Кан-Ачуу тоо кыркаларына “Илбирс” долбоорунун алкагында бир нече фото капкан орнотулду
Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун мергерчилери аңчылык кылган, малчылары жайында жайлоого чыккан Кан-Ачуу тоо кыркаларына “Илбирс” долбоорунун алкагында бир нече фото капкан орнотулду. Бул тууралуу экологиялык — техникалык инспекциянын штаттан тышкаркы кызматкери Ашим Чатаев маалымат жыйында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, бул фото капкан мергенчилер өтө турган жерлерге, жаныбарлар жашаган жерлерге орнотулду. Фото капкандын заряды 2 айга жетет. Бул аралык ичине бардык ал жерден ким, эмне өтпөсүн, кыймылдын баарын сүрөткө алат. Кечинде да кандай кыймыл болбосун, баары сүрөткө тартылат. Бул кичинекей гана ширекедей болгон алыстан көзгө көрүнбөгөн буюм. Бир айдан кийин аны барып, фото капканды көрүп келишет. Ушундай фото капкандарды Кыргызстанда көбөйтүү керек,- дейт А.Чатаев. Муну менен браконьерлерге каршы күрөшүп, ал жерде учурда кандай жаныбарлар жашап жаткандыгын билүүгө болот. (далее…)







