Экотуризмди онуктуруу кечиктирилгис иш
Кыргызстан откон кылымдын жарымына чейин дуйнодо илбирс коп мекендеген олко катары таанымал болуп келген. Жырткычтын коптугуно таянып биз анны коптогон олколорго зоопарктарга экспорт кылчубуз. Олкодо илбирс кармаган дасыккан анчылар бар эле, андан сырткары каалаган чабан тируулой кармап, зоопарктарга откоруп сыйлык алуучу. Откон кылымдын 80-жылдарында башталган бийик тоолорду оздоштуруу, олкодо малдын санын, аны менен бирге бийик тоолуу аймактардын калкынын кескин кобойушуно алып келген. Бийик тоолордо ашуулар, жолдор, жуздогон уйлор жана кашарлар салынган. Геологиялык жана чумага каршы экспедициялар, чек арачылар, жол салуучулар жана башка аракеттердин артында тоолуу экосистемалар болгон антропологиялык басым чектен ашып кеткен. Жаратылыштын тен салмактуулук бузулуп, уй жаныбарлардын биомассасы жапайы жаныбарлардыкынан коптук кыла баштаган. Анын натыйжасында эн аяр болгон экосистемалар озунун функциясын толук аткара албай, озунун жаратылыш бирдиктерин жогото баштаган.
Ч.Дыйканова, «Башат» ОЭУнун директору А.Кудайбергенова, «Ысыккол башаты» ассоцияциясынын жетекчиси.





