Айлана чөйрөну коргоо багытында жарыяланган материалдар үчүн сынак

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун «Орто Азиядагы Орхус Борборлорун колдоо» долбоорунун алкагында Орхус Конвенциясы боюнча Маалымат Борбору аймактагы экологиялык көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди чагылдыруу багытында журналистер арасында сынак жарыялайт.

Сынактын максаты

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экология багытта ишмердүүлүгүн күчөтуүү, республиканын жарандарын айлана чөйрөнүн абалы боюнча маалымат менен камсыз кылууну жакшыртуу (Орхус Конвенциясынын негизинде), калкты айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого үндөө, жергиликтүү экологиялык көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди сапаттуу жана жогорку деңгээлде чагылдыруу болуп саналат.

Сынака катышуунун шарттары

• Сынакка Кыргыз Республикасында 2010-жылдын 1-октябрынан 2011-жылдын 1-июнга чейинки убакытта гезит жана журнал беттеринде жарык көргөн материалдар кабыл алынат.
• Сынакка журналистер, чыгармачылык топтор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана атуулдар катыша алат
• Авторлор учун материалдардын санына чек коюлбайт
• Сынака катышкан материалдарга автор жөнүндө кыска маалымат тиркелиши зарыл: фамилиясы, аты, дареги, байланыш телефону.

Сынактын жыйынтыгы 2011 –жылдын 5 июнунда “Дүйнөлүк Айлана чөйрө күнүнө” карата чыгарылат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышат.

Сынактын уюштуруу тобу:

• Ош шаарындагы Орхус Конвенциясы боюнча Маалымат Борбору
• Ош аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой экосистеманы өнүктүрүү башкармасы

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 287, 12 каана.
Тел: +(3222) 2-41-12, 2-18-33 (факс), электрондук дарек: aarhus@ktnet.kg, aarhus.osh.kg@rambler.ru

Вам может также понравиться...