Бакай-Ата районундагы «Кызалак» дыйкан чарбасы уяң жүндүү койлорду көбөйтүп жатышат
Тоолуу региондордо малдын башы өтө көбөйө баштады. Талас облусунда да бодо малдын, майда жандыктардын саны көбөйдү. Азыркы учурда облуста 66 миң 291 ири мүйүздүү мал, анын ичинен 33 миң 351 уй, 498 миң 606 кой-эчкилер, 23 миң 258 жылкылар бар. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева пресс-тур менен барган журналисттерге билдирди.
«Мындан 4-5 жыл мурун эл малдын санын көбөйтүүгө көңүл бурса, азыр асылдуулугуна карап иш алып барышууда. Азыр малды асылдандыруу боюнча түйүндөр ачылган. Мындай түйүндү ачып, өз ишин жакшы жолго койгон Талас районундагы Кара-Суу айылында Урмат деген жигитти атоого болот. Фермерлердин баары малдарын ошол жерге алып барып жатышат», — дейт К.Курманалева. (далее…)





