Органикалык аймак уюштуруу

Карта ИКОрганикалык Кыймыл Федерациясы ICCOCooperation фондунун колдоосу алдында Ысык-Көл облусунун 5 айылдык аймагында Органикалык аймак уюштуруу боюнча пилоттук долбоорун баштады.

Эл аралык ICCO Cooperationдонордук уюму Ысык-Көл областынын айылдарында бардык багыттар боюнча социалдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Анын негизинде Ысык-Көл районундагы Темир айыл аймагында, Түп районундагы Арал айыл аймагында, Ак-Суу районундагы Теплоключенко айыл аймагында, Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл аймагында, Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагында органикалык аймактарды түзүү боюнча пилоттук долбоорду баштап, анын аткаруучусу болуп Bio-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы эсептелет.

Органикалык аймак — Ата-бабаларыбыздан калган табигат менен таттуу мамиледе болуу салтын жана өнүккөн цивилизациянын прогрессивдүү жетишкендиктерин айкалыштырып, айылдык коомду туруктуу комплекстүү өнүктүрүү боюнча кыргыз модели. Бул — тийиштүү аймакта синтетикалык минералдык жер семирткичтерди, уу химикаттарды, генетикалык жактан өзгөртүлгөн (ГМО) заттарды, өсүүнү күчөтүүчү стимуляторлорду айыл чарба иштеринде колдонбостон, органикалык ыкма менен азыктарды өндүрүү боюнча иш алып барып жаткан фермерлердин демилгеси алдында түзүлгөн бирдиктүү аймак болуп эсептелет.

Азыркы мезгилде Талас жана Нарын областтарында 9 айылды камтыган 4 органикалык аймак түзүлүп, 6867 га жери, 108000 га жайыт аянты менен 9081 фермерди бириктирип турат.

Асан Алымкулов
Program Development Manager
«Bio-KG»

Вам может также понравиться...