Баткенде "Айгул" коругу ачылат

Озунун кооздугу менен ааламга таанылган, дуйнодо сейрек кездешкен “Айгул” гулу областыбыздын негизинен Баткен районунда, азыраак Лейлек районунун аймагындагы жерлерде осот.

Бул гул илимде “Рябчик Эдуарда” деген аталыш менен белгилуу болуп, 1978-жылы СССРдин кызыл китебине киргизилген.Баткен облустук акимчилигинин басма соз катчынын айтымында акыркы жылдарда “Айгул” гулу кароосуз калып, азайып кетип жаткандыгына байланыштуу аны сактап калуу максатында жалпы коомчулукту “Айгул” гулун коргоо иштери уюштурулуп жатат.Жергиликтуу бийлик тарабынан иш аракеттер жасалууда. Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Маратбек Джумабековдун демилгеси менен «Айгул» гулу оскон тоонун картасы чийилип, корук боло турган жер аянты аныкталып атайын токтом кабыл алынды. Токтомдун негизинде Баткен районунун Карабулак айылындагы “Айгулташ” тоосунун “Айгул” гулу осуп жаткан жерде комплекстуу 300 га аянты “Айгул коругу” болуп тузулду.

Ошондой эле «Айгул» гулун мамлекеттик корук статусуна корсотуу жонундо материалдарды карап чыгып, жетишсиз документтерин толуктап “Айгул” гулуно мамлекеттик корук статусун беруу боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотуно областтык администрациянын сунуш каты жиберилген

Вам может также понравиться...