Республикалык сынак «Таптаза»

«БИОМ» экологиялык кыймылы ЮНИСЕФ колдоосу менен Кыргыз Республикасынын  билим берүү мекемелеринин арасында «Таптаза» сынагын жарыялайт.

Маселенин актуалдуулугу:

Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы көпчүлүк мекемелерде коопсуз сууга жана санитариянын адекваттуу шарттарына жетүүгө байланыштуу кыйынчылыктар бар. Мекемелердеги начар санитардык-гигиеналык шарттар балдардын инфекциялык ооруларга, мисалы, диареяга, мите ооруларына, А гепатитине чалдыгуусун жогорулатат.

Бул сынак түзүлгөн жагдайды жакшыртуу жана бул багыттагы орчундуу маселелерди чечүү максатында уюштурулуп, өлкөнүн билим берүү мекемелеринде гигиена, коопсуз суу жана санитариянын тийиштүү шарттарын түзүү боюнча маселелерди алдыга сүрөө жаатында мектеп деңгээлинде – мугалимдер, мектеп администрациясы, айрым педагогдор тарабынан жүзөгө ашырылып келген алгылыктуу тажрыйбаларды аныктоого жана сыйлык берүүгө арналган. 

Сынактын максаты: Окуучулар, мугалимдер жана мектептердин администрациялары жүзөгө ашырып жаткан алгылыктуу тажрыйбаларды аныктоо жана аларга сыйлык берүү аркылуу коопсуз сууга, санитариянын адекваттуу шарттарына жетүү жана гигиена көндүмдөрүн калыптандыруу көйгөйлөрүнө мектептин администрацияларынын, мугалимдердин, жаштардын көңүлүн буруу.

 

Сынактын милдеттери:

Мугалимдердин, окуучулардын төмөндөгүдөй багыттар боюнча позитивдүү тажрыйбаларын жана ийгиликтүү демилгелерин табуу, жайылтуу жана колдоо:

  • окуучуларда гигиеналык жүрүм-турумдун туруктуу көндүмдөрүн тарбиялоо;
  • класста жана мектепте санитария, суу менен камсыздоо жана гигиена жаатындагы, каражат аз сарпталган ийгиликтүү инфраструктуралык чечимдерди алдыга сүрөө;
  • санитария, суу менен камсыз кылуу жана гигиена жаатындагы билим берүү демилгелерин алдыга сүрөө.

Сынакка катышууга Кыргызстандын орто мектептеринин мугалимдери, окуучулары жана администрациялары чакырылат.

 

Сынактык иштердин номинациялары.

Ар бир номинацияда айылдык жана шаардык мектептер үчүн өз-өзүнчө байгелүү орундар ыйгарылат.

 

  1. «Билим берүүдөгү мыкты демилге» номинациясы. Бул номинацияга билдирмелер санитария, гигиена жана окуучулардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча сабакты, класстан тышкаркы, сабактан тышкаркы иш-чараларды (класстык сааттар, экскурсиялар ж.б.) сүрөттөө жана көрсөтмө материалдар (сүрөттөр, видео, дубал кагаздар) түрүндө берилсе болот.

Сынакка бул номинация боюнча катышуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

  • мектептин, мугалимдин байланыш маалыматтары
  • сабактын план-конспекти, көрсөтмө материалдардын сүрөтү,
  • демилгени киргизүүнүн натыйжасында окуучулардын жүрүш-турушундагы өзгөрүүлөрдү  баалоо,
  • сабакка/иш-чарага ата-энелердин, окуучулардын жана башка топтордун тартылгандыгын чагылдырган сүрөттөр, видео (Билдирменин формасын караңыз).

 

  1. «Мыкты мектеп долбоору/акциясы» номинациясы. Бул номинацияга билдирмелер мектептеги акцияларды, долбоорлорду, ийримдерди сүрөттөө түрүндө берилсе болот. Мисалга, мектептеги санитардык патрулдардын иши, санитария жумалыгынын алкагындагы иш чаралар жана акциялар, КВН (шайырлар жана тапкычтар клубу).

Сынакка бул номинация боюнча катышуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

  • мектептин, мугалимдин, класстын/окуучунун байланыш маалыматтары;
  • көйгөйдүн сүрөттөлүшү (мүмкүн болушунча сүрөт/видео менен);
  • көйгөйдүн чечилиши, анын наркын көрсөтүү менен;
  • уюштуруу иштерин сүрөттөө;
  • сабакка/иш-чарага ата-энелердин, окуучулардын жана башка топтордун кошулганын чагылдырган сүрөттөр, видео (Билдирменин формасын караңыз).

Бул номинацияда мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да сыйлыктар каралган.  

 

  1. «Мектептеги/класстагы суу менен камсыз кылуу жана санитария көйгөйлөрүнүн мыкты инфраструктуралык жана уюштуруучулук чечими» номинациясы.

Сынакка бул номинация боюнча катышуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

  • мектептин, мугалимдин байланыш маалыматтары;
  • көйгөйдүн сүрөттөлүшү (мүмкүн болушунча сүрөт/видео менен);
  • көйгөйдүн чечилиши, анын наркын көрсөтүү менен (дааратканаларды оңдоо, жуунгучтарды орнотуу, окуучулар үчүн коопсуз ичүүчү суу жеткиликтүү болуусун уюштуруу боюнча мугалимдердин жана/же мектеп администрациясынын демилгелери (мүмкүн болушунча сүрөт/видео менен);
  • уюштуруу иштерин сүрөттөө;
  • сабакка/иш-чарага ата-энелердин, окуучулардын жана башка топтордун тартылгандыгын чагылдырган сүрөттөр, видео (Билдирменин формасын караңыз).

 

  1. «Мектептеги мыкты гигиеналык салттар» номинациясы.

Бул номинацияда мектепте/класста окуучулардын гигиеналык жүрүм-туруму боюнча  салттары (мисалы, эртең менен жалпы кол жуу, жекече стакандарды/кол аарчыларды колдонуу, ичүүчү суу үчүн өзүнчө бөтөлкөлөрдү колдонуу ж.б)  сүрөттөлөт.

  • мектептин, мугалимдин байланыш маалыматтары;
  • салттын сүрөттөлүшү (мүмкүн болушунча сүрөт/видео менен), анын келип чыгышынын тарыхы, салт кандай жол менен жана кимдер тарабынан сакталат, ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын мамилеси (Билдирменин формасын караңыз).

 

Сынакты өткөрүүнүн жол жобосу

 

            Сынак 2015-жылдын 1-апрелинен баштап 1-майга чейин өткөрүлөт.

            Сынакка иштер жогоруда аталган номинациялар боюнча кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Иштер кабыл алуу комиссиясы тарабынан кагаз жана/же электрондук алып жүрүүчүлөрдө 1-май күнү саат 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

720001, Кыргыз Республикасы,  Бишкек ш, Абдымомунов көч. 328, 105-кеңсе, «БИОМ» Экологиялык кыймылы (же БИОМ ЭК аймактык өкүлү аркылуу).

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сынакка документтерди төмөнкү электрондук даректерге да жөнөтүүгө болот: taptaza.kg@gmail.com, idomashov@gmail.com, alphia.nasyrova@gmail.com

            Мектеп сынакка катышуу үчүн билдирмелерди бир нече номинация боюнча берүүгө укуктуу.

Бардык иштер номинацияны көргөзүү менен, форматка ылайык гана кабыл алынат (Билдирменин формасын караңыз). Ишти тариздөөдө кошумча материалдарды (слайддар, таблицалар, графиктер, видео жана сүрөт ресурстары) колдонуу жактырылат, бирок бул учурда бул материалдар тиркеме катары таризделип, толтурулган формада белгилениши керек.

Жиберилген материалдар мугалимге/окуучуга кайра кайтарылып берилиши мүмкүн, бирок  алдын ала сурамдын негизинде  гана.

 

Көңүл буруңуздар! Материалдарды сынак комиссиясына берүү менен, сиздер аларды маалыматтын булагына шилтеме берүү менен www.taptaza.kg сайтына жайгаштырууга комиссиянын укугун тастыктайсыз. Эгер билдирмени берген адам демилгенин/иш чаранын автору болбосо, алардын авторлорун көргөзүү зарыл. Сынак комиссиясы сынак иштеринин негизинде, авторлорго түздөн-түз шилтеме келтирүү менен, маалымат-билим берүүчү материалдардын электрондук жана кагаздагы жоромолдорун жарыялоого укуктуу.

 

Билдирме берүүчү сунуштаган иште төмөндөгүдөй маалымат камтылышы керек

(кошумча маалыматты билдирменин формасынан караңыз):

  • Иштин аталышы
  • Номинация
  • Иштин авторлорунун аты-жөнү
  • Окуу жайынын аталышы жана дареги
  • Жетекчилеринин аты-жөнү
  • Байланыш маалыматтары (билдирме берүүчү адамдын, байланыша турган адамдын дареги жана телефондору)

 

Иштерди баалоонун критерийлери:

Сынакка катышуу үчүн сунушталган иштер төмөнкүдөй критерийлер боюнча бааланат:

  • Мектептеги санитардык-гигиеналык шарттардын жана окуучулардын саламаттыгынын жакшырышы (балдардын саны)
  • мектептеги/класстагы санитария, гигиена жана таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жаатында тажрыйбаны жайылтуу мүмкүнчүлүгү (анын ичинде кайталоого оңой болгон, каражат аз сарпталган)
  • ык-амалдын оригиналдуулугу
  • сунушталган көрсөтмө материалдардын сапаты жана дааналыгы
  • ата-энелерди, айыл өкмөтүн, жергиликтүү администрацияны, таза суу колдонуучулардын айылдык бирикмелерин жана башка кызыкдар топторду тартуу.

 

Сынактык комитеттин курамы (калыстар тобу): Сынактык комитеттин (калыстар тобунун) курамына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көзкарандысыз эксперттер киришет.

 

Сыйлыктар: Ар бир номинациядагы биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар атайын байгелер менен сыйланат. Сынактын бардык финалисттерине дипломдор жана белектер берилет.

Сыйлыктарды мектеп үчүн да, иштин түздөн-түз автору үчүн да берүү каралган.

Байгелүү орун алган ар бир мектеп үчүн www.taptaza.kg сайтында сунушталган суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена каражаттарынын калькуляторуна ылайык, окуучулар үчүн татыктуу санитардык-гигиеналык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл болгон каражаттардын/материалдардын топтому берилет.

 

Сынакты өткөрүү мөөнөтү:

Сынактын башталышы – 2015-жылдын 1-апрели.

Сынакка иш тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2015-жылдын 1-майы.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо Бишкек шаарында 12-20-майда өткөрүлөт.

 

Кошумча маалымат:

Долбоор жана сынактын өткөрүлүшү жөнүндө кошумча маалыматтарды төмөнкү сайттардан тапсаңыздар болот:

www.taptaza.kg – Санитариянын, гигиенанын татыктуу шарттарын алдыга сүрөө жана Кыргызстандын энеге жана балага тиешелүү коомдук мекемелеринде коопсуз ичүүчү сууга жеткиликти камсыздоо;

www.biom.kg – «БИОМ» Экологиялык кыймылы

 

Байланыш телефондору:

0312 61 45 01, 0707 14 15 00 Домашов Илья, 0701 441 441 Насырова Альфия.

 

 1-тиркеме.

 

«Таптаза» республикалык сынагына катышуу үчүн билдирменин формасы

Дата:

Уюмдун, сынактын катышуучусунун аты __________________________________________________________________

Кайсыл номинацияда катышасыздар:

¨ «Билим берүүдөгү мыкты демилге» номинациясы. 

¨ «Мыкты мектеп долбоору/акциясы» номинациясы.

¨ «Мектептеги/класстагы суу менен камсыз кылуу жана санитария көйгөйлөрүнүн  мыкты инфраструктуралык жана уюштуруучулук чечими» номинациясы.

¨ «Мектептеги мыкты гигиеналык салттар» номинациясы.

 

Сынакка катышуучунун дареги жана байланыш маалыматтары

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

  1. Жаңылык киргизгенге чейин көйгөйдүн абалын сүрөттөө (мүмкүн болушунча сүрөттөрдү жана башка материалдарды тиркеңиздер) (1 барактан ашык эмес)

 

  1. Сиздер сунуштаган жаңылыктын, ык-амалдын же билим берүү ыкмасынын сүрөттөмөсү (мүмкүн болушунча сабактын программасын, конспектин, сүрөт/видео ж.б. материалдарды тиркеңиз) (2 барактан ашык эмес).

 

  1. Сиздер киргизген жаңылыктан кийин, жүзөгө ашырган акциядан же билим берүү иш-чарасын өткөргөндөн кийин кандай өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүңүз (мүмкүн болушунча сүрөт/видео ж.б. материалдарды тиркеңиз) (2 барактан ашык эмес).

 

Вам может также понравиться...