Жалал-Абад жана Талас облустарында тоо-кен тармагындагы иштеп жаткан ишканалардын экономикага кошкон салымы

Жалал-Абад облусунда 2012-жылы тоо-кен өндүрүү тармагындагы ири өнөр-жай ишканаларынан Тогуз-Тородогу “Макмалалтын” комбинаты — 906 млн. сомдук продукция өндүрүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,1 пайызга, “Терек-Сай” кен иштетүү филиалында — 568 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 132 пайызга аткарылган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш секторунун башчысы Мирбек Тотонов билдирди.

«Облусттук, республикалык деңгээлде жүргүзүлгөн бир топ иш аракеттердин натыйжасында алтын казган ишканалардын көрсөткүчү жакшыра баштады. Мисалы, Ала-Бука районундагы өткөн жылы жаңы ишке киргизилген “Фулд Голд Майнинг” ЖЧКсы — 676,3 млн. сомдук, “Долина Кассана” ЖЧКсы — 28,7 млн. сомдук, “Эвентус” ЖЧК — 111,5 млн. сомдук, Чаткалдагы “Вертекс” ЖЧКсы — 1 млрд. 86,0 млн. сомдук, “Фонта” ЖЧК — 148,5 млн. сомдук продукция өндүрүшүп, бул тармактагы жалпы өндүрүш көрсөткүчү 230 пайызга жогорулаган», — дейт М.Тотонов. 

 

Сектор башчынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын үч айында эле облуста 94 кг алтын өндүрүлгөн. Тоо-кен өндүрүү  тармагындагы ири өнөр жай ишканаларынан 3 айдын жыйынтыгы менен «Макмалалтын» комбинатында 229,1 млн.сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 90,3 пайызга аткарылган. Ал эми «Терек-Сай» кен иштетүү филиалында  продукция өндүрүлүп, сатууга даярдоо иштери жүрүп жаткандыктан, көлөм апрель айынан баштап  статистикалык  маалыматка кире баштайт.

 

Чаткалдагы «Vertex» ишканасынын жергиликтүү калкка берген жардамдары

 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан ишканасы казып алган руднигин  Талас облусунун Кара-Буура району аркылуу алып өтүп, Таластагы Маймак станциясына жеткиришет. Жүктү ташуу боюнча аталган ишкананын директорунун орун басары Бектур Мамбеткуловдун берген маалыматына караганда, ал жерде майдалап туруп (драбилка) кылгандан кийин, аны вагондорго салып, Казакстандын Балкашына алып кетишет. Балкаштагы офинажный заводдо рудникти цианид менен кайра иштетип, алтынын бөлүп алышат. Андан кийин кайра Бишкекке алып келишип, анан ушул жерден алтынды сатышат.

 

«Мен 2010-жылдын декабрь айынан баштап ташууну баштадым. Бизди ушул жылдын башынан бери КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору О.Артыкбаев тоскоолдук кылып жатат. Ага чейин да текшерүүлөр болуп келген. Бардык эле жерди финполиция, прокуратура укук коргоо органдары текшерип бүтүштү. Акырында кылмыш курамы жок болгондуктан улам, кылмыш ишин ачуудан баш тартышты», — дейт Б.Мамбеткулов.

 

Анын айтымында, «Vertex» компаниясы социалдык жарадам берүү программасы боюнча Чаткалдын бардык мектептерин компьютер менен камсыз кылып жатышат. Азыр 5 мектеби компьютер менен камсыздалып бүттү. Чаткалды өнүктүрүү фондуна бир жылга 11 млн. сом жардам берилди. Ал эми Кара-Буура районуна 18 млн. сом берилген. Анын ичинен 4 млн. сому жолдордун жамоо иштерин жасоого бөлүнгөн. Ар бир айылда атайын комиссия бар. Алар бөлүнгөн акчанын кайда жумшалып жаткандыгын көзөмөлдөп, айылдын электр жарыгын, жолдорун оңдошот. Муктаж болгон адамдарга, майыптарга, жаштардын спорттук оюндарына акчалай жардам берилип турат. «Vertex» компаниясы 2010-жылдан бери социалдык жардам берүү программасы боюнча 3 млн. доллар каражат бөлгөн.

 

«Биз негизинен социалдык проблемалар менен иштеп жатабыз. Ар бир айылдын өздөрүнүн проблемалары бар. Электр жарыгы, суу менен камсыз кылуу, бала бакчаларга, мектептерге жардам берип, көчөлөргө шагыл төшөп беришүүдө. Кара-Буура районундагы 23 айылдын баарына жардам берилүүдө. Ар бир айыл менен меморандум түзүп, кээ бир айылдар 1 миллиондон, кээ бирлери 437 миң сомдон жылына алышат», — деди Б.Мамбеткулов.

 

Жергиликтүү эл менен сүйлөшүүгө Чаткал жана Кара-Буура райондорунун мамлекеттик администрацялары жардам берип жатат. «Революциядан кийин элдин жаны кайнап турган. Азыр инвесторлор келип, социалдык маселелерди чечүүгө жардам берип жаткандыгын эл көрүп турат.  Маалыматтар берилип турат. Компанияда 300гө жакын адам иштейт. Айлыктары орточосу 15 миңден, жакшы адистер 25 миң сомдон ашык алышат. «Казакмыс» компаниясынын баласы «Vertex» фирмасы болот», — дейт ишкананын директорунун орун басары.

 

Таластыктар эмне үчүн Жерүйдүн иштешине каршы чыгышууда?

өнүктүрүү саясат институтунун «Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү» долбоорунун алкагында Эл аралык жеке ишкердик борборунун каржылоосу менен республиканын 6 облусунан жана Бишкек шаарынан 15 журналист 17-19-апрелде Талас облусунда жайгашкан 10дон ашык обьектини кыдырып чыгышкан. Аталган пресс-турда КР өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева журналисттер менен пресс-конференция өткөрүп, тоо-кендерди иштетүүдөгү проблемаларга төмөндөгүчө токтолгон:

 

— Тоо-кендерди иштетүүдөгү проблема бир эле Талас облусундагы маселе болуп жаткан жок. Бул жалпы республика боюнча болуп жаткан чоң маселе болуп жатат.  Кумтөр боюнча проблемалар чыккандан бери, бизде да көйгөйлүү маселер чыгып калды. Жерүйдүн мисалында эле айта берейин. Анткени Жерүйдү иштетсек экологиялык жактан таза болобу, элге зыян келтирбейби? — деген маселени коюп жатышат. Канча жылдан бери иштеп жаткан Кумтор боюнча чоң маселе чыгып жаткандыктан улам элде ушундай  ой пайда болууда. Мындан 1,5 ай мурда Кумтор боюнча С.Жапаровдун атайын китеби жана дисктери элге таркатылгандан кийин, элде көптөгөн кооптондурууну жаратты. Таластагы кендерди иштетүүгө элдер өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирип, 50 жылга чейин мараторий жарыялоо маселесин көтөрүшүүдө. Биз элге түшүндүрүү иштерин жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен биргеликте жүргүзүп жатабыз. Бир ойго келгенден кийин, Талас облусунун эли өзүбүздүн ойду айтып чыгабыз,- деди К.Курманалиева.

 

Ал эми «Азаттык» үналгысынын маалыматына караганда, “Талас эл ынтымагы” кыймылы 22-апрелде Талас шаардык стадионунда Жерүй жана башка алтын кендерди иштетүүгө 50 жыл мораторий киргизүү талабы менен митинг уюштурушкан. Нааразылык акциясын уюштуруучулардын бири, “Талас эл ынтымагы” уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов: “Ушундай кыйын кезеңде кереги жок бир эле убакта 12 жерде алтын кенди иштетүүнүн. Кумтөрдү жыргатып бүтүшүп эми Талас калдыбы? Таласта кен чыккан жерлерде 50 жылдык мораторий жарыялансын”, — деген талабын айткан.

КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева да митингде сөз сүйлөп, ал Жерүй кени эл үчүн кызмат кылышы керектигин баса белгилеген. “Биздин максат деле Жерүйдү мыйзам чегинде иштетүү. Эгерде элдин ден соолугуна, жаратылышка зыян боло турган болсо, аны ачууга эч кимдин акысы жок. Эгерде, мыйзам чегинде иштеп, элибизге, ден соолугубузга, экономикага зыян келбесе, кен эл үчүн кызмат кылышы керек”, — деп К.Курманалиева айткандыгын “Азаттык” үналгысы маалымдады.

Ала-Бука районундагы Бозумчакта жайгашкан “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын ишине жергиликтүү калк нааразылыгын билидиришти

 

Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын тургундары 31-марттан тарта жолду оңдоо, ири унаалар үчүн өзүнчө жол салуу, экология маселесин чечүү, иш менен камсыз кылуу талабы менен Бозымчак алтын кенин  казып жаткан “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы кен казган ишканага кетчү жолду тосуп алган.
Көк-Серек айылынын тургундары өткөн жылы Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору А.Турсунбаев менен жолугушкан кезде да бул талаптарын “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын жетекчилерине айтышкан эле. Оор жүк ташыган автоунаалардын эл жашаган жолдон өтүүсү менен жолдор чаңып, ал жол боюнда жашаган тургундардын тынчтыгын алып жаткандыгын да эскертишип, кен казган компания башка жактан жол салып алуусун талап кылышкан. Андан бери бир жыл убакыт өткөнү менен жылыштар болбой жатканынан улам жергиликтүү тургундардын нааразылыгы кайрадан жанданган.

Ала-Бука районунун мурдагы акими Атантай Рыскуловдун айтымында, маселенин тамыры терең болгондуктан, жергиликтүү эл нааразычылык акциясына  чыгышкан. “Эл биринчи жолу чыккан жок. Мындай нааразычылыктар буга чейин эле болуп келген. Компаниянын бүтүргөн иштери убактылуу болуп жатат. Былтыр эле жолго асфальт төшөлгөн. Быйыл четинен кетип, бузула баштады. Анткени ал жол 40 тонналык машиналарды көтөрө албайт”, — дейт А.Рыскулов. Анын айтымында, “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы фабрика куруу үчүн кытайлык компанияны жалдаган. Ал компания болсо курулуш ишине жүзгө жакын кытай жарандарын алып келген. Жергиликтүү тургундар өздөрү ишсиз жүрсө, кытайлыктар келип иштеп жатканына нааразы болушкан.

Ал эми “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын маалымат катчысы Тимур Шаршеналиевдин “Азаттык” үналгысына берген маалыматына караганда,  жогорудагы жергиликтүү эл нааразы болуп жаткан кытайлык “МСС” компаниясы Бозумчакта фабрика куруп жатат. “Биз аларга заказ бердик, ошону аткарып жатышат. Калган ички ишине кийлигише албайбыз. Кимди жумушка алат, кимди кетирет өздөрү чечет. Ал жердеги кытайлар деле убактылуу иштеп жатат. Иши бүтсө, бир жылдан кийин кетет. Курган фабрикасы жергиликтүү элге калат, кеминде 800 кишилик жумуш оруну түзүлөт. Бизге деле билимдүү адистер керек. Социалдык программага ылайык, 3-4 жылдан бери Көк-Таш жана Көк-Серек айылынын жаштарын Тоо-кен металлургиялык институтта окутуп жатабыз”, — деп айткан Т.Шаршеналиев.

 

Ошондой эле Т.Шаршеналиев “Азаттык” үналгысына “Казахмыс” компаниясы 2008-2009-жылдары 27 чакырым жолду оңдоп бергенин, былтыр жолду оңдоо, көпүрө куруу иштерине 6 миллион сомдон ашык акча коротконун, экологияны бузбаганга аракет кылышканын айткан. Социалдык обьекттерди да оңдоого каралашкан. Бозумчак кенине 200 миллион доллар коротконун билдирген.

 

Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, аталган компания Кыргызстанда 2008-жылдан тарта иштеп келет, 2013-жылдын декабрынан тарта кен казуу иши башталаары белгиленген.  Компания азыр бир тыйын да пайда көрө элек. Бирок биздин адистердин эсеби боюнча кен жарым жыл мурда иштеши керек болчу. Бозумчакта иштеп жаткан “Казахмыс” компаниясы Казакстандагы ири корпорация болуп саналат. Негизги багыты — жез казып алуу жана аны өндүрүү. Бозумчак алар инвестиция салган биринчи кен. «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясы Ала-Букада 20 жылга чейин иштеп, бир жыл ичинде 7 миң З00 тонна жез, 39 миң унций алтын жана 200 миң унций күмүш өндүрмөк.

«Кен байлыктарды иштетүүдө облустагы фирмалардын саны күн санап өсүүдө. Айрыкча алтын казган ишканалардын саны көбөйүүдө. Бул ишканалардын  ачык иштеши, экологиялык коюлган талаптарды, мыйзамдарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүп жатабыз. Ала-Бука жана Чаткал районундагы алтын казуу, геологиялык чалгындоо жүргүзгөн ишканалардын ишмердигине жергиликтүү калк арасында  бир топ нааразычылыктар катталууда, республикалык тиешелүү адистер тарабынан бир нече ирет экологиялык жана башка талаптарды бузгандыктары аныкталган. Бул маселени жумуш башталаары менен жергиликтүү бийликтер тиешелүү адистер менен катуу көзөмөлгө  алуулары керек», — дейт сектор башчы М.Тотонов.

 

Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад-Бишкек-Талас-Жалал-Абад.

Вам может также понравиться...