«Датка» 500 киловольт көмөк чордону ушул жылдын аягында ишке киришет
Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан «Датка» 500 киловольт көмөк чордону ушул жылдын 22-декабрында Кыргызстандын түштүк облустарына электр жарыгын берет. Бул туурасында КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев журналисттерге берген маегинде билдирди.
Кыргыз өкмөт башчысы «Датка» көмөк чордоунун курулушу менен таанышып чыгып, тез ылдамдык менен иштеп жаткан Кытайлык “TBEA” компаниясынын кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Адистердин айтымында, 2006-2007-жылдары АКШ өкмөтүнүн грантынын эсебинен “T&D Engineers and Consultants,Inc” (АКШ) фирмасы менен «Кыргызстандын түштүгүнүн электр камсыздоосун жакшыртуу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) даярдалган. (далее…)





