ЖАЙЫТТАРДЫ КЕЛЕЧЕКТУУ ПАЙДАЛАНУУ — АР БИРИБИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ

Чолго айлануу маселеси жонундо айтканда тушумдуу жерлерди улам четинен кумга бастырып каптап келе жаткан дуйнолук чолдордун кенейип баратышы тууралуу соз болбойт. Чолго айлануу – бул жерлердин жакырданышы, Буга айдоо талааларынын, жайыттардын жана токойлордун биологиялык жана экономикалык онумдуулугунун жоготулушу кирет. Бул алааматтын негизги себеби климаттын озгоруусуно жана жерди ото ашыкча жана тура эмес иштетууго байланышкан.

Кыргызстан – чон жайыттары бар тоолуу олко. Жайыттардын кенендиги мал чарбачылыгын онуктурууго ото ынгайлуу. Олконун 5 млн калкынын 60% ашыгы элет жеринде жашайт. Жайыттардын эн баалуулугу – бул алардын Кыргызстанда кой остуруу, жылкы остуруу, жана мал остуруу сыяктуу негизги тармактарын сактап, онуктурууго оболго тузгондугундо.

Азыркы мезгилде айдоо талааларынын 73% ашыгы жана жайыттардын 70% ашуун болугу бузулууга дуушар болуп жаткандыгы белгилуу. 90 – жылдары жайыттарды пайдалануу тартиби озгортулгон эле. Мурда жайыттарды колдонунун акырындык менен айланып туруучу, жылдык турмок схемасы колдонулуп келген. Буга ылайык кышкысын кыштоолордо жана жайкысын жайлоолордо ар башка жайыттар пайдаланулуучу. Азыркы кезге чейин айылдарга жакын жайыттар жыл бою пайдаланылып, ал эми бийик тоолордогу жайыттар жай мезгилинде гана анча — мынча пайдаланылып журот.

Бугунку кундо жайыттарга болгон суроо талап бирдей эмес-айылга жакын жайгашкат жайыттарды пайдаланууну каалагандар эн коп болгондуктан ал жерлер урой учургандай бат жакырланып бара жатат.

ЧОЛПОНАТА АЙЫЛ ОКМОТУНУН ЖАЙЫТТАРЫНЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ.

Чолпоната айыл Окмотунун табигый жайыттары жалпы 49065 га тузот, мунун ичинен – 11620 га же 23,7% жайыт туруктуу пайдаланылат бул жайыттар жакынкы жана ортонку жайыттар болуп эсептелинет. Малдын саны Союз мезгилиндегиге караганда кескин азайган мунун себеби откоол мезгилдеги жашоо турмуштун оорлугунан , кунумдук керектелуучу азык тулук товарлардын баасынын кымбаттыгынан колундагы малдарын сатып жашоо турмушун улантууга туура келген.

Чолпоната айыл Окмотунун жалпы калкы 6525 адамдан турат. Жашоочулардын 70% ашуун болугу мал чарбачылыгы менен жашоо турмушун откорот. Малдын кескин азайышынан алыскы жайлоолор мал аралабастан калууда. Жакынкы жана ортонку жайттар такай пайдаланууда болгондуктан жайыттардын жакырданышына алып келуудо. Бир орунда эки – уч айлап олтуруу менен айланасындагы табигый чоптордун бышып жетилуусуно жана уруктоосуна богот болууда. Натыйжада жайыттардагы тоют бирдигинин жылдан жылга азайуучуна жол берилуудо.

Ошол элемезгилде малдын копчулугу ылдыйкы жайыттардагы булактын козундо топтолуп турган учурлар болот. Мал суу ичуу менен аз сандагы булактардын козун тебелеп ылайлап акырында булактын жок болуп кетуусун пайда кылууда. ЖАЙЫТТАРДЫ – САРАМЖАЛДУУ ПАЙДАЛАНУУ Жайыттарды пайдалануудагы оор жагдайды жонго салуу учун малчылар арасында окутуу, тушундуруу иштерин жургузуу ото зарыл. Жайыттардын келечеги – жалпы коомчулуктун, жашоо турмуштун келечеги экендигин ынандыруу зарыл.

Жайыттарды туура пайдалануу багытында аймактар боюнча жайыт пайдаланууну жонго салып туруу максатында малчылардын арасынан жайлоо Кенешин тузуу учурдун талабы. Айыл Окмоту жергиликтуу калктын катышуусу менен кадыр барктуу адамдардан жайлоо Кенешинин мучолорун жана жетекчисин шайлоо керек.

Чалов Акмат

Келечек жамааты

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.