Долбоорлор улантылууда

Великобританиянын «Фауна жана Флора Интернационал» уюму колдогон жана «Башат (ФОБ)» Коомдук фонду аркылуу Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун саны жыл сайын осуудо. Эгерде мурунку жылдарда бул уюмдун долбоорлоруна Нарын, Атбашы райондорунун окмоттук эмес уюмдары катышып келген болсо, кийинки жылдары Акталаа, Кочкор жана Жумгал райондорунан тартуу колго алынып жатат. Алсак, откон 2005 жылы Кочкор районунун 5 окмоттук эмес уюмдары, Акталаа районунун 3 , 2006 жылы Жумгал районунун 3 окмоттук эмес уюмдары долбоорго жаныдан катышууга мумкунчулук алып отурушат.

2006 жылы облус боюнча 27 уюмдун жаратылышты, биотурдуулукту коргоо, туруктуу онугуу, жакырчылыкты жоюуда кол онорчулукту, улуттук салтты улантуу жана остуруу боюнча 14 долбоорлорго катышып отурушу жакшы жетишкендик болуп саналат.

Нарын облусунда окмоттук эмес уюмдардын долбоорлорго туруктуу катышып келе жаткандыгы эмнеден деген суроо туулушу мумкун. Анын себеби, биринчиден, долбоорлорду ишке ашырып жатышкан окмоттук эмес уюмдардын талапка ылайык иш жургузушуп, долбоорлордун максаттарына жетишип жатышкандыктарында, экинчиден, аталган донордун окмоттук эмес уюмдарга ишенгендигинде, учунчудон, «Башат (ФОБ) коомдук фондунун туура жургузгон саясатында болуп отурат. «Фауна жана Флора Интернационал» уюмунун окулу Пол Хетхем жыл сайын Нарын облусунда болуп, окмоттук эмес уюмдардын иштери менен кенен таанышып турат, атайын семинарларды откорот. Долбоорлордун кандай ишке ашып жаткандыгына озу жекече кызыгат жана кенештерин берет. Ушундай кызматташтык жыл сайын жакшы ийгиликтерди жаратып келет.

Вам может также понравиться...