Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этет?
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча отчету: «Акыркы 170 жылдан бери ар бир жыл мурдагыга караганда жылуурак болууда. Климат бардык аймактарда өзгөрүп жатат. Глобалдык жылуулуктун негизги себеби – бул адамдардын иш-аракети. Ошондой эле акыркы беш жыл метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык жылдардан болгондугу, ал эми дүйнөлүк океандын деңгээли XX кылымдын башындагыга караганда үч эсе тез көтөрүлүп жаткандыгы тастыкталган». Климаттын өзгөрүшү деген эмне, ал канчалык кооптуу жана аны чечүүнүн жолдору барбы? Бул тууралуу «Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоорунун жана «Биом» экологиялык кыймылынын эксперттери Анна Кириленко менен Зоя Кретова айтып беришти. (далее…)