Кыргызстанда 20 жыл

Финляндия айлана-чөйрөнү коргоо Институтунун ага техникалык кеңешчиси Ари Мякеля.
( Рысбекова А.Р., Жангазиева Г.А. кыргыз тилине которушту.)

Менин  Кыргызстандагы эң алгачкы  кадамым 20 жыл мурун, 1998-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарындагы айлана-чөйрөнү коргоо Министрлигинде, өзүмдүн «Экологиялык мониторинг жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу» аттуу долбоору менен башталган.

Ошондон бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо  жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы Финляндия айлана-чөйрөнү коргоо Институту менен ар түрдүү 5 долбоор иштелип чыккан. 1998-2000-жылдар аралыгында Бишкек шаары жана Чүй областында, 2001-2002-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарында, 2004-2006-жылдарында жана 2011-2014-жылдары кайрадан Чүй областы, 2015-жылдан азыркы учурга (2018) чейин Ысык-Көл областы жана Нарын областында (Соң-Көл көлү) иштешип келебиз.

Алгач, биздин идея «Булак-Кадам-Кабыл алуучу» деген концепцияны экологиялык мониторинг системасында жана булгоочу заттардын топтолгон жыйынтыктарын жаратылыштагы курчап турган айлана чөйрөгө келип түшүшүн мобилдештирүү максаттарын иштеп чыгуу менен, ошондой эле алардын келечекте «Тобокелдиктерди баалоо жана анын негизинде курчап турган чөйрөнү башкаруу» экологиялык менеджмент контекстинде жыйынтыкталган. Бирок, андан бери көптөгөн окуялар болду.. Кээ бирлери өнүгүүгө умтулушкан жок, ал эми кээ бири олуттуу  өзгөрүүлөргө алып келди.

Биздин долбоорлордун максаты үстүңкү суулардын жана башка  айлана-чөйрөнүн абалдарынын маалыматтарын жыйноого колдоо көрсөтүү. Биздин милдеттерибиз мониторинг жүргүзүү жана контролдоо менен баардык иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жана жасалган мониторингдин жыйынтыгы боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу. Дагы бир милдетибиз комплекстүү мониторинг  жүргүзүү үчүн институттук кубаттулугун жогорулатуу жана кызыкдар тараптар менен чогултулган маалыматтар менен бөлүшүү. 20 жыл аралыгында бул милдеттер актуалдуу боюнча калууда.

Башынан эле биздин максат  «Улуттук экологиялык пландын мониторинги» жана дагы иштеп жаткан «Улуттук экологиялык программаны» реализациялоо. Азыркы учурда бул милдеттерди ишке ашыруу  үчүн  биз аракеттенип жатабыз. Бул учурда милдеттерибизди ишке ашыруу үчүн көптөгөн жолдору иштелип, биздин максаттарыбызга ийгиликке жетүүдө. Бул жерде бүткүл дүйнөлүк кабыл алынган экологиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде  айлана-чөйрөнүн коргоо  абалын эсепке алуу менен лаборатория иштеринин жана талаа иштеринин потенциалын олуттуу көтөрүү үчүн оптималдаштырылган сактоо системасын жана лабораториялык жыйынтык-маалыматтарды жөнгө салууга болот.

Бүгүнкү күнгө чейин экологиялык мониторинг системасында  көптөгөн жанылануулар жана жанылануу маселелери ар дайым  өнүгүүдө, мисалга алсак, климаттык өзгөрүүлөр, адаптация жана анын өзгөрүүлөрү сыяктуу эле бизди жакынкы арада күтүп турат. 2015-2016-жылдары Финляндия Кыргызстан аралык экология тармагындагы кызматташуу алкагында «Климаттын өзгөрүшүнө карай экологиялык маанилүү жыйынтыктарды жана жаратылышты сарамжалдуулук менен пайдалануу адаптациялануу» деген темада 2 жолу эл аралык конференция  өткөрдүк. Өткөрүлүп жаткан иш чаранын тематикасы чындыкты таамай чагылдырып тургандай башталган процесс улантылып, азыркы көйгөйлөр боюнча жана алардын эффективдүү чечимдери боюнча мындан дагы тереңдетип түшүнүүнү камсыз кылат деп ишенем. Ошондой эле климаттын өзгөрүү тенденциясын көзөмөлдөө өзүнө кайрылбай турган процесске көңүл бурдурат. Ушунун баардыгы келечекте козголо турган  көптөгөн экологиялык глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө даяр болуу үчүн зарыл.

Акыркы 20 жыл аралыгында Бишкек шаары кандай өзгөрүп, өнүгүп жатканын: көчөлөрдө шам чырактар көп коюлуп,  көптөгөн жаңы унаалар, заманбап соода борборлору, турактар-жай жана жаңы салынган жолдор, ошондой эле эл аралык авиа трафика агымдарынын кеңейгенин баамдадым. Бүт баардык ушул өзгөрүүлөрдү мен жеке өзүм Хельсинки-Бишкек маршруту менен кайра-кайра 60тан ашык жолу каттап, саякаттонун негизинде сездим. Ошол себептен ары бери сейилдеп жүргөн адамдардай эле шаардын  көчөлөрүндө көп убактымды өткөрдүм, менин байкоом көрсөткөндөй экологиялык мониторинг жана башкаруу планында дагы да өтө көп нерселерди жасоо керек. Мисалы, абанын сапатын жакшыртуу — бул жашоодогу эң зарыл турмуштун маанилүү бәлүгү болуп саналат.

Мына азыр Кыргызстанда жаратылышты коргоо тармагынын 30 жылдын жүзү болуп турат. Бул өзү эле тарых. Айта кетсем, Кыргызстан менен Финляндия мамлекеттер арасында суу объектилеринин мониторинги боюнча экология алкагындагы кызматташтык чегинде кабыл алынууга өзгөчө күч, чын жүрөгүмдөн бул тармактын өнүп өсүүсүн жана көптөгөн жетишкендиктерди дагы да болсо, алдыдагы 30 жылга калаар элем.

Вам может также понравиться...