Жашоо – бул суу, Убакыт – бул суу, Түбөлүктүүлүк – бул суу!

Биздин замандын VII кылымында кытай императору Ци кадырман аалымдарга кайрылып: «Император өзү бийлик жүргүзө турган дүйнө жөнүндө эмнени билиши керек?» – деген суроону бергенде, алар: «Сууну билсеӊиз эле жетиштүү болот», – деп жооп беришиптир.
Суу – Жер жүзүндөгү жөнөкөй эле кадыресе зат. Ал биздин жашообуздун ар бир көз ирмемин коштоп жүрөт. Суунун касиеттеринин кайсынысы болбосун уникалдуу. Биздин Жер суу толтурулган жана анда жашоонун бардык түрлөрү жаралган зор идиш сыяктуу. Миллиарддаган жылдардан бери анын бетинин дээрлик ¾кө жакын бөлүгүн суу чулгап жатат. Суу ар бир тирүү жандыктын, анын ичинде адамдын дагы, денинде бар: төрөлгөн кездеги 90%тен улгайган кездеги 50% чейин.
Суу – планетадагы жашоо үчүн мүрөктүн суусу. Адамзат суунун сырын ачууга ар дайым аракет кылып келет. Биздин күндөрдө окумуштуулар дүйнөнүн жаралуу тарыхына жакын болгон, акыл-ойду дүүлүктүргөн: Суунун эстутуму бар! Анын төртүнчү касиетимаалыматтык! – деген корутундуга келишти. Биздин ар бир оюбуз, иш-аракетибиз, сөзүбүз суунун эстутумунда сакталып калат. Суу канчалык маалымат болбосун бардыгын эсепке алып, өзүнө сиӊирип сактап калат. Аны атайын таасирсиз бузууга эч мүмкүн эмес. Дүйнөдөгү ар кандай өзгөрүүлөргө – жөпжөнөкөй бөлүкчөлөрдөн тартып Ааламга чейинки – ал жоопту көз ирмемде берет жана дароо өзгөрүлөт. Ошондуктан эл арасында: «Бир кечкен арыкты эки жолу кечүүгө болбойт – деген накыл бекер айтылбаса керек.

 

Сүйүү жана ыраазычылык – бул эки сөз жана сезим биздин дене-боюбуздагы жана бүткүл жер жүзүндөгү сууну тазартат дагы, таптакыр башкача кылып өзгөртүү жол-жобосун коё берет. Ошондо биз жана биздин укум-тукумдарыбыз ажайып дүйнөдө жашайбыз жана ийгиликтерди жаратабыз, таптаза булактын суусу толтурулган ажайып көркөм идиштердей болуп, өзүбүздүн катышуубуз менен, аны кооздоп жасалгалап турабыз. Ошентип, эгерде бир адам өзүнүн оюнун күчү менен глобалдуу процесстерди жаратууга жөндөмдүү болсо, демек, жүз миӊдеген адамдардын бирдиктүү умтулуусу коомдун өнүгүү кыймылын жакшылыкка карай өзгөртөөрү сөзсүз мүмкүн.

 

Мындай кадамды «Сууга сүйүүнү жана ыраазычылыкты билдирүү күнүндө» ар кайсы өлкөлөрдөгү адамдардын баары бир мезгилде «Мен сени сүйөм!», «Мен сага ыраазымын деген эки сүйлөм аркылуу өзүнүн таза оюн жолдоо менен жасоого болот жана жасаш керек. Бул күндү суунун касиеттерин изилдөөчү белгилүү япон окумуштуусу

Эмото Масару уюштурган. Бул акциянын негизги максаты өлкө жарандарынын аӊ-сезимдерин адамдын жашоосунун, ийгиликтин башкы чен белгиси бакыт болгон жаӊы моделин калыптандырууга жөндөмдүү дарылай турган деӊгээлге жеткириш үчүн сууга ак дилден чыккан таза оюн 5 мүнөттүк жолдоо болуп саналат.

 

Бул акцияга катышуу үчүн ушул жылы 25-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө каалоочулардын баары чакырылат. Кыргызстан – таптаза тоо мөӊгүлөрүнөн, сууларынан жана көлдөрүнөн агып чыккан мөлтүр суунун мекени. Биздин жарандарыбыз ушул кезге чейин сууну түз эле крандан ичишет. Биз бул акцияны ЫсыкКөлдүн түштүк жээгинде өткөрүп келе жатканыбызга быйыл 10 жыл болот. Биздин пикирдештерибиз, кайсы жерде болушпасын, сууну карай: «Мен сени сүйөм!», «Мен сага ыраазымын деген 5 мүнөттүк аруу ойлорун жолдошот. Ар кайсы тилдерде жана ар кандай кыраатта айтыла турган башкы маани мына ушул эки сүйлөмдө камтылган. Ѳзүӊүздүн жүрөгүӊүздө аруу сезимди ойгото турган кубанычтуу, жагымдуу, жароокер сөздөрдү сууга карай угуза же ичиӊизден айтыӊыз. Ушул учурда Сиз кайда болбоӊуз, жаныӊызда суу булагы же көлмө болбосо дагы, бул сөздөрдү багыштап айтыӊыз. Сунушталып жаткан бул ченем аткарууга оӊой жана жеткиликтүү. Бул акциянын катышуучулары эч кандай физикалык жана материалдык чыгымдарга дуушар болбойт.

 

Мындай акция адамдар үчүн дагы, бүткүл планета үчүн дагы реалдуу, жагымдуу натыйжаларды берерине биз ишенебиз!

Рассылка «Климатической Сети Кыргызстана» (КСК)

Вам может также понравиться...