуно, жетишкендиктерине жана долбоорлор боюнча жасалып жаткан иш чаралардын кандай козомолго алынып жаткандыгына кенири токтолду.

«Сollaboration-Содружество» Ассоциациясынын Президенти Сатаров Абдыбек Ассоциациянын бул убакытка чейинки жургузгон иштери жонундо баяндама берди. Ассоциация эки жылдын ичинде коомдук уюмдардын 327 окулдорун МЭУнун ишмердуулугун арттыруу максатында ар кандай темаларда окутууга жетишкен жана сертификаттарды берген, 8 коомдук уюмдарды мамлекеттик каттодон откоруудо материалдык жана уюштуруу жагынан жардамдарды берген.

Коомдук уюмдарга 322 жолу уюштуруу, кенеш беруу жана техникалык ар кандай кызматтарды корсоткон. Ассоциациянын мучолорунун саны 8ден 22ге чейин оскон. 6 долбоорду иштеп чыккан жана аларды ийгиликтуу ишке ашырган. Семинардын аягында «Фауна жана Флора» уюмунун ЕврАзия боюнча менеджери Лиша соз суйлоп, облустагы коомдук уюмдардын жургузуп жаткан иштерине ыраазы экендигин билдирип, аларга ийгилик каалады.

Семинарга ушул уюмдун кызматкери Рабия жана «БашатФОБ» коомдук фондунун координатору Асел катышышты. Семинар маселелерди кызуу талкуулоо менен активдуулукто откорулду.

«Сollaboration-Cодружество»

Абдыбек Сатаров

Вам может также понравиться...