Таластагы «Байбол-Ата» туристтик комплекси экотуризмди кеңири жайылтууда

7.Талас регионунда экотуризмди өнүктүрүү максатында 2003-жылы «Байбол-Ата» туристтик комплекси түзүлүп, жөө, ат жана велосипед менен саякаттоо маршруттары иштелип чыккан. Анын соңунда комплекстин жана региондун айланасынан уникалдуу тарыхый буюмдар табылып, ата-бабалардын өз убагында пайдаланган буюмдаря менен толукталып «Байбол-Ата айылдык тарых музейи түзүлгөн.

«Бул музейдин негизги максаты – кыргыз элинин байыркы эл экендигин көрсөтүү, элибиздин каада салтын сактоо жана аны чет элдик туристтерге жеткирүү болуп эсептелет», — дейт «Байбол-Ата» туркомплексинин директору Данияр Абылаев.

Анын берген маалыматына караганда, 1998-жылы «Байбол-Ата» деген фермердик чарба түзүлгөн. Ошол жактан иштеп тапкан пайдадан, кийин 2004-жылы туристтик комплексти ачышкан. «Азыр деле фермердик чарба жүрүп жатат. Чарбада мурда саан уйлар болчу, жайыт тартыш болгондуктан, учурда эт багытында 50дөй өгүздү багабыз. Жайында жайлоого айдайбыз. Байбол деген чоң аталарыбыздын аты. Илгери транспорт жок мезгилинде үч киши  болуп, Мекеге ат менен кеткен экен. Ал жактан экөө кайтып келген, чоң атабыз ошол жатка каза болуп калган. Ошол чоң атабыздын урматына Байбол-Ата деп аталып калган», — дейт Д.Абылаев.

 

Анын атасы Адыл Абылаев колхоздо, андан кийин меткепте мугалим болуп эмгектенген. өзү тоо инженерии катары, Жерүй кен чалгындоо иштерине катышкан. Жерүйдө мастерден баштап, башкы инженерге чейин 8 жыл иштеген. Д.Абылаев Союз таркагандан кийин фермердик чарба уюштуруп кеткен. Талас облусу боюнча 2007-жылы «Мыкты фермер» номинациясын, 2008-жылы сапат боюнча республикалык конкурстун дипломанты, 2009-жылы «Мыкты туроператор» номинациясына ээ болгон.

 

«Бул жерде 20 орундуу мейманкана, 50 орундуу конферец-зал, 2 гектар аянтта «Жазгы жайлоо» деген парк бар. Жайлоонун элементин берип жатам. Үстү жакка ферма салганбыз. Ал жерге жылкыларды баксам деген ниетим бар. Паркта бак-дарактардын 7-8 түрү өсөт. Мектепке жардам сураса, берип турам. «Оң колуң бергенди, сол колуң билбесин» — дейт экен. Ошентсе да, жылына 30 миң сомдун тегерегинде кайрымдуулук жардамдар берилет. өткөн жылы 40 миң сомдук салык төккөнбүз»,- дейт Д.Абылаев.

 

«Байбол-Ата» айылдык тарых музейинде Талас облусунан табылган музей комплекс ачылгандан бери эле ар кандай экспонанттар жыйналып келе жатыптыр. Музейде Кара-Буура районунун суу жээгинен чыккан мамонттордон мурда 8-10 млн. жыл мурда жашаган мастодонт деген жаныбардын баш сөөгү, анын азуу тиштери да сакталып тургандыгын көрдүк. Бул туркомплексте Кыргызстандын биринчи жетекчилери, белгилүү саясатчылар менен республиканын туш-тарабынан келген атуулдар болушуп, өздөрүнүн каалоо-тилектерин жазып калтырышканына күбө болдук.

 

«Өткөн жылы туристтик комплекске 200 дөн ашык туристтер келишти. Экотуризмди өнүктүрүү багынтында ат менен Таластын Үрмарал капчыгайынан Аксы районунун Сары-Челек көлүнө 7 күндө күнүнө 4-5 сааттан жүрүп, саякаттап келишет. Мындан сырткары, Таластын ичинде кыдырып кооз жерлерин көрө турган 3 күндүк маршруттар бар», — дейт Д.Абылаев.

 

Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад-Бишкек-Талас-Жалал-Абад

Вам может также понравиться...